– бүт жер шарында жашаган элдердин тилдери. Азыркы эсеп б-ча дүйнөдө 2,5 миңден ашыгыраак тил бар. Дүйнөдөгү айрым элдердин тилдери толук изилдене элек. Ар бир тилдин эл аралык мааниси ар башка ж-а ал тилдерде сүйлөгөндөрдүн саны да бирдей эмес Азыр кээ бир тилдер (орус, англис, француз, кытай тилдери) эл аралык тил катары колдонулат. Орус тили СССРде улут аралык катнаштын тилине айланган. Д. ж. т. тектештигине карата өз ара өз-өзүнчө топко бөлүнөт. Славян тилдери. Булар чыгыш, түштүк, батыш болуп өз ара 3 топко ажырайт: 1) чыгыш славян тилдери (орус, украин, белорус тилдери); 2) түш. славян тилдери (словен, серб, хорват, болгар тилдери ж-а өлүү эски славян тилдери); 3) батыш славян тилдери (поляк, чех, словак тилдери). Славян тилдери Балкан ж. а., СССР, Чехосл-я, Польша, ГДРдин түш. жак терр-яларына таралган. Балтика тилдери. Буларга литва, латыш тилдери жатат. Роман тилдерине италян, француз, про-вансал (түш. Францияда), испан, ка-талон (Испанияда), португал, румын, молдаван тилдери кирет. Грек тили— өзүнчө бир топ. Ал байыркы грек тили, орто грек (же Византии) тили (4—15-к.), азыркы грек тили (16-к-дан тартып) деп үч мезгилге бөлүнөт. Герман тилдери: немец, англис, голланд, швед, норвег, исланд тилдери. Иран тилдери: О. Азиядагы тажик, Кавказдагы осетин, Ирандагы иран (фарс), Афг-нда-гы пушту ж. б. тилдер. Инди тилдери: Бангладештеги ж-а Чыгыш Индиядагы бенгал, Батыш Индиядагы ийди ж-а урду ж. б. тилдер. Бул топко цыган тили да таандык. А л-бан тили — өзүнчө топ (Балкан ж. а-нда). Армян тили да өзүнчө топту түзөт (СССР м-н Турцияда). Кавказ тилдери өз ара бир нече топтон (абхаз-черкес, батвий-кист, дагстан, картвель) турат. Кавказ тилдеринин кээ бирлери: грузин, абхаз, абазин, адыге, кабарда, чечен, ингуш, боцвий, авар, дидой, даргин, лезгин, табасаран, лаб, зан, мегрель, чан, сван. Семи т тилдери: араб, эски еврей, финикий, арамей ж. б. Түрк т и л д ер и: кыргыз, казак, өзбек, каракалпак, Турциядагы түрк, азербайжан (СССРде ж-а Иранда), түркмөн, трухмен (Түн. Кавказда), гагауз, крым татар, карачай-балкар, кумук, карайым, татар, башкырт, алтай, шор, хакас, тува, карагас, якут, уйгур, чуваш ж. б. СССРдеги түрк тилдеринин көпчүлүгү Улуу Окт. соң. рев-ясынан кийин гана улуттук адабий тилге айланды. Монгол тилдери: хал-ка-монгол (МЭРде), бурят-монгол (СССРде), калмак (СССРде ж. б. жактарда) ж. б. тилдер. Ф и н-у гор тилдери: мадьяр, ханты, фин (суоми), саам, эстон (СССРде), карел, вей, ижбр (ингре), коми-зырян, коми-пермяк, удмурт, мары, мордва ж. б. Тунгу с-м анжур тилдери: эвенк, негидаль, манжур, нанай, уэдей ж. б. тилдер. Палеоазия (Байыркы Азия): СССРдин түн.-чыгыш жагында луораветлан (чукча), коряк, юкагир, ительмен (камчадал) ж. б. тилдер. К ы т а й-т ибет тилдери. Япон тили — өзүнчө бир топ. Тынч океандын аралдарындагы малай-полинез тилдери. Африканын түштүгүнөн Суданга чейин таралган банту тилдери, Индиянын түштүгү м-н түш.-чыгышында ж-а Бе-лужстанда дравид тилдери, Ин-ди-Кытай ж. а-ынын батыш жагында бирма тилдери. Америкадагы индеец тилдери.

Ад.:   Иванов В. В., Генеалогическая классификация языков и понятие языкового родства, М., 1956; Введение в сравнительное изучение индоевропейских языков, М — Л., 1938; Реформатский А. А., Введение в языковедение, М., 1967.

от 2020