Жаңылган ата

Аттиң, адамдардын баары өмүр жашоосун туура пайдаланса кана? Адамдардын баары жашоодогу максатын билсе кана? Кайдан келдик, кайда жүрөбүз, кайда барабыз? Эгер адамдардын баарынын башына ушул суроолор келип, ага жооп издешсе, балким жашоо жолу азыркыдан башкача болоор эле? Адамдын бактысыз болуусуна ким күнөөлүү? Адам өзүбү же башкаларбы?

Жакын жердеги акыр-чикирден жагымсыз жыттын киргенине да кайыл болуп, аңырайта ачып койгон терезеден алгылыктуу жел кирбей бөлмө ичи үп болуп ысып кетти. Бөлмөдө эки керебет, экөөнүн ортосунда бир майда-чүйдө койгонго жараган столчо, бурчта кийим илгич, андан башка көзгө урунаарлык эч нерсе жок. Керебеттин биринде эки жамбашын жаздык менен сүйөтүп койгон абышка отурат. Ээгинде бир тал сакалы болбогон менен, кара-көк тартып бошошуп калган беттери, кабат-кабат бырыш баскан маңдайы, кеберсип жарылган эриндеринин арасынан көрүнүп турган тишсиз бүйлөсү, анын бир топ жашты жашап койгонун айтып турат. Абышка ысып кетти окшойт, маңдайынан сызылып чыккан терин жеңи менен сүртүп койду. Көптөн бери отурганга жамбаштары талып, жаткысы келди. Бирок өз алдынча жата албастыгын эстеп эшик тарапты үмүт кыла бир карап койду. Жанындагынын чыгып кеткенине бир топ болсо да али кире элек, телевизор көрүп атса керек кыязы. А тиги тамак ташыган эмеси саат бир болмоюнча кире койбойт. Бир жамбашындагы жаздыкты акырын жылдырып, ошол тарапка бир аз кыйшайып катуу онтоп алды да, кайра тынчып калды. Баары бир жата алчудай эмес. Кыймылсыз болуп калган буттары жерге көздөй тартып, жамбашы үзүлчүдөй сыздап ооруп кетти. Айла жок бирөө киргенге чейин баары бир күтүү керек.
Абышканын мындай абалга калганына эки айча болду. Ага чейин өз аягы менен басып, эшикке кирип чыгат эле. Анча-мынча кармап калчу талма оорусун эске албаганда карыялар үйүндөгү тыңдардын бири болчу. Анан кокус эле эки буту иштебей калды да, минтип жатса тура албай, турса жата албай бирөөнүн колун карап калды.

Бул дүйнө учкан куш сыяктуу деп туура айтышат. Алыстан шуулдап учуп келе жаткан канаттуулар бир заматта үстүңдөн учуп өтөт да, бир аз соң караанын да көрсөтпөй алыстап кетет. Кечээ эле жолдон өткөн машиналар менен жарышып чуркап жүргөн жаш балдар, бүгүн кер мурут жигит, эртең болсо бели бүкчүйгөн абышка. Өмүр дегениң бул - эртең менен чыгып кечинде батып кеткен күн сыяктуу эле экен го. Кечээ бар элең бүгүн жоксуң, бүгүн болсоң эртең жоксуң. Чындыгында бизге узундай сезилген өмүр өтө эле кыска тура. Балким, өмүр ошол кыскалыгы менен баалуудур. Өмүрдүн башы баалангыс кымбат экенин баарыбыз билебиз. Бирок ошол эч нерсеге баалангыс өмүрдү бекерге коротуп жатканыбызды билбейбиз. Аттиң, адамдардын баары өмүр жашоосун туура пайдаланса кана? Адамдардын баары жашоодогу максатын билсе кана? Кайдан келдик, кайда жүрөбүз, кайда барабыз? Эгер адамдардын баарынын башына ушул суроолор келип, ага жооп издешсе, балким жашоо жолу азыркыдан башкача болоор эле? Адамдын бактысыз болуусуна ким күнөөлүү? Адам өзүбү же башкаларбы?
