Калк арманы

Жеңишбек Жумакадыр
Кулак тойгон, көз ачка,
Курсак тойгон, төш ачка.
Жашадык кандай турмушта,
Жардамы жок сөз ачка.
Жалган байлык деп жүрүп,
Жан дүйнөлөр өтө ачка.
Алгыла анда көңүлгө,
Айтайын заман жөнүндө.
Чындыкты айтат акындар,
Чыгарбай бир сөз төгүнгө.
Билгеним көппү, аз беле,
Билишиң балким шарт беле.
Карегим көрбөй жакшыны,
Кайгыга батты жаш дене.
Башынан айтып келейин,
Баарысын көрдүң, калп дебе.
СССР кулап, кыргызга,
Эгемен таңы атты эле.
Эл билген ажо керек деп,
Эрендин баары биригип,
Эс акылын чакты эле.
Ичинен бирөө тандалып,
Илимпоз жактан жакты эле.
Иририн билсе аттиң ай,
Илимде жүрсө жакшы эле.
Ажо бол кыргыз элге деп,
Айтматов багын ачты эле.
Коркпостон сомду кийирип,
Герб менен туубуз илинип,
Акылы бир аз билинип,
Арбытып жолду басты эле.
Интернет жагын көбөйтүп,
Ийнеден көздү тапты эле.
"Манас 1000" атын чыгарып,
Мааныкер минип чапты эле.
Чыкебизге таянып,
Чет элден досту тапты эле.
Жанында жайнап жүргөндөр,
Жакын беле, кас беле.
Кымындай шекти билдирбей,
Кум-Төрдүн кенин казды эле.
Ырбатып улам жараны,
Ырысын элдин чачты эле.
Үч жолу шайлоо өткөрүп,
Үч жолу минген такты эле.
Үтүк көз кытай мактаса,
Үзөңгү-Куушту сатты эле.
Акыйкат айтса сулатып,
Аксынын элин атты эле.

Шайлоонун шайтан ойнунан,
Шашылыш күнү батты эле.
Манастын жери бүткөнсүп,
Москва көздөй качты эле.
Эссизин антип айдадык,
Эс акылы дурус деп,
Экинчисин шайладык.
Аянтка чейин той кылып,
Аябай аны майладык.
Улуу урматуу азирет деп,
Укмуштай сөздү камдадык.
Калкыбыз башта билбептир,
Калаарын түгөл алданып.,
Чыркыратып жыл өтпөй
Чымындай жанга күч болду.
Чындыкты айткан баарысы,
Чынжырлуу күнгө туш болду.
Жабыркатып күчөтүп,
Жарага тийген туз болду.
Калк алдында ант ичти,

Бирок ал,
Калайык көргөн түш болду.
Ордододон оюн көп чыгып,
Оорутту далай башыңды.
Баяман, Үсөн баш болуп,
Баарысын санап нетейин,
Балбандын көбү атылды.
Кербендер жүргөн көз артып,
Керемет жерлер сатылды.

Башында,
Кокуй кыргыз дегендер,
Койнун ачса бийлигиң,
Колтукка кирип жашынды.
Элпек жан оомо бирөөлөр,
Ээрчип кетти катынды.
Бирик кыргыз дегендин,
Битин сыгып иштеген,
Бизнесине таш урду.
Ушул го десек кыйыны,
Үйрүлүп барып Ак үйгө,
Үмүтүн элдин катырды.
Каруусу казык бирөөлөр,
Карааны болуп ак жолдун,
Кабагы катуу жазылды.
Еврей болот затым деп,
Этегин ачып макул деп,
Эркекмин деген сатылды.
Ким берди билбейм сунушту,
Кезекке катуу турушту.

