ДҮЛӨИ-ДУДУКТУК

— тубаса же бала’ чакта укпай калуудан сүйлөөгө, угууга жарамдуулуктун жоголушу. Угуу болбосо, сүйлөөнүн нормалдуу өсүшү мүмкүн» эмес. Ошондуктан сүйлөп жүргөн 5—7 жаштагы балдардын кулагы укпай калса, Д.-д. пайда болот. Д.-д-тун тубаса түрү аз кездешет, ага көбүнчө дүлөйлүккө алып келүүчү жугуштуу оорулар ж-а майыптык себепкер. Д.-д-тан сактануу чараларынан башка аны м-н күрөшүүнүн негизги жолу сөзгө үйрөтүү. Мында балдардын көрүү ж-а се-зүүсүн пайдаланып, өзгөчө ыкма м-н аларды кишинин үнүн тууроого ж-а сөз түзүүгө үйрөтөт, к. Логопедия. Угуу үн күчөткүч ж-а муз. приборлорду^ сүйлөөнү угуу аркылуу кон-тролдогуч радиоаппараттардын жардамы м-н калыбына келтирилет. СССРде Д.-д. үчүн бала бакчалар, атайын мектептер уюштурулган, андан балдар жалпыга бирдей орто ж-а профессионалдык билим да алат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *