ДУРРЕС

 — Албаниядагы шаар. Адрия деңизиндеги Дуррес булуңунда. Калкы 53,2 миң (1967). Өлкөнүн башкы порту, темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Кеме куруу, металл иштетүү, тамак-аш, тамеки, резина ж-а тери о. ж. өнүккөн. Балык кармоочу ж-а иштетүүчү база. Туристтик борбор, курорт. Д. б. з. ч. 627-жылдан белгилүү.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *