ДЫЙКАН

К а р а-Ж о н — Нарын обл-нын Ат-Башы р-нундагы Кара-Коюн сельсоветине караштуу кыштак. «Коммунизм» к-зунун аймагында. Кара-Коюн суусунун боюнда. Райондун борбору Ат-Башыдан 20 км батыш тарапта. Калкы 441 (1976). Сегиз жылдык мектеп, китепкана, медпункт бар.

ДЫЙКАН — Ош обл-нын Кара-Суу р-нундагы Төлөйкөн сельсоветине караштуу кыштак. «Төлөйкөн» с-зунун аймагында. Калкы 4817 (1976). Орто мектеп, китепкана, клуб, оорукана бар.

ДЫЙКАНДАР — алгачкы община түзүлүшүнүн жиктелишинен пайда болуп, ар кандай коомдук-экон. форма-цияларда жашап келе жаткан коомдук тап. Бул — коомдук-экон. таптардын эң байыркысы, көп сандуусу, азыр жер шарындагы калктын теңинен көбү. Өндүргүч күчтөрдүн улам өнүгүшү, а. ч-нда темир куралын колдонуу өндүрүштү жеке менчиктөогө алып келет да, биргелешүү мүнөздүү болгон уруу общинасынын ордун өзүнчө чарбадан (чоң ж-а майда үй-бүлөдөн) турган аймакташ (коңшулаш) община ээлейт. Ушундай общи-нада ар бир өндүруүчүнүн майда жеке менчиги пайда болуп, община-нын социалдык жактан жиктелишин тездетет. Анын бир бөлүгү үстөмдүк кылуучу тапка айланып, көпчүлүк масса ага көз каранды болуп калат. Д. капит. үстөмдүккө чейин башкы өндүргүч тап болчу. Бул мезгилде жеке менчик дыйкан чарбасы коомдук жөнөкөй экономиканын негизин түзгөн. Эмгектин коомдук бөлүнүшү-нүн өнүгүшүнө жараша дыйкан чарбасы товар-акча мамилелерине катышат. Бирок, капитализм да майда дыйкан чарбасынын өз муктаждыгын камсыз кылуу аракетин дароо жоё албайт. Эгер жоюлса, Д. чарбасы биротоло жок болот же капит. чарбага айланат. Д-дын социалдык-экон., саясий ж-а укук абалы коомдук форма-пияда үстөмдүк кылуучу өндүрүш мамилелерине жараша келип, феода-лизмде Д. коомдун негизги табын түзүп, арендалаган жер үчүн иштеп берүү, азык-түлүк ж-а акчалай салык төлөө сыяктуу жер рентасынын үч түрүнө байланыштуу феодалга көз каранды болгон. Феодализм өнүккөн сайын Д. м-н феодалдардын ортосундагы социалдык каршылыктын, тап күрөшүнүн курчушу Д-дын ири көтөрүлүштөрү-нүн чыгышына алып келген. Бирок, майда, бытыранды дыйкан көтөрүлүштөрү дайыма жеңилип, социалдык негизги максатты ишке ашыра алган эмес. Антсе да ал көтөрүлүштөр зор прогрессчил роль ойноп, үстөмдүк кылуучу таптын эзүүнү сактоо, күчөтүл аракетине чек коюп, феодализм ыдырай баштаганда анын тамырын бошотуп, жоголуш шартын даярдады. Д-дын феодализмге каршы күрөшү бурж. рев-яда маанилүү кыймылдаткыч күчкө айланып, белгилүү орунду ээледи. Буржуазия феодализмге каршы күрөштө Д-ды пайдаланды (17-к-да Англиядагы, 18-к-дын аягында Франциядагы рев-я ж. б.). Д. идеологиясы дыйкандарды бир жагынан эмгекчи, экинчи жагынан майда жеке менчикчи деп жактайт. Бул анын социалдык-экон. тегинин эки жактуулугун далилдеп, аны коомдук тап катары баалоого тоскоол болгон. Д-дын рев-ячыл идеялары: теңдик, жерге тең укуктуулук, адилетсиз милдеттерден куткаруу таламдары. Бул идеялар Д. басып өткөн тарыхый жолдун баарында орун алган. Майда жеке менчик өндүрүшүн сактоо ж-а бекемдөө идеясы капитализма өтүү м-н реакциячыл утопиялык мүнөзгө ээ болот. Капитализмдин а. ч-сында өнүгүшүнөн Д. жиктелип, бирдиктүү тап боло албай калат. Капитализм шартында Д. айыл-кыштактагы пролетар ж-а жарым пролетардан (жалданма а. ч. жумушчусу), орто дыйкан-бурж. майда мен-чикчиден (майда ж-а орто фермер) ж-а оокаттуу дыйкандан ‘турат. Ири капитал м-н бурж. мамлекет эмгекчи Д-ды эзип, аларды жакырдантып, орто Д. м-н эзүүчүлөрдүн улам байышына шарт түзөт. Д-дын коомдогу ушундай абалына жараша ири чарба ээлери шаардык буржуазия тарабына өтүп, түрдүү бурж. партияларга кошулат. Д-дын пролетар ж-а жарым пролетар катмары утуру жалпы пролетар кыймылына тартыла берет. Майда ж-а орто.Д. идеология ж-а саясий позиция б-ча өтө татаал ж-а узак жолду басып өтөт. Бул алардын экон. тегинин эки жактуулугу — эмгекчи да, жеке менчикчи да катарында коомдук аренага чыгышы м-н түшүндүрүлөт. Дыйкан бурж. коомдо жумушчуну же буржуазияны ээрчийт, орто жолдо калбайт деген ойду В. И. Ленин баса көрсөтөт (Чыт., кырг. 1-бас, 29-т., 410-6.). Мээнеткеч, эзилүүчү катары Д. пролетариатка оосо, жеке менчикчи катары буржуазияга тартат. Ар түрдүү эзүүгө каршы күрөштө жумушчу табы м-н Д. таламы биригип кетет. Ошондуктан марксизм-ленинизм эмгекчи Д-ды пролетариаттын ишеничтүү союздашы деп эсептейт. Пролетариаттын жетекчилиги астында Д. социалисттик рев-яга, социализм м-н коммунизмди курууга катышат. Д. жумушчу табынын биринчи союздашы экендигин маркстик-лениндик илим аныктаган. Мунун эл аралык абалда эбегейсиз зор мааниси бар. Коммунисттик ж-а жумушчу партиялар аны капитализмге каршы күрөштө чыг-лык м-н пайдаланууда. Ка-пит. өлкөлөрдүн а. ч-сында капиталды топтоштуруу ж-а борбордоштуруу, мопополиялардын үстөмдүгүн кеңитүү айыл-кыштакта майда чарбаларды жакырдантты. Миллиондогон майда чарба ири капиталга житип, майда фермерлер өндүргөн продукция азайып, алар өздөрү жалданма жумушчуларга айланып, жумушсуздардын саны көбөйүүдө. Финансы капиталынын үстөмдүгүнүн өсүшү Д-ды өтө жакырданууга алып келди. Эмгекчи Д. бул саясатка катуу каршылык көрсөтүп, улам жаңы көтөрүлүш уюштуруп, аларды жумушчулар колдоп жатат., Монополия-лардын кысымы м-и бийлигине, империализма каршы күрөштө Д. м-н жумушчу табынын таламы улам жакындап, союзу чыңалып, элдердин улуттук-бошт. кыймылы күчөп, жаш мамлекеттердин саясий ж-а экон. көз каранды эместиги үчүн күрөш улам бекемдөөдө. Улуу Октябрь социалисттик революциясынын жеңиши СССРдеги дыйкандардын абалын түп-тамырынан бери өзгөрттү. Д-ды помещиктер м-н капиталисттердин эзүүсүнөн куткарып, жер жеке менчигин жок кылып, жаңы соң. турмушту курууга жол ачты. Рев-яга чейин Россиядагы 20 млн-дон ашык майда дыйкан чарбасы 135 млн га дай жерге, б. а. жалпы а. ч. жеринин 