Христиандыктын автору ким?
Бүткүл ааламдардын кожоюну, жаратуучусу, табияттын жана тагдырлардын ээси, жер-асмандарга өзүнүн өкүмүн жүргүзүчү кудай жалгыз болушу кажет. Ал эми, жалпы христиандык ишенимде болсо, 381-жылда чакырылган Константинополь соборунун чечими менен алар "Биз жалпысынан ыйман келтиребиз: Кудайыбыз Ыйык Рухка. Ал Атадан келген жан ыроолоочу кудай! Биз ага сыйынабыз жана Ата менен Уулуна кошуп даңктайбыз! Ал ыйык жана Кудайдын элчиси!". "Ыйса туулган бирок, жаратылган эмес" деп, үч кудайга: асмандагы Ата-Кудайга, жердеги Уул-Кудайга жана Ыйык Рухка ыйман келтиришет. Христиандар бул үч кудайга епископтордун жалпы кеңеши - Собордун чечими менен ыйман келтиргенинин себеби, алардын ыйык китептеринин эч бир жеринде үч кудайга сыйынуу жөнүндө буйрук жок. Ошентип, христиандар эң чоң кудай деп асмандагы Атага, андан кийин анын уулу жана теңи деп Исус Христоско (Ыйсага) жана ал экөөнүн арасында элчилик вазыйпасын аткарган Ыйык Рухка ыйман келтиришет. Бирок, абалкы доордогу көпчүлүк яхудийлер жана христиандар Ыйсаны кудай же кудайдын уулу деп эмес, даанышман адам жана пайгамбар деп ишенишкен. Маселен, ошол доордун белгилүү тарыхчысы Иосиф Флавий: "в то время жил Иисус, мудрый человек" деп жазган. 2-кылымда Палестинада жашаган эбиониттер (иудеохристиандар) дагы Ыйсаны кудай деп тааныган эмес. Алар Ыйсаны изгиликке баштоочу пайгамбар деп, ал эми "мен Ыйсанын шакиртимин" деп, жалган айтып, Ыйсанын таалимин элдерге бурмалап жеткирген Павелди (Савл) "шайтандын пайгамбары" дешкен. (И. С. Свенцицкая. "Ранные христианство: страницы истории". Москва. 1989.) Анткени, алардын оюнда өзүн апостол (Ыйсанын шакирти) деп жарыялаган Павел филиппиялыктарга жазган катында "Ал кудай кейпинде болсо да, кудайга тең болууну олжо деп эсептеген эмес. Бирок, кул кейпин кийип, түрүн адамга окшотуп, өзүн-өзү кордогон" деп жазып, Ыйсаны "адам түспөлүндөгү кудай", "кудайдын теңи" деп атап, Кудай менен Ыйсага доомат кылган эле. (Инжил. "Филиппиялыктарга кат". 6-7- ырлар)
Апостол Павелдин
Кудайга жана Ыйсага дооматы
Аллах таала Ыйса алейхиссаламга "Аллахтан башка кудай жок, Ыйса - Аллахтын элчиси" деген келмеге негизделген таухид (жеке кудайга сыйынуу) динин берген. Инжилде буга далилдер көп. Бардыгына токтолуп олтурбай, Ыйса пайгамбардын мына бул сөзүнө көңүл буралы. Анда Ыйса Аллах таалага мындай деп кайрылат: "(Адамдар) Сени, жалгыз, чын кудайды жана Сен жиберген Ыйса Христосту таанышсын!" (Иоанндын инжили. 17/3) "Аллахтан башка кудай жок, Ыйса - Аллахтын элчиси" дегени - ушул! Чыныгы христиандыктын маңызы ушундан башка эмес болчу. Бирок...
...Савл (Павел) деген еврей бар эле. Ал Ыйсага ээрчигендерди куугунга алган фарисейлерден (ашынган, фанат еврейлерден) бири болчу. Ошол еврей күндөрдүн биринде капыстан өзүн-өзү апостол жарыялап, Димаскка бара жатканда бир нур көрүнгөнүн жана ага "Эмнеге сен мени куугунга алуудасың?!" дегенин, анан ал коркуп: "сиз кимсиз?" десе, "Мен - кудаймын" деген жооп укканын ар кимге айта баштайт. Бул окуяга анын өзүнөн башка эч ким күбөгө өткөн эмес. Муну ал "мага келген нур башка эч кимге көрүнбөдү" деп түшүндүргөн. Инжил жазгандар дагы бул окуя жөнүндө баяндап, бири: "нурду Савлдан башка эч ким көрбөдү" десе, дагы бирөөсү, "нурду бардыгы көрдү, бирок, ага айтылган сөздү эч ким укпады" деп чаржайыт маалымат беришет. Ошентип, кечээки фарисей Савл, бүгүнкү "апостол" Павел Ыйса алейхиссаламдын шакирттеринин алдына барып, окуяны айтат. Бирок, ага Варнавадан башка бир дагы апостол ишенбейт. Айрыкча апостолдордун башчысы Пётр ага ишеним көргөзбөө зарылдыгын айтат. Анткени, Павел жайылта баштаган "жакшы кабар" алардын окуусунан тап-такыр башкача эле. Ошентип, апостолдордун дээрлик бардыгы Ыйсаны пайгамбар, устаз деп тааныса, Павел аны кудай жана кудайдын уулу деп жарыялаган жана эч нерсеге карабастан элден-эл, жерден-жер кыдырып "жакшы кабар" таратууга баш-оту менен киришкен. Апостолдордун арасындагы ушул жана башка келишпестиктер жөнүндө 2-кылымдагы тарыхчы Целс: "вначале у них было единомыслие, а размножившись, они распадаются тот час и раскалываются: каждый хочет иметь свою собственную фракцию..." деп баяндаган. (И. С. Свенцицкая. "Ранные христианство: страницы истории". Москва. 1989. )
Ушул жерде бир аз чегинүү жасап, ошол мезгилдеги Рим империясынын карамагындагы элдердин диний ишенимдерине байкоо сала кетсек. Биздин эрага (Ыйса пайгамбар туулганга) чейинки 40-30-жылдарда Рим империя даражасына көтөрүлүп, Жер ортолук деңизинин тегерегиндеги дээрлик бардык өлкөлөрдү, атап айтканда Сирия, Египет, Македония жана Кичи Азиядагы бардык өлкөлөрдү өзүнө моюн сундурган эле. Аталган мамлекеттердин элдери негизинен байыркы Египет жана Грек-Рим бутпарастык (көпкудайлык) дининде ибадат кылышчу. Айрыкча байыркы египеттиктердин адам түспөлүндөгү үч кудайы: өлүп кайра тирилген Осирис, анын аялы Изис жана алардын ар кандай кейипке кире ала турган уулу Хорс жөнүндөгү уламыштар шоорат таап, Европалыык адамдарды да өз таасирине алган. Европалык дин таануучу аалымдардын көпчүлүгү христиандыктагы үч кудайга табынуу, кудайдын өлүп, кайра тирилүүсү сыяктуу элементтер дал ушул уламыштын өзгөртүлгөн варианты деп эсептешет.
...Биздин эрага чейинки 48-44-жылдар аралыгындагы Римдин диктатор өкүмдары Гай Юлий Цезар сенаттын кутуму менен өлтүрүлгөндөн кийин анын ордуна Марк Антоний келет. Ал белгилүү Египет канышасы Клеопатрага үйлөнөт жана Египеттин Александриясында жашап калат. Рим менен Египет маданиятынын, диний көз караштарынын өз ара таасири ушул убакта аябай күчөйт. Римдин бардык өлкөлөрүндө ата-кудай Осирис, эне-кудай Изис жана уул-кудай Хорс жөнүндөгү уламыштар айтыла баштайт. Марк Антоний Клеопатранын айла-амалына алдана баштаганда императорлукка талапкер Октавиан (Юлий Цезардын жээни жана бакма баласы) ал экөөнө каршы согуш ачууга сенатты көндүрөт жана согушта жеңип чыгып, бийликти колго алат. Тактыга олтураар замат мурдагы императорлордон айырмаланып диктаторлукту жоюп, Римди республика деп жарыялайт. Сенаттын укуктарын көбөйтөт, бир катар коомдук-саясий реформаларды жүргүзөт. Натыйжада эл арасында анын абройу өсөт. Сенат ага "Август" (ыйык, кудайлык сапаты бар адам) деген наам ыйгарат. Арадан эч канча убакыт өтпөй Октавиандын өзү кантип кудай болуунун жолдорун издей баштайт. Ушул максатта динчилдерди жалдап, оболу өзүн тарбиялаган бакма атасы Гай Юлий Цезарды кудай деп жарыя кылдырат жана ага айкелдерди койдуруп, диний ырым-жырымдардын арасына Цезарга курмандык чалуу жана "илахий Цезардын аты менен!" деген ант ичүү ырасмисин киргизет. Ошентип, ал кудайдын уулуна (сын божий) айланат. Эми, империянын чар тарабына Октавиан Августтун кудай уулу экенин жарыялаган кабарлар тарала баштайт. Анын кудай уулу экени жөнүндөгү кабарларды "жакшы кабарлар" (грекче евангелие) деп аташат. Жакшы кабарлардын биринде анын апасы Атия кыз мезгилинде Аполлон ибадатканасына келгени жана ал жерде түнөп калганы, түн ичинде жылан кейипиндеги кудай Аполлон аны ороп алганы, арадан тогуз ай өтүп бир ымыркай туулганы, ал бала ушул Октавиан Август экени айтылат.
