(23. 8. 1923-ж. т., Кант р-ну, Карагай-Булак кыш.) — сов. тарыхчы, тарых илимд. доктору (1969), проф. (1972). 1949-жылдан КПСС мүчөсү. 1942—46-ж. Сов. Армияда. 1950-ж. Кырг-н мамл. пед. ин-тун бүтүргөн. 1950—57-ж. СССР ИАнын Кырг-ндагы филиалынын Тил, ад-т ж-а тарых ин-тунун кенже ил. кызматкери, 1957—72-ж. Кыргыз ССР ИАнын Тарых ин-тунун ст. ил. кызматкери. 1972-жылдан К. И. Скрябин атн. Кыргыз а. ч. ин-тунда КПСС тарыхы кафедрасынын профессору. «Кыргыз ССРинин тарыхы» (2-т., Фр., 1967), «Советтик Кыргызстандын дыйкандарынын тарыхы» (1972) деген эмгектерди жазууга катышкан. 70тен ашык ил. эмгектин автору. Эмгектери Кырг-ндын а. ч-нын тарыхын изилдөөгө арналган. Чыг.: Борьба КПСС за укрепление колхозов, Фр., 1959; Победа ленинского плана социалистического преобразования сельского хозяйства в Киргизии, Фр., 1971.

от 2020