Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери
меню
Чакан бизнес кеңештер
Чүчбара өндүрүү ишкерчилиги
Глазирленген быштакчаларды (сырок) өндүрүү ишкерчилиги
Карапа өнөрканасын кантип ачуу керек жана андан кантип акча тапса болот?
Балмуздак өндүрүү боюнча ишкериликти ачуу
Үйлөнүү үлпөт тойлорун жана ар кандай майрамдарды аба шарлары менен кооздоо
Дүкөнчө, соода чатырчасын же күркөнү кантип ачуу керек?
Желим бөтөлкөлөрдү кайра иштетүү бизнеси
Кагаздарды кайра иштетүү бизнеси
Өзүңдүн маршруткаң, же Маршруттук такси бизнес үчүн
Кондитердик цехти кантип ачып киреше тапса болот?
Нан бышыргыч жай ачып кантип киреше тапса болот?
Курулуш цемент кирпичтерин өндүрүү боюнча бизнес
Азык-түлүк өндүрүшүндө жана коомдук тамактануу жайларындагы 5 бизнес- идеясы
Дизайнердик жашылчалар жана эт азыктары
Энергетикалык эмес суусундуктар
Аялдардын үйдөн сырт жасоочу бизнестерине идея
Үлпөт көйнөгүн тигүү ательеси, же аны ижарага берүү
Майга бышырылган тоголок токочтордун (пончик) өндүрүшүн кантип ачып, акча тапса болот?
Хот-дог сатуу бизнесин кантип ачуу керек?
Кездемелер дүкөнүн кантип ачып жана акча табуу керек?
Миллионго багытталган бизнес идеясын кантип ойлоп тапса болот?
Бизнести уюштуруу ыкмасы
Жыгач коттеждерди куруу перспективасы - чакан бизнестин идеясы
Каркас-модулдук технология:
Курулуш шаймандарын жана техникаларын ижарага берүү бизнеси
Кечки көйнөктөрдү жана карнавал костюмдарын ижарага берүү бизнеси
Мончо бизнеси: сауна жана мончолорду куру
Бүйүндү (рак) үй шартында өстүрүп, көбөйтүү менен бизнес ачуу
Жеке автотранспорттук компания бизнес катары
Салтанат-тойлорду уюштуруу бизнеси
Андан ары - азык-түлүк сатып алуу
Жеке кичи- майжувазды кантип ачууга болот?
Автокинотеатрды кантип ачуу керек: ачык асман алдындагы тасма
Жаңы Жылга тирүү балатыларды сатуу боюнча бизнес
Сыра бар-ресторанды кантип ачуу керек?
Мейманкана бизнеси, же кичи мейманканы кантип ачуу керек?
Акы төлөнчү балык уулоону уюштуру бизнеси
Дүйнөдөгү эң бир кирешелүү бизнес идеялар
Курал-жарак сатуучу дүкөндү кантип ачуу керек?
Жыл бою кулпунай өстүрүү бизнеси
Козу карын бизнеси: шампиньон козу карындарын өстүрүү
Жеке фотостудияны кантип ачуу керек?
Үйлөмө аттракциондордогу бизнес (батут)
Бала бакчаны кантип ачуу керек? (Кичи бакча)
Балдар кийиминин жана товарларынын дүкөнүн кантип ачуу керек?
Жалбырактарды чогултууну кантип бизнеске айландырса болот?
Оригиналдуу курулуш материалдарын өндүрүү боюнча бизнес
Курулуштардагы кошумча элементтерди өндүрүү бизнеси
Үй шартында жасалган тирүү квасты өндүрүү бизнеси
Даараткана кагазын жана кагаз аарчыгычтарды өндүрүү бизнеси
Эт бизнесин уюштуруу
Кичи бизнестин идеясы: суу аттракциондорун ижарага берүү
Мектеп окуучлуары жана студенттер үчүн портал
Заманбап гаджеттерди чакан колдонмо тескөө жана тейлөө - өркүндөгөндөрдүн бизнеси
Кум шоусу бизнес катары, кум аниматорлору канча акча табышат?