Азыр эле жатууга алы келбей, эшиктен көзү өтүп бирөөнү күтүп жаткан абышка да, өзүнүн ушундай оор абалга туш болуусуна ким күнөөлүү экенин билбей ойго батып отурду. Өзүбү, же багып чоңойтуп койгондон кийин карабай, аялын ээрчип кеткен жалгыз баласыбы? Чындыгында баласын аябай жакшы көрчү. Жалгыз бала деп, өзү жебегенди жедирип, өзү кийбегенди кийдирип чоңойткон болчу. Апасы кайтыш болуп калгандан соң, өгөй эне балага катуу тийип коёт деп үйлөнбөй да койгон болчу. Баласы да ар нерсеге шыктуу эле. Мектепти жакшы аяктады. Мектепти бүтөөр жылы өзүнчө намаз үйрөнөм деп мечитке бара калчу. Баса ошонун айынан бир жолу баласына катуу тийгенин эстеди абышка. Мечиттен келген бала атасына:
- Мектепти бүтүп, медресеге окууга кирсем кантет, ыя, ата - деп калбаспы. Ошондо үстүнө кайнак суу куюп жибергендей чоочуп:
- Ыя, эмне дейт мобу акылсыз. Сен эмне тиги Кашкабаштай молдо болоюн дейсиңби? Ой, бир айылга бир эле молдо жетет! - деп кыйкырган.
- Мен эмне, Кашкабаштын молдочулугун талашайын деп атамбы, - деп, баласы да өз оюн бергиси келген эмес.
- Ой, жетишет көп сүйлөбө! Башына топу кийип, аялдардай болуп этегиңди тепкилеп, качан ким өлө калат экен бара койсом деп ар кимдин өлүмүн тилеп жүрөсүңбү? Жоок балам, сен зыңкыйып костюм-шым кийген, галстук байланган интеллигентный адам болосуң - деген. Атасын көндүрө албастыгына көзү жеткен бала, эмне дээр экен дегенсип:
- Ата, жок дегенде сенин өзүңө жаназаны мен окусам жакшы эмеспи - деп тийише сүйлөгөн атасына. Ошондо баласынын сөзүнө чындап жини келип:
- Ой, атаңдын оозу... мага жаназа-маназа окубай-этбей эле кой. Тим эле тиги дүйнөгө барып келгенсип, жаназаңдын да, бейишиңдин да кереги жок. Тур, ишиңди кыл, экинчи мечитти көздөй басканыңды көрсөм элеби, атаңды гана таанытып койбосом! - деп кагып-силкип койгон.
Кийин баары өз ниетиндегидей болду. Баласы Москвадан окуп, ошоякта иштеп калды. Костюм-шым кийди, галстук байланды. Орус аялга үйлөндү. Атанын бар же жок экени менен да иши болбой калды. Ырас бир жолу аялы, баласы менен келип кетти. Кеткенде да жөн кетпей үйүнү сатып, атасын бирөөнүн үйүнө киргизе салды да, мен акча жөнөтүп турам, ошону менен жашай бересиң деп кетти. Ошол бойдон кабарсыз. Өзү эптеп өлбөстүн күнүн көрүп жүргөн. Анан какаганга муштаган болуп талма оорусуна кабылды. Эч ким жок жалгыз жүрүп бир күн өлүп каласың, андан көрө борборго барып карыялар үйүнө кирип ал, тынч жашайсың дешкенинен бул жакка келе берген. Эми минтип ордунан да жыла албай калып отурат.
