—асман телолорунун — Жер, Ай, Күн. ж-а планеталардын түзүлүш системасын белгилөө үчүн астр-яда колдонулуучу термин. Д. с-ны түзүүгө Байыркы Греңияда б. з. ч. 6-к-да (Фалес, Анак-симандр, Анаксимен) аракет кылынган. Геоборб. Д. с-ны грек илимпоздору Аристотель (б. з. ч. 4-к-да) ж-а Птолемей (б. з. 2-к-да), ал эми гелио-борб. Д. с-ны поляк астроному Н. Коперник (16-к-дын 1-жарымында) иштеп чыккан. Аристотелдин ою б-ча геоборб. Д. с-да Ааламдын борбору — Жер, Жерди 7 планета (Ай, Меркурий, Чолпон, Күн, Марс, Юпитер, Сатурн) , сегизинчи — жылдыздар, тогузунчу — асман телолорун кыймылга келтирген кандайдыр күч — дух курчап турат деп айтылган. Гелиоборб. Д. с. кайра жаралуу доорунда түзүлүп, табият илимин өнүктүрүүдө чоң мааниге ээ болду. Коперниктин «Асман сферасынын айланышы жөнүндөгү» эмгегинде (1543) гелиоборб. Д. с. баяндалып, табият илиминде жаңы этап башталат. Коперник түзгөн Д. с-да Жер да башка планеталар сыяктуу (Меркурий, Чолпон, Марс ж. б.) Күндүн тегерегинде айланат. Коперниктин окуусун улантуучулар Ж. Вру но (1548—1600), Г. Галилей (1564—1642) Аалам ж-а андагы жылдыздар м-н планеталардын сандары чексиз деп эсептешкен. 16—17-к-дагы ил. ачылыштардын негизинде Ааламдын борбору Жер да, Күн да эмес, анткени Аалам чексиз экени аныкталды. Күн системасын изилдөөлөрдөн кийин Га-лактиканын түзүлүшүн (18-к-да), ме-тагалактиканын түзүлүшүн (20-к-да) изилдөө өнүктүрүлө баштады.

Ад.:   Перель Ю. Г., Развитие представлений о Вселенной, 2 изд., М., 1962; Коперник Н., О вращении небесных сфер, пер. с лат., М., 1964.

от 2020