ДҮЛӨЙ ЧАЛКАН

от2020

Дек 1, 2020

 (Lamium) — өсүмдүктөрдүн эрин гулдуулөр тукумундагы уруусу. Бир ж-а көп жылдык чөп. Жалбырагы жөнөкөй, сабагына тушташ орношот. Гүлдөрү 2 эриндүү кылка болуп, жог. жалбырак колтугуна жайгашат. Мөмөсү — жаңгакча. Европа, Азия ж-а Түн. Африканын жылуу жерлеринде өсөт. СССРде 15, Кырг-нда 2 түрү өсөт. Д. ч-дын кээ бир түрү медицинада колдонулат.

от 2020