— дүйн. чарбанын капит. системасын түзүүчү өлкөлөрдө эмгектин эл аралык капит. бөлүнүшүнүн негизинде пайда болгон соода, экон. ж-а кредит-финансы системасы. Д. к. р. капитализмдин мануфактуралык стадиясында чыгып, өндүрүш ыгынын феодализмди жеңип чыгышынын бирден бир фактору болгон. Д. к. р-тун түзүлүшү импер. доорунда аякталат. Рыноктун негизги максаты капита-листтерди монополиялык эң жог. пайдага ээ кылып, өндүрүштү кеңейтип өнүктүрүү эле. Ошондуктан, мындагы олуттуу багыт: жумушчуларды эзүүнү күчөтүп, кошумча наркты көбөйтүү, эквивалентсиз (барабарсыз) товар алмашуу ж. б. экон. формалар аркылуу ири импер. мамлекеттер начар өнүккөн өлкөлөргө экон. ж-а саясий жактан үстөмдүк кылып, аларды өзүнө көз каранды абалда кармоо. Д. к. р-то анархия м-н конкуренциянын экон. закону айрыкча таасир тийгизип, капитал жумшоо чөйрөсү, соода рыногу ж-а сырьё үчүн импер. мамлекеттердин ж-а монополиялардын ортосунда айыгышкан күрөш кур-чуйт. Мамл. пландын жоктугунан эл керектөөчү товарлар азайып, чарбанын туруксуздугу күчөйт. Импер. доорунда капит. өлкөлөрдүн экон. ж-а саясий жактан кылкасыз өнүгүшү, соода рыногу маселесинин кыйында-шы, аны кайрадан бөлүштүрүү иши капит. өлкөлөрдө курч конкуренция-лык күрөшкө алып келет. Бир катар өлкөлөрдүн капитализмден бөлүнүп чыгышы, алардын соң. жолго түшүшү, улуттук-бошт. кыймылы күчөп, көз каранды эмес мамлекеттердин түзүлүшү м-н Д. к. р. ого бетер тарып, каршылыктары курчуй берет. Экинчи дүйн. согуштан кийин дүйн. соң. система түзүлүп, анын негизинде дүйн. соң. рынок пайда болду. Д. к. р-ту күч м-н кеңейтүү үчүн үстөмдүк кылуучу импер. мамлекеттер. айрыкча АКШ, экономикасынын коп үлүшүн согуш куралын чыгарууга жумшоодо. Бирок, империализм көп өлкөлөрдөн ажырап, кризиске учурап, анын дүйн. рыногу туруксуз рынокко айланууда.

Ад.:   Марко К., Капитал, т. 1—3, М арк с К., Э нг е ль о Ф., Соч., 2 изд., т. 23—25; Ленин В. И., Империализм— капитализмдин жогорку стадиясы, Чыг., кырг. 1-бас, 22-т; Политическая экономия современного монополистического капитализма, т. 2, М., 1970.

от 2020