ДУНАЕВСКИЙ Исаак Осипович

[18 (30). 1. 1900—25. 7.. 1955] — сов. композитор, РСФСР эл артисти (1950), сов. оперетта м-н муз. кинокомедия-га негиз салгандардын бири. 1919-ж. Харьков консерваториясын бүтүргөн. Эл арасына кеңири тараган «Мекен жөнүндө ыр», «Шайыр балдардын маршы», «Мектеп вальсы», «Унутпа», «Каховка жөнүндө ыр» ж. б. чыг-ларды, 12 оперетта («Күйөөлөр», 1927; «Алтын өрөөн», 1937; «Чий калпак», 1938; «Таалай жолу», 1941; «Клоун-дун уулу», 1950; «Ак акация», 1955 ж. б.), балет, эстрадалык оркестр үчүн пьесалар, спектаклдер жазган. «Цирк» (1936), «Волга-Волга» (1938), «Кубандык казактар» (1950) кино-фильмдерине жазган музыкалары үчүн СССР мамл. сыйлыктарына (1941, 1951) татыктуу болгон. Үч орден жана медалдар менен сыйланган.

Ад.:   П э н А., И. Дунаевский, М., 1956; Михеев а Л., И. О. Дунаевский, Л., 1963.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *