Улуу инсандар Улуу Ислам жөнүндө...
Швед падышасы Густав:
"Исламдын негизи эң жөнөкөй. Бул - "Сыйынууга татыктуу Аллаhтан башка кудай жок, жана Мухаммад Анын элчиси" - деген эле формула. Бул чындык ага (Мухаммадга) түшүрүлгөн. Ал жана Ислам дини эрчүүгө арзыйт"

Лорд Давенпорт:
"Исламдын өтө тез жайылышынын бирден бир себеби, анын адеп-ахлак нормаларга өтө талапчандыгы. Мусулмандар башка диндегилерге зулум кылбайт. Алардын христиандарга жасаган мамилеси папалардын жана королдордун динчилдерге мамилесине салыштырмалуу теңдешсиз абзел. Мисалы: 1592-жылы 24 августта корол Карл 9-нун жана королева Екатеринанын буйругу менен Париж жана анын тегерегинде алтымыш миң христиан протестанттар өлтүрүлгөн. Бул "динчилдердин" өз диндештерине жасаган мамилесине караганда, мусулмандардын мусулман эместерге кылган мамилеси наристедей тунук. Ислам шектүү окуялар менен бузулган диндерден өзүнүн тазалыгы менен айырмаланып, көтөрүлүп турат жана акылдын, улуу бир күчтүн символу болуп калат. Ислам кан төгүүнүн ордуна тынчтык жана боорукерлик менен иш тутуп, ар кандай элдерде позитив ойду калтырды жана ушул себептен эч кандай зордуксуз дүйнөгө кең тарады. Илимге болгон умтулууда мусулмандарга тең келген улут же эл жок деп айтууга мүмкүн. Пайгамбардын көп хадистери илимдин жайылуу үлгүсүн жана ага болгон урматты пайда кылат. Ислам материалдык баалуулуктарга караганда илимге көп көңүл бөлөт.

Жорж Бернард Шоу:
"Эгер Мухаммедке азыркы дүйнөнү башкаруу насип болгондо, ал андагы түйшүктөрдүн баарын чечкенге үлгүрмөк да, ал чечимдер өз учурунда бул дүйнөгө жаккан тынчтык-бейпилдик жана бакыт алып келмек."

Отто Фон Бисмарк:
"Оо Мухаммад! Мен сенин замандашың болуп калбаганыма өкүнөм. Адамзат сенин улуу тарбияңды бир гана жолу көрдү, эми эч качан көрө албайт. Мен сен менен сыймыктанам!"

Л.Н.Толстой:
"Бул нерсени айтуу мен үчүн - б.а Мухаммедчиликти (Исламды) христиандык идеалдардан жана христиан окуусунан бийик койгон адам үчүн - таң калычтуу эмес. Жана Мухаммедчилик өзүнүн формасы боюнча православ чиркөөсүнө караганда теңдешсиз бийик орунда экенинде менде шек жок. Ошондуктан, адамга эки гана тандоо калат: православ чиркөөсү таңуулаган канондорду тутунуу же Мухаммедчилик (Исламды тутунуу). Бирок, ар кандай акылдуу адам бир гана негизди - Жалгыз Кудайга жана Анын пайгамбарына ыйманды - эске алып, татаал жана түшүнүксүз ишенимдерге (троица, искупление, таинство, святые и их изображения) караганда Мухаммедчиликти ыраа көрөт жана аны тандап алат. Эгер Сиз мен менен бир ишенимде болсоңуз, мен өтө кубанычта болмокмун. Сиз менин жашоомду бир аз болсо да түшүнмөксүз. Жашоонун негизги ийгиликтери болгон байлык, бийлик, атак-даңк - булар менде жок. Досторум, туугандарым менден жүз бурушууда. Либерал, эстеттер болсо мени кем акыл дешет. Башкалар: революционерлер, радикалдар мени мистик, тантык дешет. Ал эми бийлик мени зыянкеч революционер десе, православдар азгырык-шайтан деп айтышат. Чынында бул мага оор. Ушул себептен силерден суранарым, мага жөнөкөй, эч кимге зыяны жок мухаммедчи (мусулман) катары карагыла. Ошондо баары жакшы болот."

