ДУНИТ

от2020

Дек 1, 2020

(Жаңы Зеландиядагы Дун тоосунун атынан) —магмалык ультра-негиздүү тоо тек. Өңү кара, каралжын же ачык жашыл. Д. 85—100% оливинден, 3% ке чейин хромиттен ж-а руда минералдарынан турат. Составында магний өтө көп, кремний аз. Ал силл, жарыш жаткан линзалар ш-а кайчылашкан түтүкчөлөр түрүндө кезигет, кээде гана ири интрузия тулкуларын пайда кылат. Д. мантия-нын жер кыртышынын үстүңкү бөлүгүндөгү жаш тоо тектерге тектоникалык жаракалар аркылуу сиңип калган блоктору болуш керек деген пикир айтылат. Д. м-н бирге хромит, платина, никель, кобальт, темир, тальк, хризотил-асбест ж. б. баалуу элементтердин кендери кездешет. Д. отко чыдамдуу материалдарды чыгарууда кеңири колдонулат.

от 2020