кереге газета—кол м-н жазылып же машинкага басылып, атайын стендге же үй дубалына (керегесине) илинип коюлуучу газета. Д. г-ны мекемелер, кол-хоз-совхоздор, ишканалар, цехтер, жог. окуу жайлар, андагы ф-теттер ж. б. чыгарат. СССРде Совет бийлигинин алгачкы жылдарында эмгекчилердин демилгеси м-н пайда болуп, жумушчу ж-а айылдык кабарчылар кыймылынын күчөшү м-н кеңири жайылган. Д. г. мамл. планды аткаруу, эмгек тартибин чыңдоо, соң. мелдеш-тп күчөтүү өңдүү маанилүү маселелерди чечүүдө зор роль ойноп келатат. Д. г-нын редактор жетектеген редколлегиясы болот, аны көпчүлүк чогулуш шайлайт. Газета адетте он күндө, жарым айда жө айына бир чыгарылат. Зарыл учурларда редколлегия газетаны кезектеги санынан тышкары да чыгара берет.