ДЫБЕНКО Павел Ефимович

[16(28). 2. 1889—29. 7. 1938] — сов. аскер ишмери, 2-рангадагы командарм (1935). 1912-жылдан Компартия мүчөсү. Дыйкандын үй-бүлөсүнөн. Рев-ялык игцке 1907-жылдан «катышкан. 1911жылдан Балтика флотунда. 1915-ж. «Император ПаЛИНК Ору нун согушка каршы чыккан мат- росторунун текчилеринен. Алты ай камакта отуруп, согушка П. Е. Дыбенко. жөнөтүлөт. Согушка каршы үгүт-насаат жүргүзгөндүгү үчүн кайта 1гамалат. 1917-ж. Февр. рев-ясынан кийин бошонот. Гельсингфорс советинин мүчөсү, 1917-жылдын апрели-нен Центробалттын пред-ли. Петро-градда Окт. куралдуу көтөрүлүшүн даярдоого активдүү катышат. Петроград аскер рев-ячыл комитетинин мүчөсү, рев-ялык матросторду уюштуруу ж-а согуш кемелерип борборго жөпөтүү ишин жетектеген. Петро-градга Краснов-Керенский аскерлери чабуул жасаганда Красное Село м-н Гатчинадагы отряддарды башкарган. 1917—18-ж. Аскер ж-а деңиз иштер эл комиссариатынын коллегия мүчөсү, деңиз иштери б-ча эл комиссары. 1918-ж. февралда германиялык интервенция мезгилинде Нарвага жакын жерде отрядга жетекчилик кылат. 1918-жылдын жай айларынан Украинада рев-ячыл жашырын иш жүргүзүп, 1918-жылы августта кама-лат. Октябрда колго түшкөн нбм. офицерлер Германияга кайтарылып, Д. бошотулат. Украина м-н Крымда-гы ички контррев-яга каршы күрөштү (1918—19) башкарат. Кронштадт-та чыккан козголоңду басууга катышат (1921). Согуш академиясын (1922) бүтүрөт. 1928—38-ж. О. Азия, Волга бою, Ленинград согуш округ-дарында аскер башчысы. СССР рев-ялык аскер советинин, СССР БАКтын мүчөсү. СССР Жог. Советине (1-шайл.) депутат. Үч Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *