[1906, Пржевальский у., Тоң болушу, Бүркүттүн ою (азыр Тоң р-ну, Большевик кыш.) — 8. 9. 1968, Фрунзе] — кыргыз журналисти, адабий сынчы, котормочу, коомдук ишмер. 1937-жылдан КПСС мүчөсү. 1924—26-ж. Түптөгү а. ч. тех-никумунда, 1928—29-ж. Тверь ш-ндагы ■ жумушчу ф-тетинде окуган. 1955-ж. КПСС БКнын алдындагы Жог. партиялык мектепти бүтүргөн. Чыг-лык* иши 20-жылдары башталган. 30-жыл-дары М. Горькийдин «Эне» романын, «Менин университеттерим» новестин которгон. Бир нече публицистикалык ж-а очерктер жыйнагынын автору. 1932—34-ж. Кыргызмамбастын ж-а «Чабуул» журналынын редактору, Кырг-н жазуучулар союзунун уюштуруу комитетинин жооптуу секретары. 1934-жылдан «Кызыл Кыргызстан» газетасында иштеген: 1940-жылга чейин бөлүм башчысы, редактордун орун басары, 1940—47-ж. жооптуу редактор. 1948—58-ж. Кырг-н профессионалдык союздар советинин пред-ли, 1961—68-ж. «Коммунист» журналына редактор, 1958—6Гж. Чет өлкөлөр м-н достуктун ж-а маданий байланыштын Кырг-ндагы коомунун президиумунун, 1962—68-ж. Азия ж-а Африка өлкөлөрүнө тилектештиктин Кырг-н респ-калык комитетинин прешли болгон. 1940—63-ж. Кырг-н КП БКнын мүчөсү, 1945—59-ж. Кырг-н КП БКнын бюро мүчөлүгүнө кандидат ж-а анын мүчөсү. Бир нече жолу Кырг-н КП БКнын текшерүү комиссиясына мүчө болуп шайланган. СССР Жог. Советинин (4-шайл.). Кырг. ССР Жог. Советинин (2—3-шайл.) депутаты. Уч Эмгек Кызыл Туу, «Ардак Белгиси» ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

Чыг.:  Азия өлкөлөрүндө, Фр., 1958; Айкын жол, Фр., 1969.

от 2020