ДУНГАНДАР

от2020

Дек 1, 2020

(өздөрүн чжунюань, хуэйхуэй, лаохуэйхуэй же хуэйзу деп аташат) — Азиядагы эл. Кырг-н (Ысык-Көл, Ош обл-тарында ж^а Чүй өрөөнүндө), Каз-н (Алматы, Жамбул ш-ларында ж-а ушул обл-тарда), Өз-б-нда (Ташкендин чет-жакасында ж-а Фергана өрөөнүндө) жашайт. Саны 40 миң киши (1970). Дунган тилинде сүйлөйт. Динге ишенгендери ислам динин тутушат. О. азиялык Д-дын ата-бабалары Кытайдын Шэньси, Ганьсу ж-а Синьңзян провинцияла-рынан качып келген. 19-кылымдын 2-жарымында Кытайдагы Д-дын Цинь династиясына каршы көтөрүлүшү жеңилип калгандан кийин алар^оссия-га оой баштаган. Көчүп келүү эки мезгилде: адегенде 1877-ж. октябрдын аягы, ноябрдын башында Бедел ашуусунан өтүп, Пржевальск уездине 1116 адам келип, кийин алар Ырдыкка отурукташкан. Ошол эле жылы декабрда Токмокко 3314, 1878-жылдын башында Ошко 1779 адам көчүп келген. Экинчи мезгил Иле крайындагы (Кулжа р-ну) элдин өз ыктыяры м-н Россияга өтүшү ж-а анын букаралы-гын кабыл алышына байланыштуу болуп, бул мезгилде бардыгы 4682 адам ооп келген. Д. Окт. рев-ясынан кийин гана чыныгы социалдык ж-а улуттук боштондукка чыкты. Соң. кайра куруу-лардын жүрүшүндө бүткүл совет элинин интернационалдык жардамы м-н Д. соң. эл (народность) болуп калыптанды; тили, мад-ты, ад-ты өнүгүп, өзүнчө басма сөзгө ээ болду. Дунган тилинде ар түрдүү китептер басылат, Фрунзе ш-нда «Шыйүэди чи» («Октябрь туусу») газетасы чыгат. Д. негизинен дыйканчылык кылып, шалы, жашылча, о. эле дары-дармек өсүмдүктөрүн өстүрөт, ө. ж-да иштейт. Д. Кытай Эл Республикасынын Нинся-Хуэй, Синьцзян-Уйгур автономия р-ндоруйда ж-а Ганьсу провин-циясында да жашайт.

Ад.:   Очерки истории советских дунган, Фр., 1967; С ушан л о М., Дунгане (исто-рико-этнографический очерк), Фр., 1971.

от 2020