ХАЛИФАТ

Автордон:
Күндөрдүн биринде жогорку даржадагы мамлекеттик кызматчылардын бири ушул саптардын авторун өзінін кабылдамасына чакырып: "Хизбут-Тахрир" жана халифат жөніндө анык маалымат бере турган бир китеп жазбайсыңбы" деген сунушун айткан эле. Чамамда, бул сунуштун айтылышына менин республикалык массалык маалымат каражаттарында жарык көргөн Ислам, агымдар жана тарых жөніндөгі илимий-аналитикалык жана публицистикалык макалаларым себеп болсо керек. Чынында, халифат деген эмне? Анын динге, пайгамбарга кандай байланышы бар? Ислам тарыхындагы орду кандай? Халифат жөніндө Ыйык Кураанда, Мухаммад пайгамбарыбыздын хадистеринде жана ислам тарыхында эмне деп айтылган? Эл арасында ушул сыяктуу бири-бирине карама-каршы пикирлер, суроо-жооптор өтө көп.
Урматтуу окурмандар! Мен сиздердин назарыңыздарга сунуш кылып жаткан ушул эмгегимде Кураанга, Сіннөткө жана таза Ислам тарыхына таянып, жогорудагы суроолорго жооп издедим жана арканды узун таштап, баян-икаямы тээ алыстан - Исламдын алгачкы доорлорунан баштоону кааладым. Эгер сиздер дагы жогорудагы маселелерге кайдыгер болбосоңуз, анда жіргілө, бирге жолго чыгалы…

Киришүү:
Аллахтын элчилерини элчилери
629 - миладий жылы. Башкача айтканда Ыйса пайгамбар туулгандан 629 жыл кийинки заман. Улуу пайгамбар Мухаммед Мекке мушриктеринен динин жана жанын калкалап Мединага көчіп келгенине жети жыл толгон кез. өткөн жети жылда ал Медина шаарында Ислам мамлекетин курууга жана мусулман іммөттін (коомун) калыптандырууга жетишти. Мындан жети жыл гана мурун өздөрінін жеке керт башынын коопсуздугуна кепил боло албаган мусулмандар учурда Хижаз жериндеги эң кічтіі мамлекетке жана ошол тегеректеги тынчтык-бейпилдиктин тирегине айланып калышкан. "Пайгамбар дійнө падышаларына кат жазыптыр" деген кабарды уккан мединалыктар борбордук мечиттин ичи-сыртына батпайт. Мечиттин жанында іч араб тулпарына чөл біркітіндөй келише отурган іч эр азаматка жетиден жетимишке чейинки эркекмин дегендин баары суктануу менен карашат. Аларга - Аллахтын элчиси жазган Илахий кабарды дійнө падышаларына жеткиріі ічін тандап алынган жигиттерге - Аллахтын элчилеринин элчилерине суктанбай болобу!? Башынан аягына чейин ап-апак кийинген, белин эндіі пото - белкур менен сыдыра байлап, кылыч, найза, жаа менен куралданган бул іч азаматтын кап-кара көздөрі ап-апак селденин фонунда өзгөчө укмуш, өзгөчө куунак көрінөт. Оо! Азыр алардын кубанычын, жірөктөрінөн ташкындап кетчідөй сезимдерин сірөттөп беріігө дійнөдөгі эң чечен тил, эң өткір калем дагы алсыздык кылат го! Алардын астындагы тулпарларычы?! Ал жаныбарлар дагы алыс, машакаттуу бирок, өтө сыймыктуу сапарга чыгышаарын сезгендей ойноктоп, бир жерде турбай, тыбырчылап жер чапчышат. Сезсе сезгендир. Арабдар - парасат - кічтіі сезим - деген сөздөн жылкы баласын "парас" деп бекеринен атабагандыр.
Мына. Зарыгып кіткөн учур да келди. Ыйык каттарды колуна кармаган пайгамбардын асырап алган бакма баласы Зейд ибн Хариса мечиттен чыгып, іч азаматка жакындады да: "Аллахтын элчисинин биринчи катын Рум императору Ираклийге - баатыр чабандес Дихйа ибн ал-Калби жеткирет. Экинчи катты Персия падышасы Хосров Парвизге - жеткиріі милдети Абдуллах Ибн Хузаафа ас-Сахмиге жіктөлөт. Ічінчі кат Мисир падышасы Мукаукиске жиберилет! Ал катты эр жірөк Хатиб Ибн Абу Балтаьа алып барат!" деп жарыя салды да, аларга агыш-саргымтыл тістөгі ашталган териге жазылган, тібінө улук пайгамбардын кіміш мөөрі урулган жана оролуп, ортосунан байланган іч катты тапшырды. Миңдеген адамдардын бир добуштан "Аллаху Акбар"! деп такбир айтып, кыйкырганынан улам, Медина асманы жарылып кетчідөй зырылдап турду.
Аллахтын элчиси башка элчилерди да тегеректеги падышаларга жиберген. элчилердин эң алгачкысы Хабаша (азыркы Эфиопия) падышасы Нажаашиге жиберилген. Нажааши христиан динин тутунган, ынсаптуу киши эле. Ал пайгамбардын элчиси алып барган катты окуп, Ислам динин кабыл алган. Андан соң Аллахтын элчиси, Оман мамлекетинин ага-ини падышалары Жайфар менен Абдыга Амр ибн ал-Асты, Ямаама падышасы Хуаза ибн Алиге Сулейт ибн Амр ал-Аамирини, Рум империясынын Сириядагы акими Харис ибн Абу Шимр ал-Гассаниге Шужаа ибн ал-Асадини, Йемен падышасы Харис ал-Химяриге Мухажир ибн Абу Умайа деген сахабаны, ал эми Бахрейн падышасы Ибн Саавиге Алаа ибн Хазрами дегендерди элчи кылып жиберген. Аталган падышалардан Омандын, Бахрейндин, Йемендин падышалары гана Ислам динин кабыл алышты жана өз элине падыша бойдон калып, мамлекетине Ислам мыйзамдарын киргизишти. Ямааманын кожоюну элчилерди жакшы кабыл алып, Исламга кызыгуусун билдиргени менен ишенимин алмаштыруу үчүн дагы бир аз ойлонуп көріісі керектигин кабарлады. Ал эми Рум императорунун Сириядагы акими: "Мен Мухаммадга барып, сазайын колуна карматам!" деп оолугуп калганда анын Румдагы кожоюну Ираклий "жөн кой" деп тыйып койду.
Эми кайрадан жанагы өзібіздін іч каарманыбызга кайталы. Алар Мединадан чыгып, бирөөсі Мисир тарапка, ал эми берки экөөсі Иран жана Константинопольго баруу ічін чыгыш тарапка жол тартышты. Дихя ибн аль-Калбиге берилген улук наама (кат) Бусра акими аркылуу Рум императоруна жетип барды. Каттагы: "Ырайымдуу, Боорукер Аллахтын ысымы менен! Аллахтын элчиси Мухаммаддан Рум улугу Ираклийге! Туура жолго ээрчиген адамдарга салам! Андан соң: Мен сени Исламга даават кыламын! Исламга кир! Ошондо сен аман -эсен болосуң жана Аллах Таала сообуңду эки ирет берет.Эгер жізіңді тетири бурсаң, бардык грек букараларынын кінөөсі сенин мойнуңа жіктөлөт! "Эй, китеп (инжил) ээлери! Биз менен силердин арабыздагы окшош сөзгө келгиле Ал сөз: "Аллахтан башкага ибадат кылбайбыз, Ага эч нерсени шерик кылбайбыз! Аллахты таштап, бири-бирибизди Робби-кудай кылып албайбыз"! Император Ираклий бул катты окуган соң кызыгуусу артып, Меккеден Сирияга соода кылып барган адамдардан Мухаммад жөніндө сураштырып, анын чыныгы пайгамбар экенине ишенет. Ойондорун сарайга чогултуп: "Эй, Румдуктар! Эгер туура жол таап, көп мезгилге чейин бийлигиңер өз колуңарда калышын кааласаңар, Мухаммадга ээрчишиңер керек", дейт. Ойондор императордон иренжип, "кайдагы бир бедуинге баш ийгенин кара" дешип, туш-тушка тыркырап кача баштаганда, бийлигинен ажырап калуудан чочулаган Ираклий: "Токтогула! Мен силерди сынамакка айткан болчумун" деп өзүнүн бутпарастык дининде калды. Бирок, Аллахтын элчисине урмат-сый көргөзіігө буйрук берди. Ал эми Иран императоруна жиберген Абдуллах Ибн Хузафа легендарлуу Ардашер негиздеген Сасанид династиясынын акыркы муундарынын бири Хосров II Парвиздин сарайына кирип барганда, Хосров канткенде Рум империясынан Сирияны кайрып алып, андан ары эч кайсы кылымда, эч кайсы элге көз каранды болбогон арабдардын Хижаз жерин колго алуу мімкіндігін ойондору (сарай адамдары) менен талкуулап олтурган. Атагы ааламга кеткен Ірістөм Дастан баш болгон