ДРУЦЭ Ион Пантелеевич

(13. 9.1928-ж. т.) — молдаван совет жазуучусу. СССР жазуучулар союзунун жог. адабий курсун бүтүргөн (1956). Чыг-лары 1950-жылдан жарыялана баштаган. «Биздин кыштакта» (1953), «Адамдарды сагынуу» (1959) аңгеме жыйнактарынын, «Кайгы жалбырактары» (1957), «Күздүн акыркы айы» (1964), «Журтуна кайтып келүү» (1972) повесттеринин, «Каса маре» (I960; 1961-ж. коюлган), «Дойна» (1971), «Жашчылыгыбыздын куштары» (1972) пьесаларынын, «Мээрим-дүүлүгүбүз көтөргөн түйшүк» (1968) деген романдын автору. Д. чыг-ла-рында сов. адамдардын рухий байлыгын, мыкты сапатын чагылдырган. Анын көп чыг-лары СССР элдеринин тилине ж-а чет тилдерге которулган. Молдаван ССР мамл. сыйл. лауреаты (1967).

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *