—дунган калкынын музыкасы. Д. м. бир үндүүлүгү, шаттуулугу, обондуулугу, ритми-нин ж-а өлчөмүнүн эркиндиги м-н айырмаланат. Дунган элинин муз. аспаптары: михузы’, эрхузы, сыхузы (кыл аспап), «ди» «щё» (үйлөнмо аспап), санщянцзы, пиба, ёнчин, ку-чянзы (чертме аспап), вазы (урма аспап). Ырчылар муз. аспаптын коштоосу м-н аткарган. Дунгандар да ырды өз эне тилинин фонет. өзгөчөлүгүнө байланыштуу басыңкы үн м-н ырдайт. «Нанчор данфи», «Мынчжа-но» сыяктуу эски ырлары бүгүнгө чейин ырдалып жүрөт. Сов. доордо көптөгөн элдик ырлар жаралды (мис, В. И. Ленин тууралуу Я. Шивазанын сөзүнө жазылган ырлар ж. б.). Мурда динге байланыштуу ыр-бийге тыюу салынса да, элдик музыка өөрчүп берген. Окт. рев-ясынан мурун Пишпек у-нде Щинин Гасыр, Ля Ягэзы, Янсуй Исмаз, Чжупи Давуя сыяктуу аспаптын музыканы мыкта ойноочулар болгон. Чжан Сумаз бип нече аспапта ойногон. Анын баласы; Чжан Гашим Кыргыз мамл. филар-мониясындагы дунган ансамблина жетекчилик кылган. 1930-жылдари Алматыда муз. аспаптын чебер атка-руучусу Машанло Сыдзюзынын ысмнп белгилүү болгон. Азыр Кырг-н м-н Каз-нда муз. жогорку билими бар бир: катар профессионал ишмерлер (Кыргыз ССР эл артисти Х. Мухтаров, СССР комн. союзунун мүчөсү, Алма-* ты консерваториясынын доңөнти Б. Баякунов ж. б.) иштейт.

Ад.:   З а т а е в и ч А. В., Песни разных народов, А.-А., 1971; Виноградов В. G, Вопросы развития национальных музыкальных культур в СССР, сб. ст., М, 1967; Баякунов Б. Я., Дунганская народная песня, в сб.: «Народная музыка в Казахстане», А.-А., 1967.

от 2020