ДЮССЕЛЬДОРФ

от2020

Дек 1, 2020

 — ГФРдеги шаар, Түн. Рейн-Вестфалия жеринин ад-мин. борбору. Калкы 680,8 миң (1970). Өлкөнүн ири экон. борборлорунун бири. Маанилүү транспорт тоому ж-а дарыя порту, чоңдугу б-ча өлкөдө 2-орундагы аэропорту бар. Болот эритүү ж-а прокат өндүрүү (Маннесман ж-а Тиссен концерн з-ддору), машина куруу, болот конструкциясы, кара металлургия ж-а тоо ө. ж. жабдууларын чыгаруу, химия, айнек, жыгач иштетүү, кездеме ж-а кийим тигүүчу ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-т. мед. академия, Мамл. көркөм академия, кара металлургия ин-ту, театр ж-а музейлери бар. Д. 12-к-дан белгилүү. Немең акыны Г. Гейненин мекени.

от 2020