Чыгыш кошулмаларын жана даамдарын сатуу бизнеси
Кызыктуу жана оригиналдуу бизнес идеялар
Компьютердик сервисти кантип ачуу керек?
Тату салонун кантип ачып, акча табуу керек?
Окуу борборун кантип ачып, акча табу керек?
Батирлердин ичин оңдоо боюнча кичи бизнес
Дөңгөлөктүн үстүндөгү блинчик -кафесинякантип ачуу керек
Парфюм- косметикалык дүкөндү кантип ачуу керек?
Аттракциондор паркын ачуу ири бизнестин катарында
Уй этин өндүрүү боюнча бизнести кантип ачуу керек?
Жарнамалоо долбоорундагы бизнес
Чай бизнесинин өзгөчөлүгү
Жүргүнчүлөрдү ташуу тармагындагы өзгөчөлөнгөн 5 бизнес идея
Ченеми жок такси кызматы
Агробзнес чөйрөсүндөгү жети өндүрүштүн идеясы
Убакыт менен текшерилген бизнес- стартап- зоодүкөн ачуу
Дизайн, мектеп университеттин белгиси кадалган кийимдерди жасалгаларды сатуу
Сапаттуу шпаргалка жасоо бизнеси


Демо: Всплывающее окно при загрузке сайта с помощью CSS3 и немного javascript
"Ахлу сунна вал жамаат" деген ким?
"Ахлу" бизчесинен "эл". Демек, "Ахлу сунна" - бул сүннөт эли же болбосо, ар бир амалында, сөзүндө жана ой-пикиринде пайгамбарыбыздын сүннөтүнө ээрчиген адамдар. "Сүннөттүн" кыргызчасы "жол". Башкача айтканда, пайгамбарыбыздын жана анын сахаабалардын диний жолу. Дал ушул жолго ээрчигендерди пайгамбарыбыз "жамаат" деп атаган. "Жамааттын" мааниси "бир нерсеге чогулуу". "Жамааттын" тескериси "бөлүнүү". Демек, "Ахлу сунна вал жамаат" дегени, пайгамбарыбыздын сүннөтүнүн тегерегине чогулган сахабалар, табеиндер жана тээ кыяматка чейин дин-ыйманда аларды ээрчиген адамдардын ынтымагы. Алар ар кайсы замандарда жалаң сүннөттүн тегерегине чогулушат жана бидяттан алыс болушат. "Бидят" дегени - бул пайгамбарыбыздын сүннөтүнө дал келбеген, кийин ойлоп табылган диний жөрөлгөлөр.
Бир маселе
Сахабалардын, табеиндердин жана алардан кийинки үчүнчү муундун доорунда Ахлу сунна вал жамаат мусулмандардын өтө көпчлүгүгүн түзгөн. Ошондуктан пайгамбарыбыз аларды "Саваадул аазам" (эң көп жамаат) деп да атаган. Бирок, үчүнчү муун тарых сахнасынан кеткен соң, мусулмандар сүннөттөн бидятка (кийин жаралган жана дин терисин жамынган үрп-адаттар) ооп кетишти. Анткени, бидяттар адамдардын напси-каалоолоруна жооп бергени менен көпчүлүккө жагымдуу болгон. Азыркы күнүбүзгө келип, сүннөттү кармагандар бидят элинин алдында өтө аз сандуу болуп калды. Кээ бир өлкөлөрдө муфтияттар, молдолор баш болуп бидят жөрөлгөлөрдү дин деп кабыл алышып, сүннөттү кармаган жеке адамдарды же аларга ээрчиген аз сандуу топторду "жамааттан ажырагандар" деп аташат. Бул абал пайгамбарыбыздын "Ислам карып (элге жат) көрүнүш болуп башталган эле. Келечекте дагы ушул карып абалына келет. Бирок, карыптарга "Тууба" бейиши даяр!" деген хадисинде баяндалган. Ошентсе да, кайсы заманда же кайсы жерде болбосун, санынын аздыгына карабай, сүннөттү кармаган адамдардын тобу гана "Ахлу сунна вал жамаат" болуп эсептелинет. Улук сахабалардын бири Абдуллах ибн Масьуд "Эгер сен акыйкат (Кураан-сүннөт) үстүндө болсоң, жалгыз калган чакта деле жамаатсың" деген. Тарыхта бүт коомдон ажыралып жалгыз өзү жамаат болгонго мисал - Ибрахим алейхиссалам.
Ахлу сунна вал жамаат - жеңиш бериле турган жана бейишке түшө турган жамаат
Пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам бир хадисинде: "Менин үммөтүм арасындагы бир тайпа адамдар тээ кыяматка чейин акыйкаттын (туура жолдун) үстүндө болушат"-деген. (Бул хадиске Муслим, Термизий, Ибн Мажжа, Ахмад жана Хаакимдер өздөрүнүн китептеринде "сахих" деп баа беришкен). Эгер окуучу көңүл бурган болсо, бул хадисте пайгамбарыбыз туура жол үстүндө боло турган адамдарды "бир тайпа" деп белгилөөдө. Бул "көп эмес" дегенди билдирет. Ошондой эле, пайгамбарыбыз саллаллоху алайхи ва саллам Абу Хурейра деген сахабадан риваят кылынган дагы бир хадисинде: "Яхудийлер жетимиш бир бөлүккө, христиандар жетимиш эки бөлүккө бөлүнүшөт. Ал эми менин үммөтүм болсо, жетимиш үч бөлүккө бөлүнөт"-деген. ("Сунану Абу Дауд", 4596-хадис. Ибн Маажжа, 3991-хадис. Термизий, 2640-хадис. Бул хадисти имам Термизий хасан-сахих деген). Дагы бир риваятта ушул хадистин уландысы мындайча айтылат: "Алардан жетимиш эки бөлүгү тозокко, бирөөсү гана бейишке түшөт. Ал - жамаат". (Сунану Абу Дауд). Пайгамбарыбыздын дал ушул сөзүнөн улам мусулмандардын туура жол үстүндөгү бөлүгү "Жамаат" деб да аталат. "Ахлу сунна вал жамаат" деген сөздөгү "жамаат" сөзү дагы ушул хадистен улам пайда болгон. Аллах Таала Кураанда мусулмандарды ушул жамаат тегерегине биригүүгө чакырган. Аллах Таала айтат: "Бардыгыңар Аллахтын арканын (Кураанды) бекем кармагыла жана бөлүнбөгүлө!" (Аали Имран" сүрөсү: 103-аят)
Ахлу сунна вал жамааттын
кээ бир белгилери
1. Ортолукту кармоо. Дин тутууда кээ бир жамааттар ибадаттарда чектен чыгып, аша чаап кетишсе, кээ бирлери өтө арамзалык, кошкөңүлдүк кылышат. Ахлу сунна мына ушул эки касиеттин ортосун карманат.
2. Исламдык өкүмдөрдү алууда Кураан менен Сүннөткө гана таянат. Кураан-сүннөт тексттерине толук моюн сунат.
3. Шарият ишинде жана ишениминде пайгамбарыбыз Мухаммаддын (саллаллоху алайхи ва саллам) сөзүн гана абсолют чындык катары кабыл алып, ал кишиден башка аалым, мажтахид жана олуялардын айткандарын Кураан-Сүннөткө салыштыргандан кийин гана, дал келсе кабыл алат. Эгер Кураан-Сүннөткө дал келбесе, кандай гана олуя-эшендин же мужтахид-аалымдын же шейхул-машайыктын сөзү болсо да кабыл албайт.
4. Ахлу сунна вал жамаат диндеги душмандашуудан качат. Адал-арам маселелериндеги талаш-тартыштарга чумкубайт.
5. Салафу салихиндерди (хадисте айтылган үч муунду) урматтайт. Алардын жолу башкалардын жолунан туурараак жана далилдери башкалардыкынан күчтүүрөөк. Анткени алар кийинкилерге салыштырмалуу Кураан-Сүннөттү жакшыраак билет деп ишенет.
6. Накылды (Кураан менен Сүннөттөгү риваяттарды, өкүмдөрдү) акылдан (жеке пикирге таянган жоромолдордон) бийик деп эсептейт. Ар кандай акылды накылга моюн сундурат.
7. Анык эмес риваяттарга амал кылуудан абайлайт.
8. Кураан-Сүннөт чындыгында бекем турат, илим менен ибадаттын, таваккул менен себептин арасын бириктирет. Илимсиз ибадаттан пайда болбогондой, ибадатсыз илимденда пайда жок деп ишенет. Себебин аткарбай туруп тобокел кылууну туура көрбөйт.
9. Ахлу сунна вал жамаат мусулмандары таза акыйдага, динди таза жайылтууга, илим-таалимге, мусулмандарды туура жолго багыттоого көңүл бурат, арекет кылат.
10. Мусулмандарды Кураан-Сүннөт тегерегиндеги ынтымакка чакырат. Бөлүнүүнү, жаңжалдашууну, пикирин башкага таңуулаган фанатизмди жаман көрөт.
12. "Мен - Ахлу суннаданмын" деген адамдар бири-бирин каапыр атактырбайт. Башкаларга баа бергенде жалаң илимге жана далилге таянат.
13. Кимди жаман көрсө, дин үчүн, Аллах үчүн жаман көрөт. Кимди жакшы көрсө Аллах үчүн жакшы көрөт.
14. Адамдар менен мамиледе адептүү болот. Пайгамбарыбыздын адебинен сабак-таалим алат.




Эрнест Абдрахмандын эки жүзү
жана эки максаты

Асылбек Бектенов деген баканооз бар. "Эрнест Абдрахман" деген каймана ат менен менен … "чукулап" турат. Кыргыздар "бороондуу күндө "бир нерсе" кычайт" дегендей, бул бала кычап турбаса, "чукулап" турбаса, бирөөгө асылып турбаса жашай албайт. Атасына "ырахмат!" Ага "Асыл, бек" деп ат койгондо нак олуялык кылган экен. Асылып жатат. Асылганда да бек, бекем асылат, тиштеп асылат. Жөн эле асыла бербейт, максат менен асылат. Максатына жеткенден кийин тиштеген жерине "дары-дармек" коёт, жалайт, сылап-сыйпалайт. Эрнест-Асылбек негизинен чет өлкөлүк, бай, мусулман кайрымдуулук уюмдарына асылат. Аларды элге, мамлекетке душман, койнунда котур ташы бар террорист, фундаменталист, экстремист катары сүрөттөйт. Анан эле жылан чакпай, жылкы теппей, дал ошол "экстремист" уюмду оозунан бал тамып мактап, тиштеген жерлерин "жалап" кирсе, келмең оозуңдан түшүп, "мунун акылы сообу?" дегенге аргасыз болосуң. Мындан эки-үч ай мурун "Агым" газетасына Саид Баюми жетектеген "Бүткүлдүйнөлүк жаштар ассамблеясын" каралаган, экстремисттердин спонсору, можахеддердин окутуучулары катары сүрөттөгөн макала жарыялаган эле. Арадан ай айланбай ошол эле "Агымга" (31.07.09) "Араб эли кыргыз диндештерин унутпайт" деп макала жазып, анысында "Бул кайрымдуулук уюму тууралуу кээде оң да, терс да пикир айтыла калат. Өзүм да бир-эки жолу терс кайрып ийгеним бар", "Саид Баюми сыяктуу улуу соопчулук иштери менен алектенген адамдар арабызда бар экендиги адамдын жан дүйнөсүнө жарык чачпай койбойт", "Саид Баюми мырзанын жетекчилигинде көптөгөн көңүл жылытардык иштер жасалганы кыргызстандыктардын кыйырына белгилүү" деп, курун мойнуна салып, тиштеген жеринин жарааттарын "жалап" кирген. Эми "Назар" гезитинин 01.12.2009. №45-санына "Аль-вакф аль исламий" кайрымдуулук уюмбу же "көмүскө спонсорбу?" деген макала жазыптыр, эски адаты кармап. Анысында аталган уюмга экстремисттердин спонсору, Жалалабатта жок кылынган боевиктердин колдоочусу деген