Газеты на кыргызском языке Аалам, Агым, Айыл єкмєтџ, Алиби, Асман-пресс, Бишкек таймс, De факто, Кутбилим, Обон и Кыргызско-русский словарь Юдахина К.К.
Акматбек Келдибековдун "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын съездинде сүйлөгөн сөзү "Түркия 52 млн. каражатты жөн эле кечкен жок " Оппозиция болгондо ачуу чындыктарды таамай көрүп, элдин оор турмушун, көйгөйлүү маселелерин өз көзүң менен көрүп, жон териң менен сезет экенсиң. Бирок, бийликтин табияты ушундайбы же чын эле даанышмандар бийлик башына келбей жатабы, биринин катачылыгын экинчиси оңдоо эмес кайталоо менен гана алек болуп, бийликтин кадыры кетип жатат. Бийлик элден алыстап, элди өзүнө-өзү жоо кылып алат экен.
Азимбек Бекназаров, "Эл үнү" кыймылынын төрагасы: "Текебаев атамбаев тиреши башталат" - Азимбек Анаркулович, коомчулукта сиз жетектеп жаткан "Эл үнү" оппозициялык кыймылын таркатууга, кадырын түшүрүүгө бийлик тарабынан аракеттер болуп жатат деген маалыматтар айтылып жатат го. Ошол чынбы?
- Чын. Азыр бизди ичтен иритип, элге жаман көрсөтүүгө кызыкдар күчтөр абдан көп. Анткени, бүгүн "Эл үнүнөн" башка оппозициялык саясый күч жок.
Сабыр Муканбетов, КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү; "Белый дом" дебей эле "Дурдом" деп аташ керек ... - Сабыр агай, крим чөйрөнүн аталыгы делген Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурун түрмөдөн бошотулуусун иликтөөчү комиссиянын мүчөлөрү бөлүнүп-жарылып, комиссиянын бүтүмүнө кол койбой жатканы, укук коргоо органдары тарабынан депутаттык комиссиянын төрагасы Болот Шерге каршы аракеттер көрүлүп жаткандыгы маалым болду. Ушул окуяга кандай мүнөздөмө бересиз?
Адахан Мадумаров, "Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери: "азыркы бийлик Өлкөнүн тагдыры менен ойнобосун" - Адахан мырза, "Бүтүн Кыргызстан" партиясы кандай иштер менен алек болууда?
- Азыркы учурда алдыга койгон пландарды ишке ашырып, программалардын үстүндө иштеп жатабыз. Кечээ жакында эле биздин партиянын съезди болуп өттү. Бул съездде көп нерселер талкууланды, партиянын мүчөлөрү жаңы түзүлгөн программалар менен таанышып, түзөтүүлөрдү киргизишти. Азыркы учурда атың чыкпаса аянтка чыгып айкырып-кыйкырыш керек же митинг жасоо керек деген ойлор көбөйүп кетти. Бирок, биз мындай иш-аракеттер менен алек болбойбуз.
Азиза Абдрасулова, укук коргоочу: "Санжар Бакиевдин иши саясый чечим" - Кыргызстандын жарандарынын укуктары азыркы күндө канчалык деңгээлде бузулуп жатат?
- Бийликти жаман дебейм. Балким жакшы болуп эле жаткандыр. Бирок мурдагыга караганда мыйзам бузуу боюнча эч жылыш жок. Тескерисинче, мурдагыга салыштырмалуу кээ бир тармактарда көбөйүүдө. Коррупция күч алууда. Бардык жерде сотторду алмаштырууда деле жаңылануу болуп жатат деп сүйүнсөк, баягы эле коррупция менен кармалган соттор чоң кызматка көтөрүлүшүүдө. Азыр мыйзам бузуу,
"Кечки Бишкек" тегерегиндеги чыр Советтик доордон кийинки базар жашоосу менен рыноктук мамиледе "брэнд" деген сөз өзүнүн туруктуу ордун тапты десек болчудай. Юридикалык эмес экенине карабай көпчүлүк кеңири колдонуп келе жаткан бул термин - товардык белгини же кайсыл бир товардын, болбосо кызматтын аталышын чагылдырат. Жөнөкөйлөтүп айтканда - өндүрүүчүнүн аты, ошол эле учурда өзү ойлоп тапкан же башка бирөөдөн уурдап алып "гүлдөтүп", анын аркасында акчаны "басып" жаткан сөлөкөтү. Жалпысынан, ошол аттын жардамы менен таанымал болуп, акча табуу үчүн аракет эткендер.
"Кумтөрдөгү" чоң кырсык тууралуу маалымат тастыкталууда... - Жылдыз Айтибаевна, акыркы кездеги коомдук-саясий окуяларга саресеп сала турган болсок, анда аба ырайын жасаган адамдар өз көмөчүнө гана күл тартуу менен алек болуп жатканы дароо көзгө урунат. Мына ушунун кесепетинен биздин кайда баратканыбыз көпчүлүктү ойлондура баштады. Эң башкысы, бийликтин улуттук маанидеги маселелерге келгендеги кайдыгерлиги жанды кашайтат. Өткөндө сиз "Кыргызстанды сактап калбасак болбойт",- таризинде табышмактуу билдирүү жасадыңыз. Деги биз кайда баратабыз?
"Шоу-соттон" сүртүмдөр Атамбаев эмнеге Ташиевдин сотуна келгенден коркот? Камчыбек Ташиев баш болгон "Ата-Журт" фракциясынын депутаттарынын, генерал-майор Кубатбек Кожоналиевдин жана үч жансакчы: Бекзат Исаев, Каныбек Камчыбеков жана Заирбек Кадырбаевдин үстүнөн сот иши Бишкек шаардык сотунда 16-майда уланды. Сот процесси анткен менен оңою менен башталган жок. Буга кайра эле бийликтин сотту мүмкүн болушунча узак мөөнөткө созуу аракети себепкер болду. 2-майдагы сот процесси тийешелүү кызматтар Камчыбековду алып келүүнү "унутуп" калгандыктан түштөн кийинкиге жылдырылса, бул жолу жабырлануучу катары өтүп жаткан адамдардын келбей калгандыгынан улам дал ошентип, аргасыз, түшкө чейин тыныгуу болду.
Бюджет таңкыстыгын толтурчу мүмкүнчүлүк арбын Республикада жылдан жылга каржылык оорчулук көбөйгөн менен, бюджет таңкыстыгын толтуруучу мүмкүнчүлүктөр өтө көп. Маселен, качып кеткен бийликтер мамлекеттик түзүмдөрдү бирин-бири кайталап түзүп, "Оордун асты, жеңилдин үстү менен жүрүшкөн" 3000 штаттык кызматкерди кыскарта албай коюшту. Эң оболу, эт менен челдин ортосунда жүрүп, айлык алышкан облустук, жергиликтүү атка минерлердин санын кыскартып, облустарды жоюу зарыл эле. Экинчиден, республикадагы 49 районду, 25 шаарды аймактарга айландырып, ирилештирүү максатка ылайык. Мындан тышкары, 449 айыл өкмөтүн да оптималдаштыруу, ирилештирүү керек.
Балдар эмне үчүн китеп окушпайт? Кыргыз коомчулугунда илимий технологиянын өнүгүшү менен учурда китеп окугандардын саны суюлуп бараткандыгы айтылып келет. Атайын иликтөөгө таянсак, жаштар арасында китепке болгон кызыгуу азайып, анын ордун интернеттеги социалдык тармактар ээлөөдө. Дагы бир себеби, жалпы билим берүү деңгээлинин төмөндөшү да өз таасирин тийгизүүдө.
Визуалдык дүйнө биринчи орунга чыкты
"Арат жазуучусу Аббат Махмуд Аль Аккад "Бир сыйрадан эки китепти окуганга караганда, бир китепти эки сыйра окуп чыкканың маанилүү" деген. Бүгүнкү күндө келечек ээлери болгон жаштар арасында эки сыйра окуганды кой, колуна китеп кармагандар коомдо сейрек кездешет", - дейт социолог Асылбек Аттокуров.
Коргол акын 130 жашта Токтогулдун жердеши Көл түбүндө калган Коргон (Алексеевка) айылында Итике баласы Султан болуп чогуу жашачу экен. Итике Корголдон он жаш улуу, Султан он жаш кичүү болуптур. Коргол ал экөө менен тең теңтуш болот. Итике да, Султан да Корголду "Сокур" деп тамашалашчу тура. Ал эми Коргол бапыйган чоң сакалынан улам Итикени "Аюу" деп, Султанды "бир моюн, каман" деп койчу дейт.
