ДҮЙНӨЛҮК ЧАРБА

 —эмгектин эл аралык коомдук бөлүнүшүнүн» ж-а улуттук чарбалардын экон. байланышынын системасы. Бул эл аралык экон., соода, финансы, ил.-тех. байланышын бүт камтыйт. Д. ч-нын негизги белгилери ж-а өнүгүү тенденциясы коомдук өндүрүштүн объективдүү закон ченеми м-н аныкталат. Ал капит. өндүрүштүн базасында пайда болгон (к. Капитализмдин дуйнөлук системасы). Д. ч-нын калыптануу мезгилинде капитализмге улуттук маселе б-ча эки тенденция таандык эле. Биринчиси айрым өлкөлөрдө улуттук турмуш м-н элдик кыймылдын жанданышына, улуттук чарбаны түзүүгө жардам берсе, экинчиси эл аралык байланышты бекемдеп, улуттук жикти жок кылып, интернацио-налдуу капиталды түзүүнү, бүт экономиканы, саясатты, илимди ж*, б. бириктирүүнү көздөйт. Биринчи тенденция капитализмдин алгачкы өнүгүшүнө туура келсе, экинчиси өнүккөн капитализм дооруна мүнөздүү. Экинчи дүйн. согуштан кийин кешит, өндүрүш ыкмасы төмөндөп, бүткүл дүйн. экон. мамилелерде Д. ч-нын соң. системасы түзүлдү (к. Социализмдин дуйнөлук системасы). Азыркы Д. ч. соң. өндүрүштүн тез өсүшү, капит. өндүрүштүн төмөндөшү м-н мүнөздөлөт. Алгачкы мезгилде социализмдин үлүшүнө дүйн. ө. ж. өндүрүшүнүн 3%тен азы туура келсе, 7Ө-жылдарда болжол м-н 2/5 бөлүгү таандык болду.

Ад.:   Маркс К., Капитал, т. 1—3, М арк с К,, Э н г ель с Ф., Соч., 2 изд., т. 23—25; Ленин В. И., Империализм— капитализмдин жогорку стадиясы, Чыг., кырг. 1-бас, 22-т; Соколов И. А., Мировое хозяйство и мировой революционный процесс, М., 1971.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *