Кыргыз гезиттеринин жањылыктары •
Кыргыз гезиттери


ПОИСК ГАЗЕТЫ


Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 2

Warning: include(../../post/0_jan.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../post/0_jan.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 2


Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 2

Warning: include(../../search.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 2

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../search.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 2
Мыктыбек Арстанбек:
"Элди башкарам деп атасыңар, жок дегенде элдин динин үйрөнүп койбойсуңарбы"
- Мыктыбек байке, азыр конституциянын жаңы долбоору талкууланып жатат, эң негизги дин эркиндиги боюнча мамлекет динден сырткары, башкача айтканда, "светтик" деп айтылып жатат. Бул мусулмандардын арасында канчалык деңгээлде нааразычылык жаратат? Муну жаңы долбоорго киргизиш керекпи же жокпу?
- Бул биринчиден, "светтик" деген сөз менен, бул сөздү алып коюу менен мамлекет диний болуп кетпейт, демократиялык деген сөздүн өзү мамлекет динден тышкары дегенди билдирет. Эми мейли бизге ушундай тарыхый бир сыноо болуптур, биз ушуларга баш ийет экенбиз. Эми ушундай демократиялык мамлекет кургандан кийин кайра светтик деген сөздү бурмалашып жатат, биз кайра дагы динсизбиз деп жатат. Динсиздик - каапырдык. Мейли 99 жолу жазып алсын. Мен эмне үчүн динсиз деген сөзгө каршымын. Себеп дегенде булардын бул сөздү киргизүүдөгү максаты мусулмандарды укугун тебелөө. Ноокат окуясында мамлекеттик түзүлүштү оодарууга аракет кылды, светтик мамлекеттик деген нерсе менен отуздай баланы 23-27 жылга камады. Ар бир мусулмандын тырмагына чейин зыркырады.
Экинчиден, жоолук салынган кыздарыбызды мектепке киргизишпейт эшиктин алдында турушуп алып. Эми биз светтикбизби? Мамлекеттик ишканаларда намаз окуган балдардын укугу тебеленет, намаз окутушпайт. Мен билем мына бу ЦУМда мындан бир канча жыл мурда намаз окуп жаткан он чакты баланы охрана келип желкесинен сабаптыр, намаз окуп жатканда сабаптыр, дагы светтик мамлекет дешет. Бул зөөкүрдүк. Мына кечээ менин айылымдан бир бала келди, аны 18 жылга камап жибериптир. Сарайында бир сандыктан төрт диск чыгыптыр, мультфильмдер экен. Алар ошону алып барышып, бул Хизбут-тахрир деп мойнуна илип он сегиз жылга камашыптыр. Бул эмне светтикпи ушу? Мен өзүм жумуштан сакалымдын айынан кеттим, мажбур болдум. Башканы кой, мен ушул Мыктыбек Арстанбек сакалымдын айынан жумуштан кеттим, а калган жөнөкөй эл кандай жашайт? Керек болсо миллион жолу жазып алсын, мен биздин укукту тебелөөгө, мусулмандарды басмырлоого, өнүктүрбөөгө каршымын.
- "Светтик" деген сөздү кайра-кайра добушка коюуда эмне максат, же артында чоң күчтөр барбы?
- Албетте, бул жерде Америка жана Европа мамлекеттеринен грант алып иштеген НПОлор көп. "Светтик" деген сөз кирбей калса биздин мыйзамдарыбызда алар иштей албай калат. Эми бул учурда мен өтүнөт элем, мен Текебаевдин өзүнө айткам, эгерде бул конституцияга светтик деген сөз кире турган болсо, мен Кыргызстандын мусулмандарына жөнөкөй үммөттүн мүчөсү катары кайрылам, ушул конституцияга бойкот жарыялайбыз деп. Бул конституция жонубузду дагы канатат. Бул конституция бизди дагы басмырлайт. Эң негизги маселе эмнеде десең, оору мусулмандардын ниетинде экен, биз оорукчан экенбиз. Бизди жонубуздан камчылап жатса дагы унчукпай жата берет экенбиз. Эй, сенин мыйзамың менен дагы менин укугум бар дегенди билбейт экенбиз.
- Светтик болгондон кийин дин адамдары мамлекеттик ишке кийлигише албайт деп айтылып жатат. Бирок мисалы, Ата-Бейитте мамлекеттик деңгээлде иш-чара болду го, Куран окулду го, дагы башка диний жөрөлгөлөр кылынды го?..
- Булар дин деген нерсени түшүнбөйт, мен бетине айтам. Алар Маркс, Энгельс дегендер дөөрүп койгон, ошолордун дөөдүртүсү менен жүрүшөт. Дин эмне экенин билбейт. Мен айтам, силер элди башкарам деп жатасыңар, жок дегенде элдин динин үйрөнүп койбойсуңарбы. Биз жанагы Европанын китептерин окусак таң калат "Силер ушундай китептерди окуйсуңарбы" деп, мен айтам, "силер биз окуган китептерди гана окуй элексиңер, сүрөтүн да көрө элексиңер". Ошол башкарам деп жаткандар динди билсе мындай көрүнүш болбойт эле.

