ЗАЙР

ЗАЙР, Заир Республикасы (1971-жылдын 27 октябрына чейин— Конго Демокр. Респ-касы) — Борб. Африкада™ мамлекет. Батышынан Конго Эл Респ-касы, түн.-батыш ж-а түндүгүнөн Борб. Африка Респ-касы, түн.-чыгышынан Судан, чыгышынан Уганда, Руанда, Бурунди, Танзания, түш.-чыгыш ж-а түш-түгүнөн Замбия, түш.-батышынан Ангола м-н чектешет. Конго (Заир) д-нын чатында ичке (40 км) тилке болуп Атлантика океанына чыгат. Аянты 2345,4 миң км2. Калкы 24,8 млн (1975). Борбору — Киншаса (калкы 2,2 млн, 1975). Аймагы ад-мин. жактан 9 провинцияга бөлүнөт. Мамлекеттик түзүлүшү. 3. Респ-касынын азыркы конституциясы 1967-жылдын 24-июнунан күчүндө. Мамлекет ж-а өкмөт башчысы — президент, 7 жылдык мөөнөткө шайланат. Ал өкмөт мүчөлөрүн, бардык аскердик ж-а гражд. кызмат адамдарын дайындайт ж-а иштен алат, куралдуу күчтөрдүн, полициянын башкы командачысы. Закон чыгаруу бийлигинин жог. органы — бир палаталуу Улуттук чогулуш. Өкмөтү — Мин. Совети. Провинцияны губернатор, шаарларды, шаардык коммуналарды губернатор дайындаган бургомистрлер башкарат. Сот системасы: Жог., апелляциялык, округдук, полициялык ж. б. соттор. Президент дайындоочу 9 советниктен турган өзгөчө Конституциялык сот органы бар. Мамл. гербин ж-а мамл. Желегин к. Мамлекеттик герб ж-а мамлекеттик желек макалаларынын таблица-сынан. Табияты. Өлкөнүн көпчүлүк бөлүгүн Конго ойдуңу ээлейт. Ойдуң чет жакаларын карай кашаттанып, бара-бара бийиктегөн платолорго (бийикт. 400—1300 м) өтөт. Чыгышында Чы-гыш-Африка бөксө тоосунун батыш чеги жайгашкан (өлкөнүн эң бийик бөлүгү). 3-дин чыгыш чек арасын бойлой терең ойдуңдардын системасы (Борб. Африка грабени) созулуп жатат. Өлкөнүн 3° түн. ж-а 3° түш. кеңдиктер аралагындагы бөлүгүнүн климаты нымдуу экватордук, түш. жарымынын ж-а түн. четинин климаты субэкватордук. 3-дин көп бөлүгүндө ысык мезгилдин (март же апр.) орт. темп-расы 25—28°С, эң мелүүн айдыкы (июль же авг.) 22—25°С. Жылдык жаан-чачыны экватордук зонада 1700—2200 мм, чыгышындагы тоолордо 2500 мм ге чейин, түн. ж-а түштүгүндө 1000—1500 мм. Өлкөдө дарыя өтө көп ж-а суусу мол; эң ириси — Конго (Заир). Түштүктөгү чөгүп кеткен ойдуңдарда ири көлдөр, Конго ойдуңунда тайыз көлдөр бар. Өлкөнүн тун. бөлүгүндө дайыма жашыл экватордук нымдуу токой, Конго ойдуңунда саздуу токой өсөт. Түш. ж-а четки түн. райондордо субэкватордук токой ж-а саванналар, четки түштүктө ж-а түш.-чыгышта жалбырак күбүмө кургак токой тараган. Айбанаттарга: антилопа, буйвол, пил, керик (носорог), зебра, жираф, арстан, кабылан (леопард), чөө, гиена, бегемот, крокодил, түрдүү маймыл-дар ж. б. 3-дин аймагында жез, кобальт, алмаз, калай, ңинк, алтын, уран, темир, көмүр, боксит ж. б. кендер бар. Калкы. Негизинен (85%) банту тил семьясындагы, түн. ж-а түн.-чыгы-шында судан ж-а нилот тилдеринде сүйлөгөн элдер жашайт. Бир аз пиг-мейлер бар. Мамл. иш француз тилинде жүргүзүлөт. Калктын 52% жерг. традициялык динди кармайт, 45% — христиандар (негизинен ка-толиктер), 115 миңге жакыны — мусулман, 1,5 миңи — иудаист. Элинин орт. жышт. 1 км2 ге 9 киши. Калктын lU бөлүгү шаарларда жашайт. Ири шаарлары: Киншаса, Лубумбаши, Мбужи-Майи, Кисангани, Ликаси, Ка-нанга ж. б. Тарыхый очерки. 3. аймагынан табылган таш куралдар адам мында алгачкы палеолит доорунда эле жашаганын далилдейт. Ал кезде 3-деги уруулар дыйканчылык, аңчылык, балык уулоо м-н тиричилик кылып, металл эрите билишкен. 3. жеринде туңгуч мамлекеттер 14-к-да пайда болгон. Алардын кай бири [Конго, Бакуба (Бушонг) ж. б.] азыр да бар. 15-к-дын аягында 3-ге португал кул соодагерлери келип, андан 10 млн-дон ашуун кул алып кетет. 16-к-да эл булар сыяктуу бөтөн жердиктер м-н жерг. төбөлдөргө каршы эчен жолу көтөрүлүш чыгарат. 19-к-дын аягында Борб. Африканы им-пер. бөлүштүрүү аяктайт. 1884—85-ж. өткөн Берлин конф-яеы Бельгиянын ко-ролу Леопольд II басып алган көп жерди Эркин Конго мамлекети деп атап, королдун көзөмөлүндө калтырат. Афри-калыктар өздөрүн колонияга айланды-рууга каршы көп жолу куралдуу каршылык көрсөткөн. Бирок теңтайлаша албай багынып беришкен. Бельгиянын ж. б. импер. мамлекеттердин монополия-лары Койгонун табигый байлыгын тоноп, элин жырткычтарча эзишет: өлкөдө экономиканын колониячыларга киреше берчү айрым гана тармактары — экспортко продукция чыгарчу тоо ө. ш. менен а. ч. өнүктүрүлөт. 1884—1915-ж. Койгонун калкы эки эсе азайды. Дүйн. эки согуштун аралыгында ж-а экинчи дүйн. согуш учурунда (1939—45) дыйкандардын антиколон. көтөрүлүштөрү, солдаттар козголону, диний ж-а саясий кыймылдар басылган жок. 40-жылдары, бөтөнчө 50-жылдарда, азатчыл күрөшкө жумушчу табы кошулду. 1941—45-жыл-дардагы иш таштоолордон улам афри-калык туңгуч профсоюздар түзүлдү. Көптөгөн маданий-агартуу мекемелери уюштурулуп, алардын базасында саясий партиялар пайда болду. Ал партиялардын эң ириси — П. Лумумба башкарган Конго улуттук кыймылы. 1959-ж. көз карандысыздык үчүн кү-рөшкөн элдин колон. бийликти жоюу талабынан улам Бельгия өкмөтү Конгого өз алдынчалык берүүгө мажбур болгон. Натыйжада 1960-ж. Конго эркин улуттук мамлекет болуп жарыяланып, өкмөт башына П. Лумумба келди. Бирок импер. державалар м-н ички реакция бул өкмөттү кулатып, П. Лумумбаны өлтүрүштү. Патриоттордун 1963-ж. башталган куралдуу көтөрүлүшүн басып, 1965-жылга чейин өлкөгө кожоюндук кылышты. 1965-ж. ноябрда бийлик армиянын колуна өттү. Армиянын баш командачысы генерал-лейтенант Мобуту респ-кага (1964-жылдан Конго Демокр. Респ-касы) президент болду. Мурдагы саясий партиялар м-н парламент таратылып, 1967-жыл-дагы Конституция б-ча 1970-ж. биринчи жолу шаңы парламент шайланды. Мобу-тунун өкмөтү өлкөнүн экономикасы м-н саясий турмушун контролдоп калды. Чет өлкө монополиясына чек коюлду. Заир Респ-касы (мамлекет 1971-жылдан ушундайча аталат) тышкы саясатында бейтараптык принцибин жактайт. СССР м-н 1960-ж. дипл. мамиле түзгөн. Өлкөнүн экон. абалынын ж-а калктын турмушунун оордугунан 1977-ж. мартта Шаба провинциясында президент Мобутунун режимине каршы эл массасынын көтөрүлүшү чыкты. АКШ, Англия, Бельгия сыяктуу импер. мамлекеттер, о. эле Кытай көтөрүлүштү басууга курал-жарак жагынан жардам беришти. Марокко өкмөтү Шаба провинциясына аскерлерин кийрип, көтөрүлүштү басууга түздөн түз катышты. ВАР 3-ге аскер жиберүүгө макул болду. Сов. Союзу ж. б. соц. өлкөлөр ички иштерин тыштан кийлигишүү-сүз, 3-дин өзү чечишин жактады. Саясий партиялары жана профсоюз-дары. Революциянын элдик кыймылы — башкаруучу ж-а өлкөдөгү жалгыз партия, 1967-ж. негизделген. Заир эмгекчилеринин улуттук союзу — жалпы мамл. профсоюздук бирикме, 1967-ж. түзүлгөн. Экономикасы. 3. — тоо-кен ө. ж. өнүккөн агрардык өлкө. Тех. алмаз м-н кобальттын запасы ж-а казып алуу б-ча капит. өлкөлөрдө биринчи, жез, калай, цинк ж. б. б-ча көрүнүктүү орунда. О. эле тропиктик баалуу а. ч. өсүмдүктөрүн (пальма данеги ж-а майы) ири өндүрүүчүлөрүнүн бири. 3-дин экономикасына жалпысынан монополисттик топтор (негизинен бельгиялык ж-а амер.) үстөмдүк кылат. Кийинки жылдарда өлкөнүн өкмөтү эл чарбасында мамл. секторду кеңейтүү ж-а аларды чыңоого багытталган чаралар көрдү. Калктын көпчүлүк бөлүгүнүн жашоо булагы — а. ч. Айдоо аянты 7 млн 200 миң га (1962), жайыты 65 млн 500 миң га, токою 129 млн 141 миң га, пайдала-нылбаган жери 32 млн 700 миң га. 3-дин а. ч-на негизинен өз керектөө-сүн камсыздоого багытталган афри-калык дыйкандардын майда чарбасы ж-а европалыктардын жог. товардуу ири плантациялык ж-а бодо мал асыроочу чарбалары мүнөздүү. Экспорттун а. ч. өсүмдүктөрү: май пальмасы, кофе, гевея, какао, чай ж. б. Пахта кийинки кезде ички керектөөлөргө гана жумшалат. О. эле маниок, жүгөрү, шалы, арахис, бал камыш, банан, батат, ямс, таруу, фасоль ж. б. эгилет. Мал чарбасы негизинен чыгышындагы дөңсөө жерлерде өнүккөн (ойдуңдарда цёце чымыны мал багууга мүмкүндүк бербейт). Өлкөдө 1972-ж. 970 миң уй, 528 миң чочко, 700 миң кой болгон. 3. токой ресур-суна бай, бирок аз өлчөмдө даярда-лат. Анын көбү өлкө ичинде керектелет, азы сыртка чыгарылат.