жалааларды жааптыр. Шантаж жасалды, эми жалдырап "натыйжаны" күтөт. Эгер уюмдун жетекчиси Абу Хасан Мунтасир аны "сүйлөшүүгө" чакырып же башка кандайдыр нерсе менен ыраазы кылса, дагы эле ушул гезитке аны мактап, дүйнөдөгү эң сахабаттуу (колу ачык) адам деп жазуудан уялбайт. Себеби, анда уят жок, максат гана бар. Максат орундалса болду. Киллер-жазмакер жазган макалаларынан эки максатты көздөйт: 1) коркутуп (шантаж жасап) тилемчилик кылат. 2) Ислам дининин жайылуусуна бөгөт коёт. Анын ууга чыланган макалалары ушул эки максаттан бирине сөзсүз жетет. Эгер "садака" өндүрсө - жакшы. Кээде "экстремист" уюмдун жетекчиси "ит үрө берет, кербен жүрө берет" деп камырабай коюшу мүмкүн. Бирок, коопсуздук жана прокуратура органдары ууга чыланган макаланы окуп, ал уюмду текшерип, ишине тоскоол жаратышы мүмкүн. Бул - Эрнест-Асылбектин экинчи максаты. Анын көздөгөн максаты боюнча Кыргызстанда исламдык иштер: мечит-медреселердин курулушу, исламдык газета-журнал жана китептердин басылышы токтотулушу керек. Иштеп турган исламдык окуу жайлар жабылышы керек. Бир гана ахмадийлердин борборунан башкалары.

Өзүң ким?

Эрнест-Асылбек Кыргызстандагы "Ахмадия" жамаатынын жалданган жазмакери болуп "иштейт". Аныгыраагы анын өзү ашынган ахмадий. Бул жамаат 1875-жылдарда Индиядагы Британия колонизаторлору тарабынан Ислам динин ичинен бузуу максатында түзүлгөн. Биринчи лидери Мирзо Гулам Ахмад. Ал өзүн пайгамбар деп жарыялаган. Дүйнөдөгү бардык мусулман аалымдар ахмадийлерди каапыр деп эсептейт. Кыргызстан мусулмандарынын Муфтияты дагы бул фатвааны тастыктаган. Ошондуктан, ахмадийлер бардык мусулман мамлекеттеринде Исламдын жайылышы үчүн иштеген адамдар жана уюмдар жөнүндө жалган-жалааларды таратышат, диний иштерге тоскоолдук жаратышат. Алардын Кыргызстандагы киллер-жазмакери Эрнест Абдрахман (Асылбек Бектенов) ушул күнгө чейин ар кайсы басылмаларга "Ислам нуру" газетасын, анын негиздөөчүсү Шамсуддин Абдыкалык уулун, Кыргызстан мусулмандарынын Муфтиятын, Бүткүлдүйнөлүк жаштар ассамблеясын, белгилүү түрк дааватчысы жана аалымы Фетхуллах Гюлен жана ал негиздеген "Себат" окуу тармактарын, дааватчылар жана "Таблиг" жамаатын каралаган макалаларын жарыялаган. Эми азуусун "Аль-вакфул исламийге" салыптыр. Бул уюм жана анын жетекчиси Мунтасир Абу Хасандын ким экенин кыргызстандыктар эң жакшы билишет. Шейх Мунтасир менен ал жетектеген уюм актап-жактаганга муктаж эмес. Ал эми, анын юристтери Эрнест-Асылбекти жапкан жалаасы үчүн сотко берсе утуп чыгаарына бөркүмдөй ишенем.

Шамсуддин Абдыкалык уулу





кыргыз тилиндеги гезит "Ислам нуру"
email • архив • редакция 
январь, 2010-ж.:
1-бет
Умай Теңирдин аялы беле?
2-бет
"Ахлу сунна вал жамаат" деген ким?
3-бет
Улуу инсандар Улуу Ислам жөнүндө...
4-бет
Бийликке адилет динге даанышмандык керек
5-бет
ХАЛИФАТ
6-бет
Аялга алты тыюу
7-бет
Христиандыктын автору ким?
8-бет
Ислам тарыхынан таберик "тамчылар"





Яндекс.Метрика