аскер башчылар анын сөздөрін баш ийген бойдон угушууда. Хосров: "Атам Хурмузд чоң атам Феруздан калган чоң империяны мага мураска калтырды. О, Феруз! Жараткан Яздандын жардамы менен нечен-нечен пайдубалы бекем падышалыктарды Сасанид астанасына чөгөлөткөн! Ал арабдарды өзінө кул кылып, от кудайынын бийлигин Йемен, Иерусалимге чейин орнотту. Бирок ічінчі бабам Хурмузд II, өзінін уулу Феруз сыяктуу баатыр болбоптур. Боорукер болуптур. Угуп ал, аскер башчыларым, Ірістөм, Хурмузан - эч качан боорукер болбогула!" деп кіпілдөді да, терезеге басып келип, алаканга салгандай көрініп турган Мадаин шаарынын кооз сарайларына, бактарына үңүлүп карады. Анан сөзін улап: "Мадаин! Мен бул шаарды дійнөдөгі эң сонун борбор кылуу ічін дійнөнін көп мамлекеттеринин байлыгын, салыктарын каржыладым, миңдеген кулдарды иштеттим. Эми буга Румдар көз кызартышууда. Ірістөм, Хурмузан, аскерлерди жакшы машыктыргыла! Мен Румдан өч алышым керек!" деди. Ушул тапта эшик агасы жөрмөлөп келип, Аравиядан элчи келгенин кабарлады. "Кайсы арабдардан? Иеменденби? Йемен маселесин жакында эле карап, Базандын колуна бийликти карматып келбедим беле?" Анда эшикчи: "Шаханшахым! Элчи Хижаздан келиптир! Жаңы чыккан Пайгамбар Мухаммадан кат алып келдим" дейт" деди.
- О! Мухаммаддан бекен? Менден кечирим, жансоога сураса керек да! Анткени, биз Иерусалимде Румдардан жеңилип калганыбызда "Эмнеси болсо да Румдар кудайга ишенет, Персиялыктар отко сыйынат" деп сійінгөн имиш. Эми элчи жибериптирби? Айт, кирсин элчиси!
Эшик ачылып, кайраттуу, денеси чөл шамалында карарган бедуин: Абдуллах ибн Хузафа кирип келди дагы, Хосровдун кашына келип саламдашуу белгисин кылды жана колундагы оромду ачып, улук пайгамбардын катын шатырата окуп, перс тилине которуп берди. Абдуллахтын өзін эркин кармашынан кыжыры кайнап турган Хосров каттын өзі кіткөндөн такыр башка мазмунда жазылганына, Мухаммад анын бийлигине кулдук уруунун ордуна, кайра өзін кандайдыр "Аллах" деген кудайга баш ийип, мусулман болууга чакырып жатканына жини кайнап чыкты. Айрыкча каттагы "мусулман болсоң жаның аманда.Эгер баш тартсаң бардык мажустардын (отко сыйынуучулардын) кінөөсі сага жіктөлөт" деген жерине келгенде чыдабай кетти. Ордунан атырылып туруп, Ибн Хузафанын колунан катты жулуп алып, тытып жиберди. Кийинчерээк пайгамбарыбызга бул кабар жеткенде, ал: "Аллах Хосровдун бийлигин талкаласын!" деп дуба кылган эле. Бул дуба кабыл болуп, арадан көп убакыт өтпөй, Аллах Таала Хосровдун бийлигин Ислам аскер башчысы Саад ибн Абу Ваккастын колу менен талкалады. Хосровду болсо, өзүнүн канынан жаралган уулу Шероя өлтіртіп салды жана Персия тактысына каадалана олтарап калды.
Дійнөнін бардык мамлекеттерине жайылган Ислам жөніндөгі алгачкы кабарларды Аллахтын элчисинин элчилери мына ушундай жеткиришти. Азыркы кіндө жер жізіндө Ислам пайгамбары Мухаммад саллаллоху алайхи ва саллам жөніндө укпаган адам чанда гана болсо керек. Баяныбыздын кириш бөлігі улук пайгамбарыбыздын дійнө падышаларына жазган каттарына арналды. Эмки баяныбызда азыркы окуялардан 54 жыл артка кайтып, улук пайгамбардын туулган күндөрүнөн баштайбыз.

Шамсуддин Абдыкалык уулу
Уландысы кийинки санда