Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 2
Көңүл айтуу
Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы 7-апрелде кыргыз элинин келечеги үчүн курман болгондордун ата-эне, бир туугандарына, үй-бүлөлөрүнө, жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.
Акыйкат издеп курман болгон баатыр жигиттерибиздин жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы бекем болсун!
Алла Таала күнөөлөрүн кечирип, бейиштен орун берсин! Ал эми, Кыргызстан мекенибиз, элибиз тынчтыкта, бакубат жашоодо, ыйман жолунда өмүр сүрсүн!
Ылайым каргашалуу окуялар кайталанбасын!

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы




Шейиттер өлбөйт!
Каргашалуу кандуу 7-апрелдеги окуяда кыргыз эли 87 эр азаматынан ажырап, кайгырып турган убагы. Ошол күнү курман болгон эр азаматтардын ичинде Кыргызстан мусулмандарынын азрети муфтийинин айдоочусу Эргешов Мирлан Калилович жана Кыргызстан Ислам университетинин 1-курсунун студенти Эңсебай уулу Адыл да бар эле. Бул эки жигит он эки гүлүнүн бири ачылбай туруп, жашоонун ачуу-таттуусун тартпастан чын дүйнөгө акыретке сапар алышты. Алла Таала жаткан жерлерин жаннаттан кылсын. Артында калган ата-эне, бир туугандарына, үй-бүлөлөрүнө сабыр берсин, Аллахтын тагдыры экен, андан эч кимибиз кача албайбыз.
Эргешов Мирлан Калилович 1982-жылдын 4-октябрында Ош облусунун Ноокат районунун Беш-Буркан айылында жарык дүйнөгө келген. Аркасында өмүрлүк жубайы менен бир жарым жаштагы Азизбек деген уулу калды.

Эңсебай уулу Адыл 1990-жылдын 18-сентябрында Ош облусунун Кара-Кулжа районунда туулган. Каргашалуу окуяга чейин Сокулук районунун Ново-Павловка айылында жашап келген. Үч бир туугандын улуусу, 2 карындашы бар эле. Адыл чет тилдерин үйрөнүүгө кызыгып, Ислам динин башка улуттарга жеткирүү да анын негизги максаттарынын бири болгон.




Кудайдын Сөзүн өз кызыкчылыгынан жогору коё алган адам гана Муфтий боло алат
Ниязали Арипов

Ата-бабаларыбыздын дуба тилектери кабыл болуп, Кыргызстаныбыз 1991-жылы эгемендүү республика катары дүйнө өлкөлөрүнүн арасынан татыктуу ордун алды. Анын шарапатында дин эркиндиги колубузга тийип, мусулмандар намаз окууга, дуба кылууга кеңири мүмкүнчүлүктөргө ээ болду. Жаш муундарга дин тарбиясын берүүгө, үгүт-насыят иштерин кең-кесири жасоого мүмкүнчүлүк алганыбызга Аллах Таалага шүгүр айтуубуз лаазым. Мээрими чексиз Аллах Таала Өзүнүн ыйык сөзүндө "Эгерде бергениме шүгүр кылсаңар жакшылыгымды арттырам…" (Ибрахим сүрөсү, 7-аят) деген.
Андыктан Ислам дини дегенде ыйыктыкты, аруулукту түшүнгөн, молдо дегенде ыймандуулукту, адилдиктин даанакерлигин көрө билген мусулман калкыбыздын ишенимин канчалык деңгелде актай алдык деген суроонун айланасында ойлонуу убактысы келди. Дин чөйрөсүнө тийешеси бар жана таасир көрсөтүүгө чакырылган адамдар эмне менен алек болуп жатабыз? Эртең Улуу Жараткан алдында кандай жана кайсы иштерибиз менен эсеп беребиз?
7-апрелден кийин Кыргыз элин, жалпы мусулман коомчулугун түндүк, түштүккө бөлүү аракетин жасагандар, улут аралык араздашуу жасоого чабарман болгондор кандай жоопкер болмокчу? Дин чөйрөсүндө эки уктап бир турган сайын иши да, максаты да Муфтий болуу же Казы болуу көздөрүнөн учкандар, жылуу ордунда эптеп, тырмышып болсо да калып калуу менен алектенгендер кандай жооп берет? Чын, акыйкатын айтканда алардын дин илими, эл арасында кадыр баркы, динге, элге сиңирген эмгеги канчалык. Ага карабай молдолук дегенде эле бийлик-байлыкты элестетип, барган жерде келиң молдоке, төргө өтүң дегени, төркеңештин берген соогалары менен кешиктери арбап салып жүрбөсүн. Деги, алар жаңылыштыгын моюнга алып, "туура эмес жолдо жүрүпмүн, бузукулук да кылыптырмын" дешин күтүп, ыйманга чакырып турабыз.
Албетте, алар шашылышы керек. Болбосо, андай күн келгенде, артка кайтууга кеч болуп калаарын унутпай, эртелеп эстерине келиши зарыл. Ыйман таразасын ар бири өз жүрөгүнө коюп, Мээримдүү Мухаммад (с.а.в.) пайгамбарыбыз айткандай "Эсеп-кысап кылынаардан мурда өзүңөрдү өзүңөр эсеп-кысап кылгыла, таразага койгула" деген осуят сөзүн эстеп, жыйынтык чыгарышы абзел.
Үстүбүздөгү жылдын 7-апрель окуясынын кайра кайталануусуна мындан ары жол бербөө зарыл. Ал күнкү кандуу окуя акыйкат жыйынтыктарды чыгарууну талап кылууда. Он гүлүнүн бири ачыла элек чырактай болгон жаш жигиттерибиз адилеттик деп, акыйкат деп ажал тапты. Балдары жетим калды, ата-энеси кароосуз калды. Кайгылуу бул окуяны Кудай Тааланын эскертүүсү, эсиңерге келгиле, туура эмес багытта баратасыңар деген белгиси катары кабыл алып, жыйынтык чыгаруубуз парз. .
Азыркы айрым иштерге ичибиз чыкпай, жүрөгүбүз жай таппай жатат деп 11-май күнү Муфтиятка келип, "Жети дубан калыс Эл" биримдигин курабыз деген жаштардын эки өкүлү "молдокелер, байкелер, Кудай алдында ак иш адал мээнет жасашыбыз үчүн биз эмне кылсак? Кандай кеңеш бересиңер?" деп өмөктүү ойлорун ортого салганда баарыбыздын көзүбүзгө жаш кылгырды.
Урматтуу жаштар мындан кийин Муфтият чөйрөсү аруу таза болот, буюрса биздин ишибиз да, мамлекетибиз да оңолот. Силердин келечегиңер кең болот деп дуба кылып, ичибиз эзиле ыраазы болдук. Мындай каргаша кайталанбашына аракеттенебиз деп убада бергибиз да келип турду. Бирок, айрым бурадарлар кайнап турган күч энергиясын, акылын үмүтсүздүккө багыштап, баарыңар жалганчысыңар деп бетке айтып турганда, унчугууга мүмкүн болбоду. Ушундай ойлор, жаштардын, карапайым мусулмандардын адилет чакырыктары муфтият ишин оңдоого, эртең эл алдында жүзүбүз жарык иштешибизге жол ачышы керек.
Кайгылуу окуя болгондун эртеси Кыргызстан мусулмандарынын азрети Муфтийи Муратали ажы Жуманов Уламалар Кеңешине арыз жазып, өз каалоосу менен иштен бошотууну өтүндү. Ошол күндөн бери дин башкармалыгында оңду, солду чайпалуулар болууда.