Ажонун,
Баласынын атынан,
"Ак жол" партия курушту.
"Ак жол"болсо акыйкат,
Ак экенин унутту.
Тартып алма мансабың,
Тар экенин унутту.
Баарына калыс Кудайдын,
Бар экенин унутту.
Заманга жакшы калың журт,
Зар экенин унутту.
Каркыра жайлоо жактарды,
Кадимки пансионаттарды,
Казакка берип курутту.
Нур жааган кыргыз элинен,
Нурсултан эмне, улукпу.
Казактын кара шоктугун,
Кан Кошой кара жоктугун.
Жонунан кайыш тилинмек,
Каркыра кетип жатканда,
Жок десе болсо Бокмурун.
Текебер ажо кеп айтты,
Теледен оюн көп айтты.
Тиктебей өчкөн жарыкты,
Тергиле тезек деп айтты.
Техника өскөн заманды,
Тезекке теңеш жаманбы.
Аренда кылып жер алган,
Алардын көөнү караңгы.
Кырк тогуз жылга дегендер,
Кул кылат катын, балаңды.
А тамга качып кеткени,
Арбыбады элдин эч жери.
Көрсө Б тамгага жагыптыр,
Мурунку А тамганын,
Калтырып кеткен дептери.
Устаттан шакирт өтөт дейт,
Урматсыз элин жектеди.
Чок баскан калктын тагдырын,
Чоң курсак бирөө сезбеди.
Манастын ыйык мекенин,
Маңкурттар келип тепседи.
Жети атасы барктаган,
Жерин сатты жетпеди.
Келечек үчүн катылган,
Кенин сатты жетпеди.
Калк алдында калп айтып ,
Кебин сатты жетпеди.
Улуттун тилин кор кылып,
Укмуштун баарын чоң кылып,
Тилин сатты жетпеди.
Жөөттөргө кошулуп,
Жөнүн бузуп отуруп,
Динин сатты жетпеди.
Чегаралуу тоолордун,
Четин сатты жетпеди.
Кеп, сөзүңдү урбайм деп,
Керек болсо пулдайм деп,
ГЭСин сатты жетпеди.
Америкага күлмүңдөп,
Орустарга миң сүйлөп,
Бетин сатты жетпеди.
Ала-Тоонун байлыгын,
Артып алды жетпеди.
Таразалап бирөөнүн,
Тапкан ашын, эмгегин,
Тартып алды жетпеди.
Телефондон да тыйынды,
Калпып алды жетпеди.
Душман кылып чындыкты,
Дуулдашты жетпеди.
Четинен кармап түрмөгө,
Чурулдатты жетпеди.

А түгүл,
Агып жаткан дайрадан,
Суу уурдашты жетпеди.
Кеч болуп кала электе,
Кет десе дагы кетпеди.

Көрсө,
Майлыктай көрүп өз журтун,
Май баскан экен көздөрү.
Акыры кыргыз чыдабай,
Ак үйдү көздөй беттеди.
Ойлонуп көрбөй жакшылап,
Ок менен кирди аткылап.
Бир кезде ушул Ак үйдү,
Автомат менен коргойм деп,
Айтканы көзгө тартылат.
Кырылды кайран жигиттер,
Кыйылган сымал бак кулап.
Калк үчүн күйүп аянтка,
Карапайым элдердин,
Каралдылары барышты.
Коргошундан коркпостон,
Коргоду элдик намысты.

Болбосо,
Кара түн түшкөн ал жерге,
Какшанып калкым дегендин,
Каймагы барып өлгөн жок.
Саясатчынын сайраган,
Салмагы барып өлгөн жок.
Баатырмын деген чоңдордун,
Балдары барып өлгөн жок.
Башка улуттун бири да,
Батынып кордук көргөн жок.
Жалаң кыргыз жыйылды,
Жалаң кыргыз кырылды.
Тике карап ажалга,
Титиретти кылымды.
Ата журт үчүн, эл үчүн,
Акка мойну сунулду.
Эркектик аты даңкталды,
Эненин сүтү акталды.
Таяктын эки учу бар,
Тарыхта кара так калды.

Кечинде,
Топтолуп дүкөн, маркетти,
Тономойлор башталды.
Атайын күтүп турушкан,
Айдактады жаштарды.
Жүзөө бар мейли, миңөө бар,
Жүгү оор толгон күнөө бар.
Баары эле барбайт ал ишке,

Ичинде,
Башкарып турган бирөө бар.
Шайтандан шамал болбосо,
Шаарындын кантип куту учсун.
Азыраак намыс, ар болсо,
Акылы башта бар болсо,
Арамды кантип тутушсун.
Арамдан кантип кийинип,
Арамдан жешип сүйүнүп,
Арамды кантип жутушсун.
Бирөөнүн жеген акысын,
Кырсыктын татат ачуусун.
Өкүнүп тобоо кылмайын,
Дубасы өтпөйт бузуктун.
Келелек кезде көп балээ,
Кечээги ичип, жегенин,
Кеч болсо дагы кусушсун.
Теменени шиш кылып,
Теңирден тетир иш кылып,
Тер баскандарга айтайын.
Жесирлер муңга батканда,
Жетимдер ыйлап атканда,
Жер баскандарга айтайын.
Пайгамбарым Мухаммед,
Пайдалуу хадис кеп айткан:
Зулумдун жолун ачканга,,

Акысыз,
Бир кадам жерди басканга
Кыяматта кара жер,
Мойнунан кысат деп айкан.
Болор иш чындык акыйкат,
Болбосо муну неге айткан.
Кылалык иштин тазасын,
Кул акысы кыйын иш.
Кудайды көзгө илбеген,
Кутулбай алат жазасын.
Басып алган жерине,
Жатып алган жерине,
Кубанып кабат үйүңдү,
Курам десең болобу.
Ушул жер үчүн ак бата,
Угам десең болобу.
Жер силкинсе кокустан,
Кут качкан жерде жалынып,
Кудай десең болобу.
Улуу жолду улайлы,
Учуна жетип максаттын,
Улутту болгон күчтөр бар,
Укпайлы сөзүн акмактын.
Энең кыргыз болгон соң,
Элди бөлсөң акмаксың.
Жетең кыргыз болгон соң,
Жерди бөлсөң акмаксың.
Түндүк-түштүк дегендин,
Тилектерин таш капсын.
Жараксыз кепти укканда,
Жан дүйнө болот жарадар.
Өз элин бөлүп жүргөндөр,

Өзүнүн,
Өлгөнү менен барабар.
Жети ата сөөгүн мүрзөдөн,
Бөлгөнү менен барабар.
Дагы айтсам сөздүн ырасын,
Дартыман алсыз кубатым.
Кокуйлар тепсеп үстүнөн,
Кор болду маданиятың.
Олуттуу нерсе жазылбай,
Ор болду адабиятын.
Белгилүү жазуучуларың,
Белгилүү гезит аркылуу,
Бир-бирин казды уятын.
Жайдак сөздү жазышпай,
Жалпыга арнап чыгарма,
Жайышса дейсин кулачын.
Аксакал наркы болбосо,
Аларды кантип угасың.
Карыларга таңгалам,
Кайра туруп арданам,
Кыйынчылык учурда,
Калыс сөз айта албаган.
Манас деп миң көз турса да,
Максимдин көзүн тандаган.
Мал болуп кыргыз жатса да,
Мансаптууларды жандаган.

Көрсө,
Каада күткөн касиет,
Катары жок калыппыз.
Салттын жолун унутуп,
Сакалы жок калыппыз.
Баасын берер мезгилге,
Кайран кыргыз кантелик,
Бакайы жок калыппыз.
Калп кайгыны жыйбайлы,
Конституция дегенди,
Ханституция кылбайлы.
Жамаачылабай жыл сайын,
Жалпыбыз толук сыйлайлы.
Мыйзамың туура иштесе,
Муң-зарың болбойт турбайбы.

Азыр,
Зоболом менин бийикте,
Зор болом деген көбөйдү.
Чогулган жерде кыйкырып,
Чоң болом деген көбөйдү.
Төңкөрүшкө баргам деп,
Төш кага берген өнөрбү.
Жети өлчөп, бир кесип,
Чыгарган кыргыз чечимин.
Аралашпай саясаттарга,
Ар ким өз билсе кесибин.
Тентибей кыргыз ар жерде,
Терметсек бакыт бешигин.
Ый болбой ырлар көбөйсө,
Ынтымак бийлеп сезимин.
Жыргал бир заман келсе экен,
Жыртпастан коңшу эшигин.
Бир кезде,
Кызыкты кыргыз кылчу эле,
Кылычсыз кымыз ичкенден,
Кытайын коркуп турчу эле.
Миздүүдөн калкым курч эле,
Мингени буудан кыргыздан,
Миң улут коркуп турчу эле.

Азыр,
Так төбөдө туш болду,
Тамын салып жериме,
Тажиктертер кыйын күч болду.
Как төбөдө туш болду,
Каалаган жерин алышып,
Казактар жаман күч болду.
Жаңы бийлик дегендер,
Жалпынын камын жегендер.
Өкүмөтпүз дегендер,
Өлкөнүн камын жегендер.
Катарыңардан чыкса экен,
Калк үчүн күйгөн кеменгер.
Бириңерден бириң эр,
Багытын таап кыргыздын,
Бактысын аччуу кимиңер.

Эми,
Элди багам дечүлөр,
Эл бактысын жебесин.
Көпкөндүн күлүн сапырган,
Көкүрөк тосуп атылган,

Кечээ,
Көрдүнөр шейит денесин.
Эл үчүн иштеп бергиле,
Эч бири кайгы жебесин.
Барганда Кудай алдына,
Беш миллион калк үчүн,
Баарыңар жооп бересиң.
Таалайлуу кимиң чыкса да,
Такалуу атын күүлөнткүн.
Тарттырбай жерин тизгиндеп,
Тажикке акыл үйрөткүн.
Карагер минип күүлөнткүн,
Казыгын кагып чыгарбай,
Казакка акыл үйрөткүн.
Кыл буубай эне тилине,
Кыргыздын кыргыз жеринде,
Кыргызча баарын сүйлөткүн.
Туура бийде тууган жок,
Тууганчыл бийде ыйман жок.
Жакыныңды кыйын деп,
Жакындатпа жанына.
Ким кыйын менден эле деп,
Кирбесин шайтан каныңа.
Калайык жардам кылышат,
Калыстык кылсаң баарына.

Эгер,
Жакшылыкты кылбасаң,
Жан талашып талап жеп,
Жалаң байлык жыйнасаң,
Каласың элдин каарына.
Бата эмес каргыш куюлуп,
Баталбай мекен тамына.
Барганын билбей каласың,
Лукашенконун жанына.

Эми,
Көрүнгөн жакка агылбай,
Бир жалындын табындай,
Бир дененин жанындай,
Бир тамырдын канындай,
Ыймандуу башчы табылып,
Ынтымактуу жашайлы,
Бир камчынын сабындай.