ЖАЗА

от2020

Дек 16, 2020

— соң. сот адилеттиги кылмыш кылгандыгы үчүн күнөөлүү адамга колдонуучу мамл. мажбурлоо. Ж. таптык коомдо ар дайым үстөмдүк кылуучу таптын кызыкчылыгын көздөгөн ж-а коргогон, өзүнүн ырайым-сыздыгы м-н адамдарды терең кай-гы-капа, азап чегүүгө алып келген, эзүүчү таптын эрки м-н өзгөрүп, эзилүүчү тапты багындыруучу негизги куралдардын бири катары пайдаланылган. Андагы Ж-нын негизги максаты: кошумча дүнүйө табуу, өч алуу, адамды маскаралоо ж-а азапка салуу болгон. Улуу Октябрь соң. рев-ясына чейин адат укугу б-ча кыргыздарда төмөнкүдөй Ж-нып түрлөрү болгон: өлүм, кун, айып, маска-ралоочу Ж., денеге залал келтирүү, айыпкөрди жабыр тарткан адамдын же анын туугандарынын колуна берүү, күнөөкөрдүн бардык мүлкүн тартып алуу, элден кууп жиберүү. Өлүм Ж-сы кыргыздарда өтө эле чанда, эр өлтүргөнгө, кудайды каргаганга ж. б. колдонулган. Жабыр тарткан жактын макулдугу б-ча кээде өлүм Ж-сы кун м-н алмаштырылган. Кун таптык мүнөздө төлөнүп, өлчөмү күнөөкөрдүн ж-а жабыр тарткандын таптык, мүлктүк ж-а укуктук абалына байланышкан. Мис, байдын куну миң койдон болсо, бечара кедейдин куну 25 койдон ашпаган. Мындан- коомдо Ж. таптык мүнөздө боло турганы ачык көрүнөт. СССРде Ж-нын максаты — кылмышкерлерди жалаң гана жазалоо эмес, аларды эмгек тартибин сактоого, сов. закондорду так ж-а кыйшаюусуз аткарууга, соң. менчикке сарамжалдуулук кылууга, мамл. ж-а коомдук милдетке ак ниеттүүлүк м-н мамиле кылууга, граждандардын укуктарын, ар-намысын ж-а кадыр-баркын сактоого, соң. турмуштун эрежелерин урматтоого үйрөтүү, кайра тарбиялоо. Кылмышкерлерге уголовный за-кондо көрсөтүлгөн Ж-ны колдонуу соттун гана өкүмү б-ча жүргүзүлөт. Сов. укукта Ж. биринен бири ажырагыс эки милдетти аткарат. Алар: мажбурлоо ж-а тарбиялоо. Кылмыштуулук м-н күрөшүүдө Ж-ны колдонуу — негизги чаралардын бири. Бизде Ж. адамды маскаралоо же анын денесине залал келтирүү максатын көздөбөйт. Анын негизги максаты — эмгекчилерди коммунисттик духта тарбиялоо б-ча жалпы массалык түшүндүрүү иштерин кеңири өөрчүтүү. Негизги Ж-лар: эркинен ажыратуу, сүргүнгө айдоо, жер которуу, эркинен ажыратпаган түзөтүү эмгеги, кандайдыр бир белгиленген кызматта иштөө укугунан ажыратуу, кызматтан бошотуу, штраф, коомдук уят-каруу. Кошумча Ж. катары мүлктү конфискациялоо, аскердик же атайын наамдан, ата-энелик укуктан ажыратуу колдонулушу мүмкүн. Сүргүнгө жиберип, жер которуштуруу, белгиленген кызматта иштөө укугунан ажыратуу же бошотуу ж-а штраф негизги Ж. катары гана кол-донулбастан, кошумча Ж. катары, да колдонулат.

Ад.:   Курс советского уголовного права, т. З, М., 1970; К а р п е ц И. И., Наказание. Социальные, правовые и криминологические проблемы, М., 1973; Ной И. С, Сущность и функции уголовного наказания в Советском государстве, Саратов, 1973.

от 2020