Тагдырлар кайталанат Бийлик кумары 1947-жылга чейин дүйнөлүк картада Пакистан деген өлкө жок эле. Британиялык Индиянын мусулман калкы үчүн өзүнчө мамлекет керек деген идеяны жазуучу жана философ Аллана Икбал көтөрүп чыккан. Бирок, көптөгөн жылдар бою бул идея ишке ашкан жок. Индустар менен мусулмандар ынтымакта эле өмүр сүрсө болот деген Махатма Ганди улутчул индус Годзенин колунан жан берди.
Улуу инсандар Салижан Жигитов: "Ойдогу ишке үлгүрбөгөнүң - чоң арман" Салижан Жигитов 1936-жылы 17-мартта Ош облусунун Өзгөн районундагы Көлдүк айылында төрөлгөн. 1959-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин ийгиликтүү аяктаган. Эмгек жолун 1959-жылы Өзгөн районунда мектепте мугалим болуп иштөөдөн баштаган. 1961-62-жылдары Кыргыз ССР Илимдер Академиясынын тил жана адабият институтунда кенже илимий кызматкер, ал эми 1979-жылдан тарта сектор башчысы болуп узак жылдар үзүрлүү эмгектенген. 1992-жылы филология илимдеринин доктордук диссертациясын ийгиликтүү коргогон.
Айыл чарба министрлиги 225 трактор алды
Кыргыз Республикасынын айыл жана суу чарба министрлиги Минск трактор заводунан 225 трактор сатып алды. Анын 176 даанасы лизинг шарты менен айылдык товар өндүрүүчүлөргө берилди.
Ажыкебиз жаш аял алуу боюнча алдына киши чыгарбайт
Турсунбай Бакир уулу буга чейин Жогорку Кеңеште намазкана ачып, кыска этек кийген кыз-келиндерге каршы чыгып, кыскасы Кыргызстанды исламдаштыруунун камын жеп жүргөндүгү менен белгилүү болуп келди эле.
…Балдарымдын бири Орусияда, бири Казакстанда деп угам Ырысы менен бакыты, дөөлөтү менен мээнети, азабы менен тозогу ширелишкен бул жашоодо ар кандай тагдырга, ар кандай адамга тушугат экенбиз. Кудум селкинчек сыяктуу бирде өйдө, бирде ылдый чайпалган жашоо биз ойлогондой, биз күткөндөй болбойт экен. Деги тагдыр сыноосуна түшпөй, тамашасына кабылбай, тарбиясына салынбаган ким бар арабызда. Айтор, бирде ат минип, бирде жөө жүрүп, бирде күлүп, бирде ыйлап, күндөр өтүп жаткансыйт.
Карыган, жүрөгү мокогон, жакшы ветеринар Турсунбек Акун "Сынга сынбайсыңбы?" деген жаңы рубрика ачтык. Бүгүндөн тарта коомчулукка белгилүү инсандарды калайык-калктын, кесиптештеринин, замандаштарынын сынына салмакчыбыз. Рубрикабыздын алгачкы каарманы Акыйкатчы Турсунбек Акун болду.
Айнура Кабатай кызы: "Азырынча жан дүйнөмө жакын адамды жолуктура элекмин" Бүгүнкү кеп кыла турган каараманыбыз бир учурда актриса болууну самап, тилекке каршы, медициналык билимге ээ болуп, бирок, журналисттик кесипти аркалап калган. Анда кеп учугу учурдун мыкты теле алып баруучуларынын бири Айнура Кабатай кызынын карьерасындагы басып өткөн жолу тууралуу болсун.
Альбина Эралиева: "Тагдыр мени Сүйүнбай атаңар үчүн даярдап жүргөн го деп калам" Алптардын сүйүүсү, сезими да алп болооруна Сүйүнбай атабыздын байбичеси Альбина апа менен аңгемелешип отуруп дагы бир жолу ынандым. Ынандым да ушундай сезимдердин али да барлыгына, аруулуктун, бийиктиктин коломтосу ушундай залкар адамдар аркылуу өчпөй сакталып жүргөнүнө ыраазы болуп жүрөгүм толкуду. Ич-ичимден "бар бол сезим, бар бол улуулук, аруулук, алп сүйүү" деп жетине албай кубандым.
