ДУШ

от2020

Дек 1, 2020

 (итал. doccia — суу чачыраткы-чы бар түтүк) — түтүк аркылуу ты-гыз агымда же жамгыр түрүндө бүр-күлмө суу м-н денеге таасир этүүчү процедура. Д. дарылоо, алдын алуу ж-а гигиеналык максатта колдонулат. Д. туруктуу муздак (20°Сден төмөн); мелүүн (20—30°С); индифференттүү (34—36°С); жылуу (37—39°С); ысык (40°С), андан жогору ж-а туруксуз темп-радагы; төмөнкү, ортоңку ж-а жог. басымдуу болуп айырмаланат. Гигиеналык Д-тун стационар ж-а көчмө түрү бар. Дарылоо ж-а алдын алуу максатында жамгыр-лама, чаңдатма, Шарко, шотланд ж. б. 1 Д-тар колдонулат. Д. нерв система- 1 сынын ишинин ж-а зат алмашуунун бузулушун дарылоодо жакшы натыйжа берет, организмди чыңдайт.

от 2020