36%ине гана ээ болчу. Миллиондогон майда дыйкан чарбасын социализм жолуна өткөрүү үчүн эң мурун Д-дын нечен кылымдан берки артта калышын жоюп, а. ч-сын биротоло кайра куруу зарыл эле. Бул милдетти иш жүзүнө ашырууда В. И. Лениндин кооперация планы негиз болду. ВКП (б) нин XV съезди Лениндин Д. ж-дөгү көрсөтмөлөрүн жетекчиликке алып, чачкын, майда дыйкан чарбаларын ырааттуулук м-н соң. ири өндүрүшкө тартуунун саясий багытын белгиледи. Бүткүл дүйн. тарыхый милдетти аткаруу үчүн компартия эбегейсиз -уюштуруу ж-а тарбия ишин жүргүздү. 30-жылдардын аягында айыл-кыштактагы коомдук-экон. мамилелерде чыныгы рев-я болуп өттү. Д. жапырт колхозго кирип, соң. өнүгүү жолуна түштү. Өлкөдө туташ коллективдештирүүнүн натыйжасында акыркы эзүүчү тап —кулактар жок кылынды. Соң. негизде а. ч-н кайра куруу маселесин чечүү, колхоз түзүлүшүн чыңдоо, жумушчу табы м-н Д-дын союзун бекемдөө үчүн МТС, совхоз —мамл. ири ишканалар уюштурулду. Алар а. ч. өндүрүшүнүн мад-тын көтөрүп, колхоздорго сорттуу үрөн ж-а асыл тукум мал берүү м-н экономиканы өнүктүрүү жагынан өрнөк көрсөттү. А. ч-н коллективдештирүү негизинен 1940-ж. аяктап, Д-дын 96,9%ин кучагына алды. Кырг-нда 1928-ж. колхозчу Д. үлүшү 0,7% тен 1940-ж. 98,9% ке жеткен. СССРдин а. ч., колхоз түзүлүшү Улуу Ата Мек. согуш жылдарында чоң сыноодон өттү. Колхоз-совхоздор өлкөнү зарыл тамак-аш, сырьё м-н камсыз кылып турду. Соң. а. ч-нын материалдык-техн. базасынын чың-далышына я^араша колхоздор ири-лештирилип, кээ бири совхоздорго айландырылды. Алар бай техниканы толук ж-а өндүрүмдүү пайдаланып, ири чарбага айланды. Муну Кырындагы колхоздордун мисалынан көрүүгө болот. 1973-ж. ар колхоздо тү-түндүн саны 1932-жылга салыштырганда 8 эсе, айдоо аянты — 7,5, уй — 26,3, кой-эчки — 52,4, чочко —47,2 ж-а жылкы 3,5 эсе көбөйдү. Трактордун саны 1960—1973-ж. 3,3 эсе арбыды. Өндүргүч күчтөрдүн өнүгүшү а. ч. эмгегиң индустриялуу эмгектин бир түрүнө’ айландырууга, шаар м-н кыштактын ортосундагы олуттуу айыр-маны жоюуга алып келет. Өндүрүштү коомдоштуруунун өсүшү колхоз менчигин мамл. менчикке жакындатып, аларды бирдиктүү коомдук коммунисттик менчикке айландырууга шарт түзөт, к. Айыл чарбасы, Айыл чарбасын коллективдештирүү, Дыйканчылык.

Ад.:   Энгельс Ф., Крестьянский вопрос во Франции и Германии, М а р к с К., Энгельс Ф., Соч., т. 22; Ленин В. И., Россияда капитализмдин өнүгүшү, Чыг., кырг. 1-бас, 3-т.; Ленин В. И., О союзе рабочего класса и крестьянства[Сборник], М., 1954; Ильясов С, Кооперативное строительство Киргизии, Фр., 1959; Д у й ш е м а л и е в Т. Д., Очерки истории коллективизации сельского хозяйства Киргизии, Фр., 1965; Игнатов-с к и й П. А., Крестьянство и экономическая политика партии в деревне, М., 1971; Советское крестьянство. Краткий очерк истории (1917—1970), 2 изд., М., 1973.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *