(1. 6. 1929, Одесса —30. 6. 1971) — СССРдин учкуч-космо-навты, подполковник, Сов. Союз. Баатыры (30. 6. 1971, өлгөндөн кийин). 1954-жыл-дан КПСС мүчөсү. ААКтын одес-салык атайын мектебин (1946) ж-а Чугуевск аскер-аба окуу жайын (1950), Ю. А. Гагарин атн. Кызыл Туулуу Аскер-аба академиясын (1961) бүтүргөн. 1950— 62-ж. истребителде учкуч. 1963-жыл-дап космонавттар отрядында. 1971-ж. 6-июнда Жердин спутнигииин орби-тасына чыгарылган «Союз-11» космос кемесинин командири болуп космоско учкан. 1971-ж. 7-июнда Жер айланасында орбитада 1971-ж. 19-апрелден бери учуп жүргөн «Салют» ил. станциясы м-н биригишип, 23 суткага созулган программаны толук аткарган. Ал 1971-ж. 30-июнда Жерге келе жатканда экипаждын башка мүчөлөрү — В. Н. Волков ж-а В. И. Пацаев м-н бирге каза болун, Москванын Кызыл Аянттагы Кремль дубалына коюлган. Ленин ордени ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020