ЗАБАЙКАЛ ТЕМИР ЖОЛУ

ЗАБАЙКАЛ ТЕМИР ЖОЛУ 1959-ж. түзүлгөн. Башкармасы Чита ш-нда. Жол Чита ж-а Амур обл-нан өтөт. Батышынан Чыгыш Сибирь т. ж., чыгышынан — Ы. Чыгыш т. ж., о. эле МЭР, КЭР т. ж-дору м-н тутумдаш. Жолдун жалпы уз. 3417 км. Негизги пункттары: Райчиха, Забайкальск, Чита, Поярково ж. б. Жылына жол аркылуу болжол м-н 30 млн т түрдүү жүк, негизинен көмүр, карагай, курулуш материалдары ташылат. Жалпы ташуунун 27% жерг. катнашка, 20% сыртка ташууга, 15% ташып келүүгө, 38% транзитке туура келет. 3. т. ж. жүргүнчү ташуу б-ча өлкөдөгү жалпы тармактын 1,5% ингана ээлейт. Жүк ж-а жүргүнчүнүн 94% ин тепловоз ташыйт (1970).

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *