[1913-ж. т., Жети-Суу обл., Каракол у., Талды-Суу айылы (азыркы Ысык-Көл обл., Түп р-ну) ] — Кырг-ндын сов. ж-а парт, ишмери. Кыргыз ССРинин эмг. сиң. экономисти (1974). 1940-жылдан КПСС мүчөсү. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Ташкендеги Өзбек эл чарба ин-тун (В. В. Куйбышев атн.) бүткөндөн (1937) кийин, Кыргыз ССР мамл. пландоо комиссиясында ар түрдүү кызматта иштеген. 1940-жылдан Кыргыз ССР ЭКСтин пред-лине орун басар, 1941—44-ж. Кыргыз ССР мамл. контролдоо эл комиссары, 1944—48-ж. Кыргыз ССР тышкы иштер министри. 1949-жылдан Кырг-н КП БКнын секретары ж-а анын бюросунун мүчөсү. 1951—58-ж. Кырг-н КП Фрунзе обкомунун биринчи секретары. 1958— 61-ж. Кыргыз ССР Мин. Советинин пред-ли. 1961-жылдан Кыргыз ССР мамл. пландоо комитетинин пред-лине орун басар. СССР Жог. Советинин (2—5-шайл.), Кыргыз ССР Жог. Советинин . (2—3, 5-шайл.) депутаты. Кыргыз ССР Жог. Советинин (3-шайл.) пред-ли. КПССтин 19—21-съезддеринин делегаты. Эки Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу, 1-дараж. Ата Мекендик Согуш ордендери ж-а медалдар м-н сыйланган.

от 2020