— соц. эмес мамлекеттердин эл аралык, экон. катнашынын жыйындысы. Буга өнүккөн капит. мамлекеттер ж-а артта калган өлкөлөр да кирет. Анын негизин жеке менчик өндүрүш каражаттары, о. эле бурж. өндүрүш катнашы түзөт. Бул системанын калыптануу процесси 16-к-да башталып, негизинен 20-к-дын башында аяктаган. Импер. капитализм мезгилинде Д. ч. к. с. экиге бөлүндү — ө. ж. өнүккөн капит. мамлекеттер ж-а көп сандаган колония м-н көз каранды өлкөлөр. Ошону м-н бирге өнүккөн өлкөлөрдүн ортосунда сырьё булагы, соода-сатык, жер үчүн карама-каршылык күч ала баштады. 20-к-дын башындагы дүйн. чарбанын өнүгүшүн изилдеп, В. И. Ленин бул системада эки түрдүү монополия: өнүккөн өлкөлөрдөгү финансы капиталынын монополиясы, о. эле бир нече өлкөнүн дүйнөнүн калган бөлүгүнө жүргүзгөн монополиялык үстөмдүгү пайда болгонун белгилеген. Д. ч. к. с-нын бирден бир негизги белгиси капиталды чет мамлекеттерге чыгаруу, артта калган өлкөлөрдү эзүү, алардын экономикасын сырьёлук база катары өнүктүрүү. Натыйжада бул системадагы өлкөлөр кылкасыз өнүгүп, алардын ортосундагы карама-каршылык күчөп, акыры капитализмдин жалпы кризисине дуушар болууда. Капит. системада кризистин биринчи этабы дүйн. экономикада империализмдин үстөмдүгүн бошоцдотуп, колониализмдин жоюла башташы м-н мүнөздөлөт. Улуу Окт. соц. рев-ясынын жеңиши капит. системадан Россияны бөлүп, колон. системанын ыдырашына жол салды. , Экинчи дүйн, согуш (1939—45) капитализм кризисинин экинчи этабы болду. Согуштан кийин Европа м-н Азиянын бир катар өлкөлөрү социализмди куруу жолуна түштү. Акырындап социализмдин дүйн. системасынын түзүлүшү м-н империализм дүйнөнү мурдагыдай жалгыз башкарып, саясий маселелерди өзү чече албай калды. Бир топ колония өлкөлөр улуттук боштондукка чыгып, экономикасын өнүктүрүүгө киришти. Д. ч. к. с-ндагы кризистин 3-этабы 50-жылдардын 2-жарымынан башталды. Ал социализмдин дүйн. системасынын экономикасынын тез өсүшү, анын дүйнөдөгү чечүүчү күчкө айланышы, капитализмдин карама-каршылыкта-рынын ого бетер тереңдеши, колон. системанын биротоло жок болушу м-н мүнөздөлөт. Көз карандылыктан бошонгон өлкөлөр соц. мамлекеттер м-н экон. байланышын чыңаган сайын капитализмдин кризиси терең-дөөдө. Монополиялардын үстөмдүтү-нүн натыйжасында айрым өлкөнүн капиталы башка өлкөлөрдүн капиталы м-н чырмалышып, бир эле өлкөдөгү экон. кризис капитализмди бүт кучагына тартууда. Буга акыркы жылдардагы энергетика, валюта кри-зистери далил боло алат. Д. ч. к. с-нын кризистери — капитализм азыркы өндүргүч күчтөрдү коом үчүн пайдалана албастыгын, адамзат про-гресси үчүн тоскоол коом экендигин далилдейт, к. Дүйнөлүк чарба.

Ад.\ Маркс К., Капитал, т. 1—3, Маркс К., Э н г ель с Ф., Соч., 2 изд., т. 23—25; Ленин В. И., Империализм— капитализмдин жогорку стадиясы, Чыг., кырг. 1-бас, 22-т; КПССтин XXV съездинин материалдары, Фр., 1977; Политическая экономия современного монополистического капитализма, т. 2, М., 1970.

от 2020