ДУНДИЧ Тома

(ад-тта — Олеко) [13. 4. 1896 (башка бир маалымат б-ча 12. 8. 1897), Далмаңиянын Грабоваң с— 8. 7. 1920, Ровнонун жанында] — Россиядагы Гражд. согуштун баатыры. Дыйкан үй-бүлөсүнөн. Улуту хорват. 12 жашында Түш. Америкага кетип, 4 жыл мал баккан. 1914-ж. Австрия-Венгрия армиясына чакырылат. Биринчи дүйн. согушта орус аскерлерине туткунга түшкөн (1916, май). Россиядагы Ыктыярдуу серб дивизиясына өз ыктыяры м-н өткөн. 1917-жылдан Кызыл Гвардияда. 1918-ж. мартта партизандык отрядды башкарган. Интерн, батальондун составында Царицыяды коргошкон. 1919-ж. С. М. Будённыйдын Дондук Атайын дивизиясында полк командиринин жардамчысы. Тайманбас баа-тырдыгынан улам «Кызыл Дундич» деген атка конуп, будённыйчылар арасында өтө зор кадыр-баркка ээ болгон. Салгылашууда курман болгон. Кызыл Туу ордени м-н сыйланган.

Ад.:   Дунаевский А. М., Олеко Дундич [Докум. повесть], М., 1960.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *