Муфтият жарадарларды зыярат кылды
Каргашалуу 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында көптөгөн мекендештерибиз оор, жеңил жаракат алышып, борборубуздагы ооруканаларга жаткырылганы баарыбызга маалым. Ушул күнгө чейин жаракат алып ооруканаларда жаткандарга Кыргызстан эли болгон жардамдарын аябай, материалдык жактан болсун, моралдык жактан болсун жардамдарын, колдоолорун көрсөтүшүп, жылуу сөздөрүн айтып келишүүдө.
Ошондой жардам колун сунгандардын катарында Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынын ошол кездеги убактылуу муфтий Абдушакур Нарматов баштаган муфтият жамааты Улуттук госпиталда Ак үйдүн алдында жарадар болгон адамдардын ичинен 40 адамга жаткан палаталарына кирип, акчалай жардам, намаз үйрөнүү, дуба китептерин берип, жакшы сөздөрүн айтышып, эртерээк сакайып кетүүлөрүн каалашты.




Фонддор да жарадар милицияларга жардам колун узатышты
Каргашалуу 7-апрель күнү Ак үйдүн алдында көптөгөн мекендештерибиз оор, жеңил жаракат алышып, борборубуздагы ооруканаларга жаткырылганы баарыбызга маалым. Ушул күнгө чейин жаракат алып ооруканаларда жаткандарга Кыргызстан эли болгон жардамдарын аябай, материалдык жактан болсун, моралдык жактан болсун жардамдарын, колдоолорун көрсөтүшүп, жылуу сөздөрүн айтып келишүүдө.
Ал эми ошол күнкү каргашада эки ортодо калып таяк жеген милиция кызматкерлериненен да көз жумгандар болду. Канчалаган укук коргоо сакчылары ооруканаларга жаткырылды. Албетте алар да биздин мекендештер, башка адамдар сыяктуу эле жардамга муктаж. Биринчиден моралдык колдоого, коомчулуктун аларды түшүнүү менен мамиле кылууларына муктаж болушууда.
Милиция кызматкерлеринин ошол кенемтелерин толтуруу максатта 22-апрель күнү "Адеп Башаты" фонду жана "Элим барсыңбы?!" кайрымдуулук фонду биргеликте ооруканада дарыланып жаткандарга биринчиден моралдык жана кичине да болсо материалдык жардамдарды беришип, аларды сабырдуулукка, Аллахтан келген сыноолорго туруштук берүүгө чакырып кетишти. Кызыл шапкечендер келген зыяратчыларга ыраазычылыктарын билдиришти.