- Уфф! Абышка оор үшкүрүп алды. Анын чылпактаган, жүлжүгүй бирок нуру өчө элек көздөрүнөн не баласына не өзүнө не тагдырына болгон таарыныч билинбеди. Болгону батыраак бирөө кире калып, ордуна жаткызып койсо экен деген гана жалбаруу сезилип турду. Аңгыча тилегени кабыл болуп эшиктен тамагын көтөрүп багуучу аял кирип келди. Аны менен жарашыктуу кийинген бир жаш жигит кошо кирди. Аял эми тааныштырайын деп калды эле тиги андан озунуп:
- Ассаламу алейкум ата. Мен сиздерди зыярат кылганы келдим эле, эгер сизге зыян кылбасак бир аз сүйлөшүп отуралы - деп, анын жообун күтпөй эле бош турган керебетке отурду. Абышка аялга кол жаңсап, жаткызып кой дегенсиди. Качан гана аял аны жакшылап жаткырып жайгаштыргандан кийин, эмне кааласаң айта бер дегенсип тигини карап калды. Ал кол баштыгынан ар түрдүү жемиштерди алып столчонун үстүнө койду да, бир кутуча сокту ачып, столдун үстүндөгү стаканга куюп абышканын колуна карматып, өзү аны өйдө кылып сүйөп турду. Абышка бир-эки уурттаган болду да кайра өзүнө берип:
- Ырахмат, балам - деди, кирилдеп араң чыккан добушу менен.
- Ата, ооруган адамдарды, картайган адамдарды барып кабар алуу мусулмандардын милдети. Пайгамбарыбыз карыяларды сыйлабагандар менин үммөтүм эмес деген. Ошон үчүн сиздерге келдик. Бир аз жардамыбыз бар эле тыякка тапшырдык. Сизди ордунан жыла албайт дегенинен атайын кирдим. Туугандарыңыз, балдарыңыз барбы? - деп сурады тиги. Балам бар деп айтууга аталык намысы жол бербедиби же таштап кеткен баласын балам деп атагысы келбедиби, айтор:
- Ээ балам, тууганым да, балам да жок. Балам болсо ушунда жатмак белем - деп койду акырын.
- Ата, мен сизге келген максатымды ачык айтайын. Мен атадан эрте калганмын. Атанын камкордугун, атанын тарбиясын көрбөдүм. Карысы бардын ырысы бар дейт ата, жүрүңүз сизди үйгө алып кетейин, мага ата болуп бериңиз - деди абышканын колунан кармап. Абышканын жүрөгү элжиреп кетти. Жүлжүйгөн көздөрүнүн кычыгынан чыккан жаштары кулагын көздөй куюлуп кетти. Өзүнүн качандыр бир кезде катуу жаңылганын даана сезди. Калтыраган колу менен тигини өзүнө тартып маңдайынан өптү да:
- Атанын тарбиясын албаганың менен Алланын тарбиясын алыпсың балам. Менин берген тарбиям тарбия болбой жолдо калсын. Ырахмат сага уулум, бирок мен бул жерден эч жакка кетпейм. Менин кыйналганым жакшы. Колуң менен кылганыңды моюнуң менен тарт деген. Мен бул нерселерди көрүшүм керек - деди. Анын сөздөрүнүн маанисине жакшы түшүнбөй калган тиги:
- Жок атаке, сизди алып кетпесем болбойт. Мында кыйналып каласыз - деп сөзүн кайра баштады эле, абышка акырын колун көтөрүп аны токтотту да:
- Убара болбо уулум. Мен бул дүйнөдөн баласыз өтүп кетем го деп ойлодум эле, эми мына балалуу болдум. Менде эч кандай арман жок эми, болгону менин бир суранычымды аткарууга убада бер - деди калтыраган үнү менен.
- Кандай өтүнүчүңүз болсо да аткарам ата, тартынбай айта бериңиз - деди.
- Бул дүйнөгө эч ким түркүк болгон эмес. Бүгүн эртең мен да көз жумам, сенден суранаарым ушул, мен жаназасыз көмүлүп калбайын. Жаназаны өзүң оку - деп андан аркы сөзүн айта албай бышактап ыйлай баштады.
- Коюңузчу ата, өлүмдүн кечи жакшы, ага шашылбаңыз - деп сооротмокчу болду эле, абышка кайра анын колун кармап :
- Жок уулум, мага убада бер, жаназасыз кетип калбайын - деди жалооруп.
- Макул атаке, убада берем - деп күлүмсүрөгөн болду да ордунан туруп:
- Балким мени менен кетерсиз - деди акыркы үмүтү менен.
Абышка алсыз калтыраган колдору менен көз жашын сүртүп:
- Ырахмат уулум, убара болбо. Убадаңды унутпа - деди да ансыз да жумулуу сыяктуу көздөрүн андан да бекемирээк жумуп тынчып жатып калды. Бөлмө ичин жымжырттыкка бөлөп, атага зар болгон бала да, балага зар болгон ата да үн сөзсүз тунжурап калышты. Аңырайа ачылган терезеден кирген жел, акыр-чикирдин сасык жытын ала келгенине карабастан бөлмө ичине бир аз салкындыкты тартуулап өткөнсүдү.

Алайчы Сеитбеков
Кыргызстан Ислам
университетинин окутуучусу




Акырет күнү кур калба!
Субахан Алла Таала,
Чакырат бизди ыйманга.
Амал кылып жүрөлү,
Ыйык китеп Куранга.
Ачкычы бар бейиштин,
Таарат менен намазда.
Жалган дүйнө бул дүйнө,
Рахат азап аларга.
Эки ача жолду тандайбыз,
Өлгөндөн кийин бараарга.
Биринчи жанды жаратат,
Рух деген ааламга.
Андан кийин жашообуз,
Өтөт экен курсакта.
Алладан өкүм болбосо,
Өлүп калмак тумчукса.
Жашайбыз анда тогуз ай
Чыгабыз кийин жарыкка
Үчүнчү жашоо башталат
Ушул дүйнө жалганда
Сыноо дүйнө бул дүйнө
Сооп күнөө табаарга
Айланайын калайык
Салып көр өзүң акылга
Жаратканга кулдук кыл
Моюн сун пендем фарзына
Үшүгүр кыл тообо кыл
Кудайдын калбай каарына
Өлүү деген бул көчүү
Аралжы изде жаныңа
Өлгөндөн кийин барабыз
Тешиги жок кабырга
Кам көрүп келген жыргашат
Камкордук кылган жанына
Камы жок келген куурашат
Катуу сурак кабырда
Жер кысат дейт хадисте
Кайчылашат кабырга
Чыга турган тешик жок
Таба албассың бир арга
Тилиң буулуп жооп жок
Аргаң кетээр суракта
Аттиң дейсиң ошондо
Тообо кылбай Кудайга
Жем болуп жерде жатасың
Бөөн чаян жылаанга
Акырет күнү келгенче
Билесиң жаның барына
Тирилип жерден турасың
Суракты көздөй махшарга
Күн төбөдө мээ кайнайт
Көлөкө жок баш катаарга
Алланын парзын аткарса
Булутча жүрөт башыңда
Бир-бирин бири тааныбайт
Ошондо болот жан арга
Баладан ата сооп издеп
Болушат дейт убара
Үмүтүн үзүп коёт дейт
Өңдөрү кагып кубара
Кулчулук кылган Кудайга
Олтурат экен Каусарда
Суусаса суусун кандырып
Даярдык көрөт сурака
Оң колдон тийсе китеби
Үмүттүү болот жаннатка
Сол колдон тийсе китеби
Жүрөгү батат кайгыга
Алла Таала жараткан
Алат дейт абдан каарына
Тозокту көздөй тыштайт дейт
Алоолоп күйгөн жалынга
Эки ача жол ушул жол
Жазып койгон тагдырга
Жаннатка кирген жыргашат
Куштары сайрап багында
Түйшүк тартып куурабайт
Даяр болот алдына
Үр кыздар кызмат кылышат
Төшөгүн салып алдыңа
Бул дүйнө кылган кызматың
Жеткизет бир күн жаннатка
Мээримин төгүп Жараткан
Киргизет түрлүү гүл бакка
Жараткан жүзүн көргөзөт
Олтурган болот нур такта
Жаннатта өлүм оору жок
Мээнет кыл жетсең жыргалга
Аллага кызмат кылып кал
Акырет күн кур калба

Карыпбек Бакиев
Токтогул району,
Ничке-Сай айыл өкмөтү