ДУЛАТОВА Гүлшара Иманалиевна

(15. 4. 1930-ж. т., Токмок ш.) — кыргыз совет актёру. Кыргыз ССР эл арт. (1977). 1969-жылдан КПСС мүчөсү. 1946—48-ж. Токтогул Сатылганов атн. Кыргыз мамл. филармониясынын хо-рунда ырчы. А. Островский атн. Тант-кен мамл. театр өнөр ин-тунун актёр-дук бөлүмүн бүтүргөндөн (1953) бери Кыргыз мамл. академиялык драма театрынын артисти. Д.— ар түрдүү драмалык, трагедиялык ж-а сатиралык пландагы каармандардын образын түзгөн кеңири диапазондуу актёр. Аткарган негизги ролдору: Беатриче (К. Гольдони, «Эки мырзанын малайы»), Рахима (М. Алыбаев, «Ку-рорттогу окуя»), Канышай (К. Эшмамбетов, «Эгиз бала»), Галчиха (А .Островский, «Күнөөсүз күнөөлүүлөр»), Долли (Л. Толстой, «Анна Каренина»), Апал (Ш. Бейшеналиев, ч Тоо койнундагы гүл»), Сахно (А. Соф-ронов, «Ашпозчу аял»), Зуура (Б. Жакиев, «Атанын тагдыры»), Сейде (Ч. Айтматов, «Бетме-бет»), Наргүл Т. Абдумомунов, «Каркыралар кайтканда»), Гүлбара (М. Байжиев, «Бал-тар бойго жеткенде»), Клея (Г. Фи-генредо, «Эзоп»), Кей (М. Каоуру, «Уурдалган өмүр»), Эне (К. Чапек, 4-Эне»), Тангабике (М. Карим, «Ай тутулган түндө») ж. б. Д. медалдар м-н сыйланган.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *