ВУЛКАНИЗАЦИЯ

0700949180
номурга
50 бирдик.

Гезит, Китептерди тоолугу менен окуйм десен

Орусия, Казакстандагылар үчүн
QIWI-кошелек биерде

Квитанцияны жана атыңы
Ватсапка жаз

ВУЛКАНИЗАЦИЯ — «чийки» каучук-ту ийилчээк резинага айландыруучу технол. процесс. Каучукка караганда резина физ.-хим. түрдүү касиеттери жагынан айырмаланат. Ал жылуу-лукка, суукка чыдамы жогорулап, ий-плгич ж-а бышык келет, орг. эри-х-кичтерде эриши ж-а көбүүсү азаят. Көпчүлүк учурда каучуктарды В-лоо күкүрт же башка хим. агенттердин жардамы м-н жүргүзүлүп, каучуктун макромолекулаларынын ортосунда тор сыяктуу байланыштар пайда болот. Эгер каучукка 0,5—5% күкүрт кошулса, жумшак резина пайда болот. Мындан автомобиль камер асы, покрышка, топ, түтүк ж. б. жасалат. Ал эми 30—50% күкүрт кошулса, катуу, ийилчээк эмес материал (эбонит) алынат. Ө. ж-да жалпыга керектелүүчү каучукту күкүрт м-н В-лоо жог. басым астында калыпта же калыпсыз казанда, автоклавда, тынымсыз В-лоо-чу аппаратта ж. б-да ысытуу м-н жүргүзүлөт. Каучукту күкүрт м-н В-лоо ысык В. деп аталат. Атайын керектелүүчү каучукту В-лоо үчүн орг. өтө кычкылдар, синтет. чайыр-лар, нитро- ж-а диазобирикмелер колдонулат. В. жог. темп-рага ж-а хим. жактан туруктуу резиналарды алууга мүмкүндүк берет.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *