"Акындар Мухаммед пайгамбарды даңазалайт" аттуу конкурсунун жыйынтыгы
2010-жылы "Куттуу Жумалык" жөрөлгөсүндө кыргыз акындар арасында "Акындар Мухаммед пайгамбарды даңазалайт" аттуу конкурсунун жыйынтыгы чыкты.
Конкурстун калыстар тобунун мүчөлөрү төмөнкү аттуу-баштуу акын жазуучулардан куралган: Абдрахман Алымбаев, Бактыгүл Чотурова жана Токтосун Самудинов.
Конкурска жалпысынан 82 адам катышты. Калыстар тобу келген ырларды электен өткөрүп, кара кылды как жарган калыстыктары менен "Акындар Мухаммед пайгамбарды даңазалайт" аттуу конкурсунун жеңүүчүлөрүн аныкташты:
1-орун - Исабек Токтогулов, Жалалабат облусу, Токтогул району;
2-орун - Жылкычы Жамгырчиев, Нарын облусу, Жерге-Тал айылы;
3-орун - Чынара Юсупова, Сокулук району, Орок айылы;
4-орун - Алайчы Сейитбеков, Аламүдүн району, ГЭС-2;
5-орун - Бакыт Жунусалиев, Бишкек шаары;
6-орун - Махабат Касейинова, Бишкек шаары;
7-орун - Мурзабай Аманилла уулу, Ош шаары;
8-орун - Сексенбай Турдукожоев, Москва району, Беловодск айылы;
9-орун - Айылчы Токтогулов, Сокулук району, Жаңы-Жер айылы;
10-орун - Саида (Санавар) Сайпидинова, Ош шаары.

Жогоруда аты аталган байге ээлерине сыйлыктар 2010-жылдын 20-майында Спорт Ордосунда өткөрүлгөн жөрөлгөдө тапшырылды.
Түркия Элчилигинин
Дин иштери боюнча кеңешчилиги





Конкурста 1-орундун ээлеген Исабек Токтогуловдун Пайгамбарыбыз (САВ) тууралуу жазган ыры
Осуяттан бир тамчы
Философпу, жазуучубу, акынбы,
Тартып алат Мухаммеддин акылы.

Күн нурундай түбөлүктүү улуу зат,
Ажары анын кут сыяктуу кубулат.

Ар сүрөсү бүткөн не бир асылдан,
Куран сөзүн турмушка өзү ашырган.

Сөздүн куту жанга таасир берүүчү,
Чоң насыйкат - жашоо көркү хадиси.

Анысы чын адамдар көп күнөлүү,
Пайгамбарым айткан арам, күнөөнү.

- Пендем уккун! Өлбөй турган ким дейсиң,
Жакшы, жаман өлүм үчүн бирдейсиң.
Акыл жактан бийик аска, туусуңар,
Мезгил келсе агып өткөн суусуңар.

Теңир өзү берсин кубат денеңе,
Куран оку чоң атаңа, энеңе.

Болсун дайым сапатыңар адамдык,
Адам болсоң алма баштуу жаралып...

Сыйла, ардакта, төрөп, баккан апаңды,
Көп кейитпе үй түркүгү атаңды.
Бул жашоодо нике бузуу чоң күнөө,
Бузулбасын ынтымактуу үй-бүлө.

Кан жошулуп адам азап чекпесин,
Көңүлгө тут, улуу Теңир кечпесин.

Теңир кечпес да бир күнөө - уурулук,
Өмүрү андан чыга албайсың суурулуп.

Өнөр тутпа - ач көздүктү, жалганды,
Көр дүйнөдөн пайда тапкан жан барбы.

Ач көздүктүн арты дайым армандуу,
Дүйнө чиркин жаңылтат го хандарды.

Таза жүрсөң улугусуң дүйнөнүн,
Аруу өтөт бул жалганда күндөрүң.

Эгер сенин мөлтүр болсо сезимиң,
Ачып берет Теңир Бейиш эшигин.

Алыш үчүн Расулдун алкышын,
Осуяттан жаздым жалгыз тамчысын.

Куран, Хадис - ыйык, аздек буюмум,
Ушул менин аруу, сүйүү, туюмум?!


