ДҮЙШӨМБҮ

 (1929-жылга чейин Дүйшөмбү, 1929—1961-ж — С т а-линабад) — Тажик ССРинин борбору. Гиссар өрөөнүндө, Дүйшөмбү д-нын өйүз-бүйүзүндө, деңиз децг. 750—930 м бийиктикте. Калкы 436 миң (1975), 3 районго бөлүнөт. Аба, шоссе ж-а т. ж. тоому. Д. 1924-ж. Тажик АССРинин, 1929- 1. Тажик ССРинин Өкмөт үйү. 1948—49. Арх-лор С. Л. Анисймов, М. А. Захаров. 2. Айни аянтындагы «Дүйшөмбү» мейманканасы. 1964. Арх-лор Г. Ю. Айзикович, В. П. Шелухин, инженерлер Г. П. Лазарев ж. б. жылдан Тажик ССРинин борбору. Шаар Совет бийлигинин жылдарында курулуп, ири ө. ж. ж-а маданий борборго айланды. Электр энергетикалык, курулуш материалдары, машина куруу, металл иштетүү, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. өнүктү. 1970-ж. ө. ж. ишканаларынын саны 90го жеткен. Ирилери: текстиль, шайы, эт-консерва, цемент комбинаттары, «Дүй-нюмбүселъмаш» ж. б. Шаардын ген. нланынын биринчи долбоорун 1937-ж. арх. Н. В. Баранов, В. А. Гайкович ж. б. түзгөн. Негизги аянттары шаардын башкы магистраль! — Ленин про-спектинде. Шаарда В. И. Ленин, Куйбышев, Айни ж. б-ларга эстелик тургузулган. Таж-нда Совет бийлигин орнотуу үчүн күрөшүүчүлөргө (1966) эстелик ж-а Жеңиш монумента (1970) бар. Тажик ССР ИА, 5 жог. (ун-т, медицина, политехника, педагогика, а. ч. ин-ттары), 14 атайын орто окуу жай бар.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *