ДУНАИ

—Батыш Европадагы эң ири дарыя. Уз. 2850 км, алабынын аянты 817 миң км2. Шварцвальд тоосунан башталып, Кара деңизге куят. Ала-бында ГФР, Австрия, Чехосл-я, Венгрия, Югосл-я, Румыния, УССРдин бир бөлүгү, Швейцария, Италия ж-а Польша мамлекеттери жайгашкан. Д. Вена ш-на чейин шар агат (бул жерде Альп тоолорунан көп суу-да-рыялар кошулат), Венадан Темир Дарбаза капчыгайына чейин Орто Дунай түздүгү, андан ары Төмөнкү Дунай түздүгү аркылуу агып, өрөөнү кеңийт (5—10 км). Нугу салаала-нып, ийри-буйру, кээ бир жерлери жасалма түздөлгөн. Деңизге куя бериш жеринде дельтага айланып, З салаага бөлүнөт. Чатында орт. чыгымы 6430 м31сек, жылдык агымы 203 км3 ге жакын. Негизги куймала-ры: Инн, Драва, Сава, Морава (оң), Морава, Тиса, Олт, Сирет, Прут (сол). Транспорттук мааниси чоң. Жог. агымына (Регенсбург ш.) чейин ж-а анын 34 куймасы кеме жүрүүгө ыңгайлуу. Д-дын алабы кеме жүрүүчү Людвиг каналы аркылуу Рейн д-нын системасы м-н байланышат. Д-да ГЭСтер бар. Балык кармалат. Д-дын жээгиндеги ири ш-лар: Линң, Вена, Братислава, Будапешт, Нови-Сад, Белград, Русе, Брэила, Галац, Измаил. Дунай боюндагы соң. мамлекеттер Д. гидроресурсун комплекстүү пайдаланууга долбоор түзүшкөн. Д.— эл аралык дарыя; аны пайдалануу эрежеси эл аралык келишимдер б-ча белгиленген.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *