ДУРОВДОР

от2020

Дек 1, 2020

— орус цирк артисттеринин, клоун-дрессирошциктердин үй-бүлөсү. Анатолий Леонидович Д. [26. 11(8. 12). 1864-8(21). 1. 1916] — акробат, эквилибрист, жонглёр, 1879-ж. балаганда ойноодон баштап, 1882-ж. айбанаттарды үйрөтүүгө өтөт. Саясий сатирага кайрылган туңгуч цирк артисти. Владимир Леонидович Д. [25. 6(7. 7). 1863—3. 8. 1934] — РСФСР эмг. сиң. арт. (1927). А. Л. Дуровдун агасы. 1879-ж. үйрөтүлгөн айбанаттары м-н сатиралык номерлер аткарган. Россияда 1-жолу айбанаттардын табигый сезими ж-а рефлексине карата үйрөтүү жолун иштеп чыккан. 1912-ж. Москвада музей-бурч ачкан (азыр В. Л. Дуров атн. бурч). Анатолий Анатольевич Д. [26. 11(8. 12). 1887—19. 11. 1928] — А. Л. Дуровдун уулу. Өнөрүн 1914-жылдан көрсөтө баштайт. Импер. согушка каршы чыгарган тамашасы үчүн сүргүнгө айдалган. 1917-ж. циркке кайра келип, айбанаттардын көп түрүн үйрөтүп, оюн көрсөткөн. Владимир Григорьевич Д. [3(16). 4. 1909-14. 3. 1972] — СССР эл арт. (1967). А. Л. Дуровдун небереси. В. Э. Мейерхольд жетекчилик кылган театр өнөркана-дан окуган. Д-дун жолун жолдоп, сатирачы клоун катары айбанаттарды кызыктуу, жагымдуу ойнотууга жетишкен чебер. Ал Европанын көп өлкөлөрүндө өнөрүн тартуулаган. Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Юрий Владимирович ДJ30.1Z. 1909 (12. 1. 1910) — 22. 2. 1971] -СССР эл арт. (1971). В. Л. Дуррвдун небереси. Сатирачы клоун, ар түрдүү айбанаттарды оюнду жаңылбай аткарууга үйрөткөн устат. Эмгек Кызыл Туу ордени ж-а медалдар м-н сыйланган. Т е р е з а Васильевна Д. (5 9.1926-ж. т.) —РСФСРдин эмг. сиң. арт. (1969). А. Л. Дуровдун небереси. 1947-жылдан бери ар түрдүү айбанаттар м-н оюн көрсөтүүдө.

Ад.:   Таланов А. В., Братья Дуровы, М., 1971.

от 2020