Бурулкан Алыбаева: "Бир халат, бир кофта үчүн беш жыл беришти" Атаганат, ушул жерден Жар, Эне деген улуу атка татыктуу аялзатын жолуктурбасак жашоонун дагы бир жаман көрүнүшү кемибейт беле?! Бирок, турмуш, тагдыр, кырсык бул АЯЛ деп тандабайт тура...
Түлеев эми ардагерлерди бетине кармап...
Амалы түгөнүп , аргасыздан абакта жаткан Нариман Түлеев дале болсо, эркиндикке чыгууга далбастап жүргөн кези. Ал 8-май күнү Нарын районундагы жана Нарын шаарындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине өз атынан сый тамак жана Нарын районундагы 13 жана шаардагы 7 ардагердин ар бирине даректүү түрдө миң сомдон берди. Бул байманасы ташыган Нарикең ардактуу ардагерлерге мынча эмне аз акча берген, сараңдыгын кара. Чынында,
Тирүү турган Ташиевге эстелик койгону жатышат
Камакта жаткан депутат Камчыбек Ташиевге Жалал-Абад облусунун Барпы айылына эстелик тургузганы жатышканын райондук кеңештин депутаты Дөөлөтбек Эргешов гезиттердин биринде билдирди. "Каражатты жергиликтүү органдар бербесе меценат издейбиз" деп айтып чыкты. Тирүү адамга минтип шашылыш эстелик коебуз деп чыкканы коомчулук арасында таң калууну жаратууда. Алардын айтымында,
Мамлекеттик тил мыйзамы чийки, аны дагы бышыруу керек
Кыргыз тили кандай көркөм. Сөздү сөз ээрчип куюлушуп кандай керемет саптар кербен жүрүш жасап, катарга кыналышып тизилип калат. Кыргыз тилинин касиетин, кереметин, көркөмдүгүн кылымдар бою сансыз калем ырлар менен, кара сөз, кыл калем менен көркөмдүү жана даректүү кайталангыс чыгармаларда саймалап-ардактап келатат. Күндөлүк жашоо-тирликте кээде коргоого, кээде жактоого муктаж болуп,
Путин Кыргызстан менен маанилүү келишимдерге кол койду
Орусиянын мамлекет башчысы Владимир Путин Кыргызстан жана Тажикстан менен бир катар эл аралык келишимдерди ратификациялоо жөнүндө мыйзамдарга кол койду. Кремлдин басма сөз кызматы маалымдагандай, 8-майда Орусия президенти Владимир Путин Кыргызстандын 488, 9 млн. доллар карызын кечүү жөнүндө макулдашууга кол койду.
"Кока-Кола" Кыргызстандын футболуна кирди Үстүбүздөгү жылдын 13-мартында "Кока-Кола" Бишкек Боттлерс жабык акционердик коомунун (ЖАК) башкы директору Эзель Агаоглу, Билим берүү жана илим министри Канат Садыков жана КРнын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов балдар жана уландар арасында футбол боюнча "Кока-Кола" Булгары Топ" турнирин уюштуруу боюнча меморандумга кол коюшкан.
"Ыргылжың" Жолдошевичтин тагдыры 23-майда чечилеби?
Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген өкмөттүн "көз жарганына" сегиз айга аяк басты. Жантөрө Жолдошевич башбакандыкка киришип жатып арабаны тарта албаган министрлерден арыларын убада кылганы эсте. Убадасын жарым жартылай аткаргансыды. Бирок жылуу ордун сактап калыш үчүн коалицияны курган фракция лидерлеринин жетегинен чыга албай, алар сунуштаган кадрларды майлуу-сүттүү кызматтарга "кондуруу" менен алек.
Жик салуу эмес, чындык Масеит Шабалаев: "Ак-Сайдагы 617 гектарды тажиктерге биздин бийлик берген"
Элибизде "өзөктөн чыккан өрт жаман" деген накыл кеп бар. Кыргыз өлкөсүнүн ичиндеги тажик, өзбек анклавдары мите курттай кыргыз жерин жеп жатса, көөдөнү сокур кыргыз башчылары кыргызга чыккынчылык кылып келет. Өзөктөн чыккан өрттүн айынан тууган санаган өзбек, тажиктер өз билгенин кылып, кыргыздын кылымдан берки байырлаган жерлерин тартып алышканы да кашкайган чындык.