Маектешкен
Толкунбек Арсен уулу
14-май, 2010-ж.





Хижабды чечсек эле өлкөнүн коопсуздугу сакталып калабы?
Жан дүйнөнүн, моралдык-руханий жардылануунун себептерин издебестен, көйнөк-жоолуктун узун-калыңын изилдегенибиздин өзү - руханий сокурдук деп айтууга толук негиз бар.

Марс Дооронованын мындай кадамга кандай себеп менен баргандыгын анын кесиптеши катары, 10 жылдан бери карай жакындан пикир алышкан диндеш-санаалашы катары өз билгенимди окурмандардын назарына салсам, интернет булактарында, эл арасында пайда болгон ой-пикирлердин тизгинин тартып, тагыраак маалымат алууга көмөктөшкөн болоор элем.
Эң башкысы, 5 убак намаз окуу менен гана чектелбестен, аялдарга парз кылынган Аллахтын өкүмүн аткарууга бел байлап, ыйман жолуна түшкөн Сумаййа (Марс) Дооронованын диндин талабына дал келип, замандын талабына каршы турган бул чечкиндүү кадамы - мусулмандардын сүйүүсүнө жана колдоосуна арзырлык иш деп тартынбай айтсак болот.
Мындай жолду Куранда белгилегендей "чыныгы акыл ээлери, өз жаратуучусун тааныган" бактылуулар гана тандап албаса, Аллахтан эмес жер үстүндөгү бийликтин ээлеринен корккон жана мусулманмын деп ооз көптүрө сүйлөгөнү менен мусулмандык парз-милдеттерди терең тааныбаган замандаштарыбыздын эрки жетпей турган жол.
Бизди өкүндүргөн нерсе: эмне үчүн калкынын басымдүу бөлүгү христиан экенине карабастан, мусулман аялдарга хижаб менен коомдук жайларда, базарларда иштөөгө Россияда жол берилет да, Ислам динин карманган көп улуттун өкүлдөрү жашаган Кыргызстанда мыйзамда тыюу көрсөтүлбөсө да тыюу салынат? Кошуна турган Казакстанды алып карасак, аларда жоолук оронгон кыз-келиндерин жеке менчик эмес, мамлекеттик мекеме-уюмдарда да иш алып баруусуна уруксат берилгени качан. Дагы бир эске салчу нерсе: мындан 7-8 жыл мурун Россиянын РТР телеканалынан татар улутундагы мусулман журналист кыздын "Ассаляму алейкум ва рахматуллахи ва баракатух!" - деп башталып, соңу да ушул сөздөр менен бүткөн диний багыттагы телеберүүсүн канчалаган мамлекеттин мусулмандары өзгөчө кызыгуу менен көрүп келгендиги чындык.
Туура, УТРКдан жыл сайын Айт намаздары түз тартылып, толук көрсөтүлүүдө. Деген менен, ыйманга суусап турган чакта, түрдүү жасалма диний агымдар көбөйгөн кооптуу мезгилде динибизди адашпай терең изилдеп, үйрөнүүгө көмөктөш болгон диний телерадио берүүлөрдүн жоктугу, ага уруксаттын берилбей жаткандыгы, эми болсо ал аз келгенсип "хижабды чеч, жоолугунду чеч, ансыз иштөөгө мүмкүн эмес" - деген жапайы көз карашыбыз жөнүндө эмне деп айтсак болот? Хижабды чечсек эле өлкөнүн коопсуздугу сакталып калабы? Этек-жеңибизди адегенде орустарды туурап, анан европалыктарды ээрчип, кыскартып-кыскартып отуруп, акыры жарым жылаңач абалга келип калганыбызга эмнеге ачынбайбыз? Руханий жардылыгыбызга бир эсе күлкүң келсе, бир эсе ыйлагың келет.
Тарыхыбызга кайрылалычы: Орус падышачылыгынын кысымынан запкы жеп, 4 кыргыз төрт бурчка чачылып, басмырланып жок болуп кетүү алдында турганыбызда да Алай ханышасы Курманжан Датка энебиз азыркылардай жасакерленип "орусча чачын кыркып, жоолугун баштан чечип, аягын жылаңачтабай эле" ак жоолуктун үстүнөн элечегин салып, көйнөгүнө жараштыра узун чыптама, чапанын кийип эле орус өкүмдарынын алдына барып, эки элдин ортосун жалгаштырбады беле? Улуттук кийимдерибизге, түпкү салт-санаабызга, тарыхыбызга назар салсак да, шортачан, киндикке жетпеген тар, чучуктай чыпталган кыска көйнөк, шым кийип жүргөнүбүздү тана албайбыз го. Бүгүн эле ыйманды жаңылап, бекемдөөнүн ордуна, кийимдердин формасын европалаштырып, акылга сыйбагандай жаңылап, этек-жеңибиз ит жулгандай кыскарып, көкүрөгүбүз уктоочу бөлмөдөн же мончодон чыккандай ачылып, чачтарыбыз өрт алгандай сарала, бозала болуп, тырмактарыбыз адам эмес айбан коркорлук денгээлге узарып бараткандыгы дал ушундай артыкча "модалашканыбыздын" кесепетинен келип чыкпадыбы. Жан дүйнөнүн, моралдык-руханий жардылануунун себептерин издебестен, көйнөк-жоолуктун узун-калыңын изилдегенибиздин өзү - руханий сокурдук деп айтууга толук негиз бар. А чындыгында улуттук көрөңгөбүз төмөндөп, ыймансыздык ыйлай турган чекке жеткен бүгүнкүдөй заманда, элге маданиятты, жергиликтүү массанын динин, тарыхын, салт-санаасын үйрөтүп, адеп-ахлагыбызды тазартып, ыйман жолуна түшүүгө өбөлгө түзгөн негизги трибуна - бул массалык-маалымат каражаттары эмеспи.
Акыркы кездерде республикабыздын, облусубуздун телерадиокомпанияларынын дээрлик бардыгынан көкүрөктү жалжайта ачып, киндикти кененинен көрсөтүп, тизеден өйдө юбкалар менен аяк-башын "публикалап" чыккан "тележылдыздарыбыздын" өңүн көргөндө, тообана жанып, "интер теле алып баруучубу?", "Эротелеби?" деген ойго келесиң. Көргөнүңө ишенип-ишенбей элдик трибуна болгон телерадиодон жарым жылаңачтардын чыгып алып, буттарын алмаштырып, чалкалай отурганын көрүү адеп-ахлагыбызга терс таасирин тийгизеби, же Сумаййа Доороновадай теле алып баруучулардын жоолук-көйнөгүбү? Деги кайда баратабыз? Көзүбүз, дилибиз түздү кыйшык, а кыйшыкты түз көрө баштаганынын өзү эле бир жамандыктын жышаанасы эмей эмне? Ал эми укук коргоо органдары сырткы көрүнүшкө, кийимге көзөмөл кылбай, "ичибизде жашырынып жаткан жараны" изилдеп таап, текшерүүгө алганы туура эле да.
Бардык катачылык акыйкатты жете түшүнбөөчүлүктөн, өз дини жөнүндө үстүртөн гана маалымат алгандыктан, же тескерисинче маалыматтын, диний билимдин жоктугунан келип чыгууда.
Саида (Санавар) Сайпидинова





кыргыз тилиндеги гезит "Ислам маданияты"
30-май, 2010-ж.:
1-бет
Өссө дейт бири калкалап,
Өлсө дейт бири балталап.
Ынтымак сурап замандын,
Ыйлаган муңу байкалат.

2-бет
Көңүл айтуу
3-бет
Муфтият жарадарларды зыярат кылды
4-бет
Терроризмди Исламдан көрүү - наадандык, Исламдан деп көргөзүү - кылмыш
5-бет
Рамзан Кадыров, Чеченстандын президенти:
"Бейишке, бейкүнөө адамдарды өлтүрүү аркылуу барууга болбойт"

6-бет
Дагы эле "кудайсыз, дин безер "светское" баш мыйзам менен жашай беребизби?
7-бет
Бөлүнүүгө алып барган сөздөрүбүз менен жүрүм-турумубузду токтотолу
9-бет
Калк арманы
10-бет
Аалы акындын кайрылуусу
11-бет
Оштук тележурналистти хижаб кийгендиги үчүн жумушунан четтетишкен
12-бет
Хижабды чечсек эле өлкөнүн коопсуздугу сакталып калабы?
13-бет
Уурулук менен каракчылыктын айырмасы
13-бет
Мамбетасан Ибраев менен сандан санга ыйман сабагы
"Тагдырга ыйман келтирүү"

14-бет
Жаңылган ата
15-бет
Сүйүктүү пайгамбарыбыздын (САВ) туулган күнүнө карата конкурстун жыйынтыгы
16-бет
"Акындар Мухаммед пайгамбарды даңазалайт" аттуу конкурсунун жыйынтыгы



Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47

Warning: include(../../ohkaptal.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../ohkaptal.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47


Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47

Warning: include(../../rec_art/0_rec.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../rec_art/0_rec.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47


Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47

Warning: include(../../news/0_art.htm) [function.include]: failed to open stream: No such file or directory in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47

Warning: include() [function.include]: Failed opening '../../news/0_art.htm' for inclusion (include_path='.:') in /var/www/u0371622/data/www/presskg.com/im/10/0530_11.htm on line 47