ЗАБАЙКАЛ ЖЫЛКЫСЫ

ЗАБАЙКАЛ ЖЫЛКЫСЫ— Бурят АССРи м-н Чита обл-нда таралган минги ж-а унаа катарында пайдаланылуучу жерг. жылкы. Теги — монгол жылкысы. Ал жерг. жылкы минги ж-а таскактуу порода м-н аргын-даштырылып алынган, жыл бою үйүрдө багылат. Ысык-суукка чыдамдуу. Башы чоң, мойну, буттары кыска, соорусу салыңкы. Айгырынын бийикт. 138,5, тулку боюнун уз. 138,2 см, көкүрөк курчамы 179,5 см, шый-рагыпын жоондугу 19 см. Айгырынын тирүүлөй салм. 350, бээси 330 кг. Көбүнчө сур, тору ж-а жээрде болот. 1 км аралыкты 10—11 мин да басык, 5 мин да таскак м-н, 3 мин да чаап өтөт. Асылдандыруу бул жылкыны ирдентүүгө багытталган.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *