ДУХ

от2020

Дек 1, 2020

— материалдык, табигый башталышка караганда заттык эмес негиз-ди туюндуруучу филос. түшүнүк. Д. м-н материянын өз ара катышы философиянын негизги маселесинен. Философиянын тарыхында ал субъективдүү Д. (субъект, жеке адам) ж-а объективдүү Д. (аң-сезимди адамдан ажыратып, өз алдынча күчкө айлантуу) Дөп экиге бөлүнөт. Субъективдүү Д-ка өтө маани берүү субъективдүү идеализмге, объективдүү Д-ту алгачкы деп таануу объективдүү идеализмге алып келет. Античный философияда Д. теориялык ишмердик катары каралган (мис, Аристотель үчүн Д-тун ишкердигинин жог. формасы — ойлоо). О. эле Д-ту интуиция жолу м-н түздөн түз эле таанылуучу акыл-эстен жогору турган башталыш (Платон) ж-а адам жанынын эң эле ийкемдүү бөлүгү деп да эсептешкен. Немец классикалык философиясы Д-ту өзүн өзү аң-доонун ишмердиги катары карап, анын активдүүлүгүн айрыкча белгилейт. Гегель Д-ту практикалык иштин теориялык жагы, өзүн өзү аңдоо м-н аң-сезимдин иш жүзүнө ашы-рылчу биримдиги катары түшүнүп, Д. өзүн өзү таануунун жүрүшүндө табигый, сезимдик нерселерди жеңип, аягында өзүнө чейин өсүп жетет дейт. Матер, философия Д-ту жаратылышка карата экинчи деп белгилейт. 17—18-к-дагы материалисттер (Гоббс, Локк, Ламетри) Д-ту сезим органдары аркылуу таанып билүүнүн бир түрү катары карашкан. Диалек. материализм духовный байлыктын материяга көз карандысыз жашоосу ж-дөгү түшүнүктү четке кагат. Духовный байлык — материянын функциясы, адамдардын материалдык, коомдук-тарыхый практикасынын натыйжасы. Маркстик философияда Д. аң-сезимдин синоними катары колдонулат.

от 2020