Дин чөйрөсүндө да бийлик үчүн коркутуп үркүтүү, түбү жалган сөздөр менен чагым таштоо, ультиматум коюулар да болбой койгон жок. Менин адамым мынча, керек болсо сени мындай кылам деген шыбыр сөздөр да жок эмес. Эмнеси болсо да, бул өкүнүчтүү көрүнүш. Мындай нерсе жок биз акпыз, тынчпыз деп жашыргандан эмне пайда?
Ошондуктан, урматтуу дин чөйрөсүнүн өкүлдөрү так үчүн талаш Исламдын өзүндө Пайгамбардын дээринде болбогон окуя. Исламда мусулман адеби Кудай алдындагы опол тоодой жоопкерчилик. Өзү үчүн эле эмес, эл жүгүн көтөргөн оор жүк катары карап умтулуунун өз жок нерсе. Сунуш болсо кабыл алуу гана бар.
Мындан кийинки Муфтий болгон адам сүйүнбөшү керек. Анткени, жалпы Эл, мусулмандар акыйкат эмне экенин, таза иш алып баруу кандай экендигин улам көтөрүлүш боло берип билип калды. Эми, таразадай тактыкты, пайгамбардай калыстыкты, ак кагаздай актыкты желкеден жетелеп талап кылаарын көз жаздымдан чыгарбоо керек. Ушундай жолго барууга сөз берген, илимине ишенген, адеби, жүрүмү- туруму, аткарган иши үлгү болгон, Кудайдын сөзүн өз кызыкчылыгынан жогору коё алган адам гана Муфтий боло алат. Мындай сапаттардан узак, кандай гана колдоочусу бар инсан келбесин, анын эртенки бийлигинин пайдубалы бош утурумдук экендигин тарых тастыктап койоорун эске алуубуз абзел.
21-апрель күнү КМДБнын чакыруусу жана уюштуруусу менен Кыргызстан мусулмандарынын Уламалар Кеңешинин жыйыны болуп өттү. Жыйын жеңил өткөн жок. Коомдук уюмдар, бирикмелер, Эл өкүлдөрүнүн катышуусу менен талкуу талаш менен коштолуп өттү. Талаштан тактык жаралат дегендей Кеңештин жыйынтык чечимдери көпчүлүктү бириктирүүгө багытталды. Анын биринчиси, Муфтийдин милдетин аткаруучу Абдишүкүр ажы Нарматовтун өз каалоосу менен Уламалар Кеңешинде иштен бошотуу арызы сунушталып, кабыл алынды. Кыргызстан мусулмандарынын Курултайы чакырылып, КМДБнын Уставына өзгөртүү жана толуктоолор киргизүү менен жаны Уставты курултайда бекитип алуу чечими чыкты.
Жаңы Устав бекилгенден кийин, Уламалар Кеңешин шайлоо маселеси Курултайда чечилсин деген чечими чыкты. Ал эми, жаңы шайланган Уламалар Кеңеши аркылуу жаңы Муфтийди шайлоо иши да Курултай артынан эле чечилээри күтүлүүдө. Мына ушул иш чаралар болуп өткөнгө чейин Муфтият жамааты Азрети Муфтийдин 1-орун басары Сүйүн ажы Кулуевдин жетекчилигинде толук кандуу иштей бермекчи деген чечим чыкты.
Андыктан, сабырдуулук менен Курултайды калыс өткөрүү зарыл. Уставка өзгөртүү киргизип, анын негизинде калыс, көз карандысыз, шарият илимдери боюнча туура чечимдерди чыгара ала турган калыс Уламалар Кеңешин түзүп алуу негизги максат. Бул Уламалар Кеңеши Кыргызстандын учурдагы шарттарын эске алып, татыктуу Муфтийди шайлап берээрине үмүт бар. Азрети Муфтийди тандоодо жана шайлоодо өзгөрүлгүс болгон төмөнкү өлчөмдөргө таянаарыбызда талаш болбошу керек:
- Дин илимдерин (Куран, хадис, фикх ж.б.) жетиштүү билүү;
- Ахли сунна-вал жамаат акыйдасында болуу;
- Ханафи мазхабында болуу;
- Адеби, жүрүм-туруму менен үлгү болуу;
- Эл арасында кадыр баркына шек келбеген;
- Жетекчилик жана уюштуруучулук жөндөмү болгон;
- Бир калып, жоопкерчиликти ала билген;
- Уламалар Кеңеши алдында, Курултай алдында өзүнүн иш-аракеттеринин план программасын айта алган, ишендире алган болгону дурус.
Мына ушундай сыпаттарга ээ болгон мусулман бир туугандарыбыздан канча адам болсо шайлоонун альтернативалуу ыкмасы аркылуу акыйкат жыйынтыкка келүү парз. Ага ыймандуулук, калыстык, ынтымак жана биримдик эрежелери менен баруубуз кажет.
Ниязали Арипов
КМДБнын Медресе жана окуу иштери боюнча бөлүм башчысы,
теология илимдеринин доктору




Муратали ажы Жуманов

Абдишукур ажы Нарматов

Сүйүн ажы Кулуев

Апрель айы муфтийлерге бай ай
7-апрель окуясынын так алмаштыруу илеби Кыргызстан мусулмандарын да аралап кетти. Тактап айтканда, кандуу окуянын эртеси 8-апрелде мурунку муфтий Муратали ажы Жуманов ден соолугуна байланыштуу өз арызы менен муфтийлик кызматка Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишукур ажы Нарматовду убактылуу дайындап кеткен. 21-апрель күнү Уламалар Кеңешинин кезектеги жыйынында убактылуу муфтий Абдишукур ажы Нарматов да өз каалоосу менен муфтийлик кызматты тапшыра тургандыгын уламаларга билдирди. Акыры Устав боюнча муфтийлик милдет муфтийдин 1-орун басары Сүйүн ажы Кулуевге убактылуу жүктөлдү.


Борбордук мечиттин курулушу токтобойт
Түркия элинин түздөн-түз көмөгү менен баш калаабызда борбордук мечиттин курулушу башталуунун алдында турат. КМДБ мечит түшө турган жерди мурда көмүлгөн маркумдардын сөөктөрүнөн тазалоо жана башка жерге көмүү иштерин бүтүрүү алдында турат. Мечиттин долбоору толугу менен түрк туугандар тараптан даярдалган. Учурда ал долбоорду жергиликтүү шарттарга адаптациялоо иштери жүргүзүлүүдө.
Эсиңиздерге салып кетсек, Бишкек шаарында Борбордук мечиттин курулушу Жибек Жолу проспекти менен Гоголь көчөсүнүн кесилишинде "Ысык-Көл" кинотеатры жайгашкан бакта курулмакчы.






кыргыз тилиндеги гезит "Ислам маданияты"
30-май, 2010-ж.:
1-бет
Өссө дейт бири калкалап,
Өлсө дейт бири балталап.
Ынтымак сурап замандын,
Ыйлаган муңу байкалат.

2-бет
Көңүл айтуу
3-бет
Муфтият жарадарларды зыярат кылды
4-бет
Терроризмди Исламдан көрүү - наадандык, Исламдан деп көргөзүү - кылмыш
5-бет
Рамзан Кадыров, Чеченстандын президенти:
"Бейишке, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү аркылуу барууга болбойт"

6-бет
Дагы эле "кудайсыз, дин безер "светское" баш мыйзам менен жашай беребизби?
7-бет
Бөлүнүүгө алып барган сөздөрүбүз менен жүрүм-турумубузду токтотолу
9-бет
Калк арманы
10-бет
Аалы акындын кайрылуусу
11-бет
Оштук тележурналистти хижаб кийгендиги үчүн жумушунан четтетишкен
12-бет
Хижабды чечсек эле өлкөнүн коопсуздугу сакталып калабы?
13-бет
Уурулук менен каракчылыктын айырмасы
13-бет
Мамбетасан Ибраев менен сандан санга ыйман сабагы
"Тагдырга ыйман келтирүү"

14-бет
Жаңылган ата
15-бет
Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнүнө карата конкурстун жыйынтыгы
16-бет
"Акындар Мухаммед пайгамбарды даңазалайт" аттуу конкурсунун жыйынтыгы



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_2.htm on line 80