ЗАГРОС

ЗАГРОС, П а т а к — Ирандагы тоо системасы, Иран тайпак тоосунун түш.-батышында. Уз. 1600 км дей, туурасы 200—ЗОО км, басымдуу би-йикт. 2—3 миң м, эң бийик жери 4548 м (Зердкух чокусу). Түн.-батыштан түш.-чыгышка созулган жарыш кырка тоолордон турат. Тоолор кууш өрөөндөр ж-а ойдуц-чуцкурдуктар м-н бөлүнөт. Негизинен мезозой ж-а кайнозой замандарында пайда болгон сланец ж-а аки таш тектеринен турат. Айрым жерлерде диаметри 20 км ге жеткен туз куполдору ж-а карст формалары кездешет. Тоодо майда мөңгүлөр, өрөөндөрдө шор жер, көл ж-а сууга бай оазистер бар. Климаты кургак субтропиктик. Ландшафтында тоо чөлү, каксоо талаа басымдуу. Нымдуу жерлеринде сейрек токой (эмен, кара жыгач, зараң, акация) ж-а ксерофяттик бадалдар (маквис) кездешет. Түш.-батыш тоо этектерин-де нефть кени бар.