Кырсыктын арты Кулаган самолет кайсы өлкөлөргө пайда же зыянын тийгизет?
"Манас" транзиттик борборуна тиешелүү "КС-135" үлгүсүндөгү күйүүчү май ташуучу учактын 3-майда Панфилов районундагы Чорголуу жана Чолок-Арык айылынын ортосундагы талаага кулап түшүшүн иликтеген өкмөттүк комиссиянын алгачкы жыйынтыктары азырынча билине элек. Ал эми коомчулукта бул окуя ар кыл ойго жем таштады.
Өз элин агалай албаганда... Өзбек лидерлерине таянып, кыргыздарды басынткан ага-ини Жээнбековдор менен Т.Зулпукаровду ким тыят? Учурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин айланасында айланкөчөктөй чимирилген Жогорку Кеңештин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров тууралуу кеңири кеп кылайын дедим бүгүн. Сыртынан сыпаа көрүнүп, намазга жыгылып, беш маал Кудайга жалынган агабыздын Ноокат районунда жана Ошто жасаган бир катар иштери тууралуу өзүмдүн жеке пикиримди коомчулук менен бөлүшөйүн.
Президент "мыйзам менен жашайлы" дейт. Өлкө президенти А.Атамбаев ар качан Конституция боюнча жана мыйзам боюнча жашаганды үйрөнүү таризде чакырык таштап келет. Бир четинен карасаң, бул абдан туура, себеби, өнүккөн өлкөлөрдө президентинен баштап жөнөкөй адамына чейин мыйзамдуулукту катуу сактаганынан бул өлкөлөрдө тынчтык өкүм сүрүп, экономикасында, маданиятында өсүштөр болуп жатканын көрүп, билип жатпайбызбы.
Ажо Атамбаев командасын жаңылабаса болбой калды! Соңку жылдары ажобуз Алмаз Шаршеновичтин кадр тандоодогу катачылыктарын оппозиция менен коомчулук тынбай саймедирешип, анын жанында жүргөн "эски малдын көзүндөй" болгон кадрларын байма-бай ур-тепкиге алышууда. Балким Атамбаевдин кадр саясатына айтылып жүргөн сын-пикирлер чындап жүйөөлүүдүр. Ушундай коомдук пикирди эске алуу менен төмөндө биз да "хан тактыны" курчап тургандардын дараметине айрым саясатчы, коомдук ишмерлердин көз караштары менен пикирлерди чагылдырууга аракет кылдык. Эмесе, ажобуздун ат кошчуларынын деңгээлине абай салып көрсөңүз болот...
По законам дружбы и партнерства На новый уровень выходят кыргызско-российские отношения. Этому в немалой степени поспособствовал прошедший 22-23 апреля рабочий визит премьер-министра Кыргызской Республики Жанторо Сатыбалдиева в Российскую Федерацию.
"ЫНТЫМАГЫ БАР ЭЛДИН ЫРЫСКЫСЫ ТҮГӨНБӨЙТ"
Күнөстүү Кыргызстанымдагы экономикалык, саясий жана социалдык оорчулуктарга байланыштуу эмгеккке жарамдуу жаштардын сыртты карай агымы күн санап өсүп жатыры. Эгерде мамлекетибиздеги калктын саны 6 миллионго чукулдап калса, анын онунчу бөлүгү мусапырчылыкта Россия Федерациясынын аймагында ар кандай түйүндүү маселелерге карабастан,
Сталин менен көрүшкөн Ороз ата "Ал күндөрдүн даңкы өчпөйт"
Россия Федерациясынын борборунда кыргыздардан Улуу Ата Мекендик согуштун бир ветераны жашайт деп уккан күндөн тартып, Ороз Мамыралиев абакемди көрүүгө ынтызарлыгым арта баштады. Акыры уюлдук телефонун таап, макулдашып алып Москванын Кузьминки метро бекети тараптагы Согуш ардагерлеринин госпиталында даарыланып жатканын билип,
Алсыз аскер күчү ириген ички иштер органы жана андагы коррупция Аскат СЫРГАКТЕГИН
Күнүгө Сириядагы кандуу ырайымсыз согуштарды көрсөткөн жаңылыктарды көрүп олтуруп, "бизде да (албетте, Кудай анын бетин ары кылсын!) ушундай куралдуу согуш революциясын баштап жибергилери келсечи" деген ойлор кээде келбей койбойт.
Мындай ойлордун пайда боло калышына да негиз бар. 2010-жылы 9-сентябрда "Жамаат Жайшуль Махдинин" мүчөлөрү биздин борбор шаарыбыз Бишкектеги еврейлердин синагогасын жардырышкан. Андан соң 30-ноябрда Кожомкул атындагы Спорт сарайынын жанында да жардыруу уюштурушкан.
"Жаңы муундун коалициясы" коомдук бирикмесинин төрагасы Тимур САРАЛАЕВ: "Ачыгын айтканда, мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгү канааттандырбайт"
Өткөн саныбызда Кыргызстанга чет өлкөдөн келген мигранттарга карата эч кандай көзөмөл жок экендиги, жана ошондой эле биздин жарандарга иш орундары жетишпей жатканда сырттан келгендер тейлөө, соода, курулуш, ишкердик жагында мыйзамсыз түрдө иш жүргүзүп жатканы сыяктуу маселелер "Жаңы муундун коалициясы" коомдук бирикмесинин мүчөлөрү тарабынан айтылган. Коомчулукка бул көйгөйдү көтөрүп чыгышкан коомдук бирикменин мүчөлөрү бул мезгил аралыгында мамлекеттик кызматта иштеген жооптуу адамдар менен атайы жолугуп,
Кичи бизнести кредиттик камсыздоонун жаңы ыкмасы Жогорку Кеңештин депутаты Курманбек Дыйканбаев баш болгон депутаттар тобу (Ч.Турсунбеков, Н. Нарматова ) кичи жана орто бизнеске жергиликтүү бийлик кантип каржылык колдоо көрсөтө алары жөнүндө мыйзам долбоорун иштеп чыгышты. Жаңы жазылган "Гарантиялык фонддор жөнүндөгү" мыйзам долбору жакында пленардык жыйында биринчи окуудан өттү. Биз Курманбек Сапаровичтен мыйзам долбоору боюнча түшүндүрмө сурадык.
Айыл чарба техникаларынын 80%ы жаңыртууга муктаж
Учурда жазгы талаачылык иштери кызуу жүрүп жаткан кез. Айыл чарба иштерин жүргүзүүдө техника менен камсыздалуу маселеси дайым "баш оору" болуп келет. "Заманбап айыл чарба жабдууларын колдонбой ички рынокту жогорку сапаттагы үрөн менен камсыз кылуу, ошондой эле аймактык жана эл аралык экспорттоону кеңейтүү мүмкүн эмес, - дейт айыл чарба министри Чынгызбек Узакбаев,- техникалардын жетишсиздигинен фермерлер айдап себүүдөн да, аны жыйнап алуудан да кечигип, баалуу болгон түшүмдүүлүктү жоготуп жатышат".
Өлкөбүз "жашыл" өнүгүү жолуна түшөт
Кыргызстандын алдыдагы 5 жылга туруктуу өнүгүү стратегиясы иштелип чыгууда. Экономикалык өнүгүү министри Темир Сариевдин билдирүүсү боюнча "жашыл" экономикага өтүү Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсүнүн вектору боло алат.
Жаныбек Султанов: "Ветеринария тармагында көйгөй маселелер көп"
Жашоосун малсыз элестете албаган элеттиктердин турмушунда эпизоотикалык коопсуздук абалы улам оорлоп баратышы тынчсыздандырбай койбойт. Мунун баары ветеринардык кызматтын жөнгө салынбай жатышынан деген бир жактуу пикир бар. - "Ооба, ветеринардык кызмат бүгүнкү күндө жакшы жолго түшө албай жаткан учуру. Министрлик ветеринария кызматынын кадыр-баркын көтөрүү, коомдогу ордун так аныктоо тууралуу сунуштарын берүүдө,
Инвесторлор менен айылдыктардын алакасы келишти Азыркы кезде айрым айылдарда чет элдик инвесторлордун иштөөсүнө каршы болуп жатышкан учурлар көп эле кездешүүдө.Ошол эле учурда ийри отуруп,түз кеңешип проблемаларды ачык-айрым ортого салып, талкуулап, талап коюп камыр-жумур иштешип жаткан айылдыктар да бар.
САЛТТУУ БИЛИМДЕРДИН САПАРЫ КАРЫБАЙТ Эл ичи түгөнбөс кенч
2010-жылы РДФ тарабынан Кристенсен фонду каржылаган "Кыргыздын салттуу жайыткерлик билимдерин жана практикаларын кайра жаратуу жана жайылтуу" долбоорун жүзөгө ашыруунун жүрүшүндө жайыткерлердин баарлашып макулдашуусунан улам түзүлгөн "Кыргыз эл акыл казына" тармагы эл арасындагы унут калып бара жаткан каада-салттарды, эл арасында айтылып жүргөн уламыш, табышмактарды, көчмөндөрдүн тамак-аштарынын түрлөрүн иликтеп таап чыгышты. Аларды жайылтуу максатында ар кандай фестивалдар менен атайын кечелерди, аземдерди уюштурду.
Управление лесами в Кыргызстане - успешный опыт Умут Жолдошова - координатор программы по управлению природными ресурсами
В Кыргызстане при поддержке Фонда Кристенсена (США) и Государственного агентства охраны окружающей среды и лесного хозяйства при Правительстве Кыргызской Республики реализуется проект "Продвижение управления лесами с участием местных сообществ в Кыргызстане". Умут Жолдошова, координатор экологических проектов ОФ РДФ рассказала о самом проекте, трудностях в процессе исполнения и результатах реализации данного проекта.
Жашоого жарык чачкандар Өзү карыса да көңүлү жаш "Красная гвоздика"
Атына заты жарашкан "Красная гвоздика" хору жалаң патриоттук духту көтөрө турган ырларга басым жасашат. Хор демекчи, кооз кийинип сахнада тизилген ырчылардын курамы башкалардан айырмаланып Улуу Ата мекендик согуштун жана эмгектин ардагерлери, пенсия курагындагы ардактуу карыялардан турат. Баары ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн түзүлгөн, арасында кыргызы, орусу, татары, өзбек, украин, казагы да бар.
Кыргыз киносуна биринчи жолу пил тартылды Акыркы жети-сегиз жылдан бери тартылып келе жаткан кинолор, клиптер жана реклама роликтери Камчы Сарыбаев деген актерсуз тартылбай калгансып сезилет. Ал тартылган тасмаларынын көркүн ачып, эсте калгыс образдарды жаратат. Бирок элдин сүймөнчүлүгүнө ээ болгон актер бир да жолу башкаармандын ролун аткарган эмес.
Чеченстанга учкан "жин" Батукаевге путевка да берсеңер болмок
Күч блогун тейлеген вице-премьер-министр Шамил Атаханов кримлөгүнүн мөөнөтүнөн мурда бошотуларын билгенин, бирок бул тууралуу өкмөт башчыга "маанилүү эместигинен" билдирбегенин айтат.
Кубанычбек НУРМАТОВ, Эсептөө палатасынын аудитору: "Миллиондогон "каражат сол "чөнтөктөргө "кеткен" Мамлекеттик каттоо кызматынын (МКК) дарегине түрдүү сын-пикирлер айтылып келет. Коомчулук МККны коррупциялашкан мекемелердин бири катары кабыл алып келгени жок жерден эмес. Ал эми Эсептөө палатасынын 2011-жыл жана 2012-жылдын 9 айына карата жүргүзгөн аудиттик текшерүүсүндө аталган мекемелерде бир катар финансылык мыйзам бузуу фактыларынын бети ачылган. Бул тууралуу Эсептөө палатасынын аудитору Кубанычбек Нурматов кеп салды.
Компромат "согушу" Экс-премьер, "Республика" партиясынын лидери Өмүрбек Бабановго байланыштуу дагы бир чуулгандуу окуянын бети ачылды. Парламенттеги "Ата мекен" фракциясынын 5-апрелдеги жыйынында АКБ "Кыргызстан" коммерциялык банкынын мурдагы акционерлери өз үлүштөрүн тарттырып жиберишкенин, эми дивиденддерин ала албай жүрүшкөнүн билдиришти. Натыйжада фракция акционерлердин арызын иликтөө сунушун Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы (УКМК) менен Башпрокуратурага жолдоду.
Кол сунгандар эмне дейт? Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр КРЕМЕР: "Кыргызстан 2035-жылы Борбор Азиянын туристтик Меккесине айланат" Быйыл Кыргызстан менен Дүйнөлүк банктын (ДБ) кызматташып жатканына туура 20 жыл болду. Бул жылдар аралыгында ДБ бизге опол тоодой акчалай жардам берип келет. Мына ушул мааракени утурлай ДБнын биздеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Александр Кремерди кепке тартып, берилип жаткан жардамдардын максаты жана аткарылган иштер тууралуу баарлаштык. Кремер мырза убагында Кыргызстан саясый себептерден улам ХИПИКке кирбей чекилик кетиргенин айтты. Ошондой эл ал ДБ мындан ары да кыргыз элине болгон жардамын аябай турганын, бардык насыя, гранттар өкмөттүн кепилдиги астында берилип жатканын кошумчалады.
Эмне үчүн "Полит Клиника"?
"Жаңы бир гезит чыкты" деген кабарды укканда эле азыр эл "Дагы бир ушакчы гезит пайда болуптур да" деп иренжий түшөт. Анткени бүгүн гезиттин саны көп, бирок сапаты жок болуп калды. Азыркы журналисттер, менин кесиптештерим чындыкка туура келбеген маалыматтарды "дейт, имиш" деп жазууну өнөр кылып алды.
Бакиевди сагынгандар Өткөн жумада оппозициялык "Эл үнү" кыймылы Сузакта Курултай өткөрдү. Бул жыйынга Азимбек Бекназаров, Адахан Мадумаров, Акматбек Келдибеков, Равшан Жээнбеков сыяктуу саясатчылар катышып, бүгүнкү бийликтин дарегине бир катар сындарды айтышты. Аягында бийликке 8 талап коюп, "Эгерде апрель ичи аткарбаса, жер-жерлерде элдик бийлик орнотобуз" деп коркутуп да жиберишти.
Феликс КУЛОВ, "Ар-намыс" фракциясынын жетекчиси: "Жаныш Бакиевди Коопсуздук кызматына сунуштаганым чын, бирок мен мамлекеттик этиканы сактагам" - Жалал-Абадда өткөн Курултайда Адахан Мадумаров сизди "Курманбек Салиевич иниси Жаныш Бакиевдин кызматка келишине каршы чыкканына карабай, ошол кезде премьер-министр болуп турган Феликс Кулов мыкты адис деп бийликке алып келген" деп айтты. Ушундай болгону чынбы?
Ирина Карамушкина, ЖК депутаты: "Депутаттар куралдарын досторуна көрсөтүп мактансын"
Жогорку Кеңештин 58 депутатында 154 курал бар. Анын төртөө айым депутаттарга тиешелүү. Бул боюнча депутат Ирина Карамушкина ИИМдин маалыматына таянып билдирүү жасады. Депутат кесиптештеринин ЖК имаратынын ичинде куралчан жүргөнүнө каршылыгын билдирип чыкты.
Шейшенбек Байзаков, Жаза өтөө башкармалыгынын мурунку жетекчиси: "Милиция кызматкери болсом эле романтикадан кур калган деп ойлоп жатасыңбы?" - Өткөн күндөр же жакшы, же жаман окуясы менен эсте калат эмеспи. Балалык чактан кандай ирмемдер көңүлүңүздө калган?
- Ата-энемден эрте ажырадым. Чоң ата-чоң энемдин колунда калдым. Менден улуу эжем менен агамды тайкелерим алып кетишти. Беш бир тууган болчубуз.
Сайт жөнүндө: ► Бул айылда негизинен кыргыз гезиттери электрондук тиркеме түрүндө жарыяланат. ►Архивге, емейлге жана редакцияга шилтемелер
ошол гезиттин башбарагында берилген. ► Жеке макала жарыялоого буйрутмалар кабыл алынат.
Сведения о сайте: ► На сайте публикуются в основном кыргызскоязычные газеты
в виде электронных подшивок данных газет. ► Ссылки на архивы, емейл и данные о редакции указаны на главной странице конкретной газеты. ►Принимаются заказы на публикацию частных статей.