...Эми дагы апостол Павелге кайталы. Ал өзүнүн миссионердик ишинде башка апостолдор сыяктуу диндин негизги талабы - жеке кудайлык ишенимин сактабайт. Тескерисинче, байыркы Грек-Рим философиясындагы пикирлерди жана элдердин арасындагы уламыштарды өздөштүрүп жана бир аз өзгөртүп христиан дининин догмаларына кошуп жиберет. Дин таануу багытындагы европалык окумуштуулардын аныктаганы боюнча, Матфей инжилиндеги "баргыла, элдерди Ата, Уул жана Ыйык Рухтун аты менен чокундургула" деген сөз, байыркы Грек философу Платондун "бардык ааламга үч кубат бийлик кылат: алар Акыл, Логос (Сөз) жана Рух" деген философиясынын христиандаштырылган варианты экен. Ошондой эле байыркы Египет уламыштарындагы Осирис, Изис жана Хорс жөнүндөгү үч кудайлык ишеними дагы Ата-кудай, Уул-кудай жана Ыйык Рух догмасынын жаралышына таасир берген болушу мүмкүн дешет дин таануучу окумуштуулар. Ал эми, "Периште Марям кызга (Дева Мария) айтты: "сенин үстүңө Ыйык Рух түшөт жана Эң жогоркунун (кудайдын) күчү сени ороп алат. Ошондуктан төрөлө турган Ыйык Бала да Кудайдын уулу деп аталат" (Лука: 1/35) деген христиан догмасынын жаралышына Аполлон кудайы жылан кейипинде Кыз Атияны ороп алып, андан Октавиан туулганы жөнүндөгү уламыштын себеп болгону ачык эле көрүнүп турат. Апостол Павелдин өзү дагы жакшы кабар таратуу мезгилинде көп адамдарды өзүнө ээрчитүү үчүн кайсы коомго барса, ошол коомго кул болгонун жана алардын пикири менен иш кылганын мойнуна алат: "Мен көп адамды утуу үчүн бардыгына кул болдум. Иудейлерди утуп алуу үчүн иудей болдум, мыйзам астындагыларды утуп алуу үчүн мыйзам астында болдум, мыйзамы жоктордун арасында аларды утуп алуу үчүн мыйзамы жок сыяктуу болдум. Алсыздарды утуп алуу үчүн алсыз болдум. Жок дегенде кээ бирөөлөрүн куткарыш үчүн баары үчүн мен бардыгы болдум". (Коринфтиктерге кат: 9/19-22)
Демек, "апостол" Павел адамдарды динге чакырганда аларды мурунку ишенимдеринен жана жасаган амалдарынан баш тартууну шарт кылган эмес. Ошондуктан адамдарга "ким кандай абалда чакырылса ошондой болуп калсын" деген. (Коринфтиктерге кат: 7/20) Мына ушул сөздөрүнөн көрүнүп тургандай, Павелдин максаты Ыйса алып келген жеке кудайлык ишенимин жайылтуу эмес, кандай жол менен болсо да өзүнө ээрчигендерди көбөйтүү болгон. Ал элдердин бутпарастык ишенимдерин жоюунун ордуна тескерисинче анын өзү алардын таасири астында калып, христиан динине өтө көп бутпарастык элементтерин киргизип жиберген. Бул өтө чоң күнөө эле! Аны буга эмне түрттү деген суроо азыркы күнгө чейин дин таануу багытындагы окумуштууларды кыжаалат кылат. Балким ага бутпарас бийлик башчылары тарабынан кысым болгондур...Себеби ал римдиктерге жазган катында өз күнөөсүн жана эрксиздигин мойнуна алып, мындай деген эле: "Мен алсыз адаммын, күнөөгө сатылганмын. Анткени, мен өзүмдүн эмне кылып жатканымды түшүнбөймүн. Себеби мен өзүм каалаганды кылбай жатам, өзүм жаман көргөндү кылып жатам. ...Жакшылык жасайын деген ой менде бар. Бирок, ошону аткарууну таппай жатам..." (Римдиктерге кат: 7/14-18 )
4-кылымдын башында Египеттеги Александрия чиркөөсүнүн баш епископу Арий Александрийский Ыйсанын кудай дагы, уул дагы эмес, Аллах жараткан пенде жана пайгамбар экенин далилдеген окуусу менен бүткүл христиан дүйнөсүн дүңгүрөтүп жиберди. Империянын ар тарабынан аны колдогон аалымдар үн сала баштады. бирок, кеч болуп калган эле. Көп кудайлык идеологиясына сугарылып калган ортодоксаль чиркөө руханийлери менен ата-бабалары бутпарас болгон римдиктер Арийге каршы аёосуз чабуул башташты. Император Константинге Арийдин далилдери жагып калган эле. Ошондуктан ал Арий менен ортодоксальдардын арасын келиштирип коюуга арекет кылды. Бирок, реокционерлердин басымына чыдай албай, 325-жылы Никея шаарында епископтордун соборун (съезд) чакырууга мажбур болду. Бул собордо Ата, Уул, жана Ыйык Рухтун кудайлыгы (троица) көпчүлүк добуш менен кабыл алынды. Мына ошентип, Ыйса алейхиссалам алып алып келген таухид дини жоюлуп, анын ордуна "апостол" Павел ойлоп чыгарган дин Ыйсанын аты менен христиан дини болуп ааламга жайылды.

Ш. Аким