Даярдаган: ХАМЗА




Сен мага атыңды айт, мен сага атаңды айтам
Уландысы. Башы өткөн санда
Биз өткөн макалабызда президентидбиз Курманбек Бакиев, спикер айтибай Тагаев жана ал мезгилдеги администрация жетекчиси Данияр Үсеновдордун ысымдарынын чечмелениши жөнүндө азыноолак кеп кылган элек. Бүгүн болсо төмөндөгү мырзалардын ысымдарына турнабай салып көрөлү:
4. Азиз (Турсунбаев) "Азиз" - бул Аллах Тааланын 99 ысым-сыпаттарынын бири. Мааниси "Кудуреттүү". Дагы бир мааниси "аздектелген". Бул ысымды алып жүргөн адамдын атасы интеллектуалдуулуктү сүйгөн, баласак жана динчил киши болушу ыктымал. Ал эми мындай ысым ээси мүмкүн болушунча Аллах Тааланын "кудуреттүү" деген ысымынан үлүш-үлгү алып, чыныгы кудурет Ээсине кулдук уруп, алсыздарга жардам берип жүргөнү абзел.

5. Улукбек (Зул-пукарович). Бул ысымды чечмелөөнүн кажети жоктур. Бирок, атасынын атында өзгөчө маани бар. "Зул-фикар" - бул улук пайгамбарыбыздын кылычынын аталышы. Ошондой эле, Ислам баатыры жана төртүнчү халиф Азрети Алинин кылычтарынын аты дагы ушундай болгон. "Зулфикар" арабча сөз болуп, мааниси "омурткалардын ээси" дегенди билдирет. Себеби, аталган кылыч өтө кескир болгон жана нечендеген душмандардын омурткасын кескен. Бул ысымды баласына ыраа көргөн адамдар дагы көбүнчө динге берилген адамдар келишет.
6. Ажибай (Калмаматов). "Ажибай" деген ысым ажылык амалы менен байланыштуу. Албетте, мындай ысымды такыба мусулмандар гана баласына ыроолошу мүмкүн. Ажы да болсун, бай да болсун деп тилек кылган болсо, ал ата максатына жеткен деп эсептесек да болот. Анткени, урматтуу депутатыбыз Ажибай ага ажыга барып келген, бешу бак намазын үзбөй окуйт. Ал эми байлык жөнүндө сөз кылууга арзыбайт. Анткени, байлыкты ар ким ар кандай түшүнөт эмеспи. Кыргыздар арабча ысымдарды бузуп колдонууда эч бир элди алдыга чыгарбаса керек. Абдулланы Абдылда, Фазилды Пазыл, Шамсуддинди Шамши, Мухаммад-Расул деген татынакай ысымды Мамырөсүл же Мамиш деп бузуп салышат. Ошонун сыңарында Хал-Мухаммад деген ысымды дагы бузуп Калмамат деп салышкан. "Хал" - бу мең (кал, родинка). Мухаммад пайгамбарыбыздын жоонунда пайгамбарлыгынын белгиси болгон калы бар эле. Демек, "Калмаматтын" мааниси "Мухаммаддын калы" деген сөз. Урматтуу окурман, өзүңүз күбө болгондой, Ислам динибиз биздин маданиятыбызга, менталитетибизге ушунчалык терең сиңип кеткен.

Уландысы бар.

P. S. Кийинки макалада кыргыздан чыккан башка белгилүү адамдардын ысымдарына аналитикалык саякат жасоону улантабыз. Атынын мааниси билүүнү каалагандар редакция менен байланышса болот.

Азат Момун