ЗАГОР ТООГУ

ЗАГОР ТООГУ — эт-жумуртка багытындагы тооктун породалык тобу. Юрлов тоогу орус ак тоогу, нью-гемп-шир ж-а род-айланд м-н аргындаш-тырылып, Бүткүл союздук үй куштар ил. из. ин-тунда (Загорск ш.) чыгарылган. Өңү ак, боз. Мекияны-нын тирүүлөй салм. З, корозунуку 3,5 кг. Жылына 150—165, алдыңкы чарбаларда 180—200 жумуртка тууйт. Жумурткасы 62—65 г. 3. т. тез жетилип, 88% накта эт берет. 3. т. бройлер ж-а эт багытындагы тоокту чыгарууда пайдаланылат.