Биз эмнеден адаштык?
Тарыхта белгилүү болгондой, ыймандуулук, ишеним алсыздай баштаган коомдо башаламандык, хаос өкүм сүрөт. Бизге жеткен маалыматтарга караганда, мурдагы замандарда башаламан болгон коомдорду Аллаа Таала ар түрдүү апааттар, керек болсо жер менен жексен кылуу сыяктуу жаратылыш кырсыктары менен акылга чакырган экен. Ким билет, балким, кудуреттүү Алла Таала бизди дагы да аяп, акылга келтирүү чарасын бири-бирибизге болбогон себептер менен карама-каршы коюу акылуу жеткирип жаткандыр.
Ооба, биз бири-бирибизди сөзүбүздөн түшүнбөй калдык. Эмнени талашып, эмнени бөлүшө албай жатканыбызды түзүктөп билип-билбей эле жек-жаатка бөлүнүп, бирибизге бирибиз муш кезеп жаткан кезибиз. Чын, бул да болсо Алла Тааланын бизге көрсөткөн жазасы. Байлык-бийлик үчүн бир тууган бир тууганы менен урушуп-талашканы акылга сыйабы.
Ыймандын алсыздыганан, ынтымактын жоголо баштагандыганан улам биз мына ушул өзүбүз каалабаган коомго, адеп-түшүнүктөргө көнүп бара жаткансыйбыз. Азыр эки адамдын башы бириккен жерде ушак-айың күчөдү. Керек болсо беш маал намазын окуган, өзүн кудайдын жолунда жүрөм деп эсептеген кишилерден деле мындай терс жоруктарды көрүп калып жатабыз. Пайгамбарыбыз (САВ), "Адам баласынын бири-биринин жакпаган сапаттары тууралуу сүйлөшүүсү гыйбат болот. Гыйбаттын жообун берүү үчүн ошол пенде кул акысын кайтарууга мажбур болот" деген.
Эгерде биз белгилүү бир адамдардын гана сөзүн сүйлөп, алардын тарабын талаша турган болсок, анда ошол жамаатка кызмат кылуу менен биз байкоосуздан экинчи тараптын акысын жей баштайбыз. Экинчиден, максаты так эмес коомдор башаламандыктан колу бошобой, бири-бирин укпай, болбогон нерселердин айынан өсүп-өнүгүүдөн артта кала берген сыяктуу биз да токойдо адашып калган пенде сыяктуу жол таппай турабыз.
Максат тууралуу сөз болгондон төмөнкү кырдаалды мисалга көрсөтүүнү туура таптык: Мисалы, бир кишиге жакын тууганыңдын үйү өрттөнүп жатат деген кабар келсе, ал кишиде эч ким үгүттөп айтпаса деле "өрттү өчүрүүгө көмөктөшөм" деген максат пайда болот. Анан ошол максатына жетүү үчүн тууганынын үйүнө карай чуркап жөнөйт. Анын жолунан бирөө-жарым чыгып, тоскоол болуп, ага жакпай турган сөздөр менен ашатып сөгүп кирсе деле ага көңүл бөлбөй, тууганынын үйүн өчүрүүгө ашыгат. А биз болсо өрттөнүп жаткан мамлекетибизди өчүрүүүнүн ордуна дагы деле бири-бирибиз менен талаш-тартыш маселелерибизди токтото албай жатабыз.
Менимче жүрөгүндө ыйманы бар ар бир киши өрттөнүп жаткан тууганына жардам беришке шашат. Эч ким жолдон чыккан кара мүртөз киши менен алым-сабак айтышып убара болбойт. Ошондуктан, биз да бет алган максатыбыздын сапарында ар ким ар түрдүү максаттар менен көңүлүбүздү өзүнө бургусу, бут тоскусу келе берет. Андайларга көңүл бөлбөшүбүз керек. Кураны керимдин Хужурат сүрөсүндө аят бар: "Эй, ыйман келтиргендер, силер күмөн санагандан алыс болгула. Бири-бириңердин кемчиликтериңерди издебегиле. Башка адамдарды чагымдабагыла, адамдарды уруштурбагыла. Себеби силер башка бир инсандын артынан сөз кыла турган болсок, ошол кишинин этин жегенге барабар болосуңар. Албетте инсан адашуучу. Аллаа Таала кечиримдүү зат. Тообо кылгыла" деп эскерткен.
Инсандарды уруштуруп, же болсо кабак-кашы менен маскаралаган кишилерге Алланын каары жаайт. Адам адашуу жолунда. Албетте адашуу жолунан ыйман сактайт. Ушул жерде дагы бир ойчулдун айткан насааты эске түштү: дүйнөнү бузуп жаткан эки түшүнүк бар: Биринчиси, мен ток болгондон кийин башкасы эмне болсо ошол болсун. Бул бүгүнкү күндө зекет, кайрымдуулук, жардамдашуу деген асыл сапаттардын жоголо баштагандыгынан улам пайда болгон түшүнүк. Экинчиси, менин рахаттуу жашоом үчүн башкалар мээнет кылсын. Бул кадимки эле сүткорлук. Бул илдет бизде күчөп кетти. Пайызга акча берип коет да башка адамдын бир ай бою кыйналып тапканын үйдө жатып алып таба берет. Ошондуктан бизде азыр кулдун акысы деген түшүнүк жоголуп кетти. Мамлекеттин, элдин, башка адамдын акысын уурдоо дегенден сестенүү сезимибиз тоңуп калгандай.
Кул акысы деген түшүнүк ар бир мусулманмын деген инсан үчүн өтө манилүү жана жооптуу принцип болууга тийиш. Пайгамбарыбыз (САВ), өмүр бою ислам дининин мыйзамдарын так аткарып өткөн кишини да эгер мойнунда башка бирөөнүн кул акысы илинген болсо акыретин куткара албай калышы ыктымал. Кыяматта ар бир пенде бири-биринен кул акысын талап кылышат. Мына ошондо башка бирөөнүн акысын жеген киши топтогон орозосунун, намаздарынын, ажылыгынан, зекеттеринин сооптору менен бөлүшөт. Эгер акы бөлүшүүгө сооптору жетпей калса, анда тигил акысын доолаган тараптын күнөөсүн алат.
Жаман деген нерсенин жаман экенин билгенден кийин ошол ишке барбаш үчүн ар бир адам өзүнө сөз бериш керек. Илгери ата-бабаларыбыз "менин оозумдан бир ушак сөз чыга турган болсо мен 3 ай бою орозо кармайм" деп, өзүнө өзү сөз берип, ал убадасын аткаргып жүрүп ошол терс адаттан кутулган экен. Ошондуктан биз да өз ыйманыбыздын алдында өзүбүзгө өзүбүз сөз берип, аны аткарышыбыз керек. Ошондуктан, Кудайды эстеп ибадаттуу жашого, бири-бирибизди сыйлап урматташ жашоого аракет кылалы.

Марс Ибраев,
"Адеп-башаты-Ош" фонду