Муфтият эскертет!
Урматтуу мусулмандар, сиздер 1-сүрөттө көрүп турган түстүү китеп "Мусулмандын зарыл китеби (Имам Аазам мазхабы боюнча). Даярдаган Шамсуддин Абдыкалык уулу, Бишкек-2010. Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасынан текшерилген да эмес, уруксатын да алган эмес. Ал эми бул китепке жазылды делген 2-сүрөттөгү муфтийдин каалоо сөздөрү, муфтийдин колу, муфтияттын мөөрү кандайча китепке кошулуп калгандыгын автордун жеке абийирине койдук. Ал өзүнүн жеке "автордук чыгармачылыгы".
Экинчиден, аталган китептин диний редактору Кыргызстан Ислам университетинин ректору Абдишукур Нарматов деп жазылып жүрөт. Бирок биз Абдишукур ажыга кайрылганыбызда, бул китепти текшербегендигин, жада калса, көргөн эместигин жазуу түрүндө билдирген.
Үчүнчүдөн, китептин сыртында "Имам Аазам мазхабы боюнча" деп жазылынганы менен, китептин ичинде 20дай жерде Имам Аазам мазхабына карама-каршы келген пикирлер айтылынган. Бул китеп Имам Аазам мазхабын карманган мусулмандар ортосунда (Кыргызстандыктар Имам Аазам мазхабында) пикир келишпестиктерди жаратпай койбойт.
Ошондон улам Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармасы, бул китептен эч кандай жоопкер эместигин, китепте жазылган муфтияттын уруксатын эч качан бербегендигин жана ханафий мазхабындагылар үчүн "зарыл китеп" эместигин билдирет.




Жаңы китептин "тушоосун кесүү"
Гезитибиздин ушул санында муфтияттан уруксат алып, басылып чыккан төмөнкү 1 китепти жарыяламакчыбыз.

Намаз Окуйбуз
Бул китепче даарат алууну, намазды туура окуу эрежелерин үйрөткөн эмгектердин бири.
Бул китепчеде Ислам динидеги тазалыктын маниси, тазалануу жолдору, даарат алуу сүрөттөр менен намаздын мааниси, түрлөрү, намаз окуу тартиби сүрөттөр менен кеңири түшүндүрүлгөн.
Бул китепчени даярдаган "Адеп Башаты" фонду.
Бул китепче жалпы окурмандарга арналган.




Кыздарды окууга чакырабыз!
Түркия Диянет Иштери Фонду 2010-2011-окуу жылына Талас аймагынан 20 кыз жана 10 балага Түркиянын Эрзурум шаарына бир жылдык Куран курсуна окуучуларды кабыл алууну жарыялайт.
Куран курсунун окуучуларга койгон шарттары:
- 9-классты аяктаган окуучулар;
- Жашы 18 жаштан ашпаган окуучулар;
- 9-классты "эң жакшы" жана "жакшы" деген баалар менен аяктаган окуучулар.
Куран курсун ийгиликтүү бүтүргөн окуучуларга сертификат берилет. Окуучулардын арыздары Түркия Элчилигинин Дин иштери кеңешчилигинде үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягына чейин кабыл алынат.

Балдарды окууга чакырабыз!
Түркия Диянет Иштери Фонду 2010-2011-окуу жылына 10 окуучу эркек балага Түркиянын Кайсери шаарына төрт жылдык "Имам-Хатиб" лицейине окуучуларды кабыл алууну жарыялайт.
Окуучуларга коюлган шарттар:
- 9-классты аяктаган окуучулар;
- Жашы 18 жаштан ашпаган окуучулар;
- 9-классты "эң жакшы" жана "жакшы" деген баалар менен аяктаган окуучулар.
"Имам-Хатиб" лицейин ийгиликтүү бүтүргөн окуучуларга лицейди бүтүргөндүгүн тастыктаган диплом жана билимин Түркия мамлекетинин жогорку окуу жайында улантуу мүмкүнчүлүгү берилет. Окуучулардын арыздары Түркия Элчилигинин Дин иштери кеңешчилигинде үстүбүздөгү жылдын июнь айынын аягына чейин кабыл алынат.