ЗАБАЙКАЛЬЕ

ЗАБАЙКАЛЬЕ — Байкал көлүнүн чыгышында™ табигый аймак. Батыштан Байкал көлү ж-а Тункин өрөөнү, чыгыштан Шилка ж-а Аргунь д-ла-рынын кошулушу, түштүктөн СССРдин мамл. чек арасы, түндүктөн Витим бөксө тоосу ж-а Түн. Байкал тоолору м-н чектешет. Түндүктөн түштүккө ж-а батыштан чыгышка бирдей аралыкка—1000 км ге созулат. 3-нин аймагында Бурят АССРи, Чита обл. ж-а Иркут обл-нын бир аз бөлүгү жайгашкан. Орто бийиктиктеги (1300—1500 м) кырка тоолор ж-а аларды бөлүп турган тар өрөөндөр м-н чуңкурдуктар басымдуу. Эң ири кырка тоолору (Яблоновый, Черский, Даур, Воршовочный ж. б.) гранит, сиенит ж-а кристаллдуу сланец тоо тектеринен турат. Областтын түн. бөлүгүндө Витим бөксө тоосу жайгашкан. Кен байлыктары: калай, вольфрам, молибден, алтын, полиметалл, хром, темир ж. б. Климаты кескин континенттик. Суулары Байкал көлүнө, Лена ж-а Амур д-ларына куят. Тоо капталдарында тайга, өрөөндөр м-н чуңкурдуктарда талаа өсүмдүктөрү өсөт. Айбанаттары: багыш, кер марал, аюу, тыйын чычкан, киш ж. б. 3-нин түн. бөлүгүндө Вайкал-Амур магистрали (БАМ) курулуп жатат.

Author: 123

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *