ДРОГОБЫЧ

от2020

Дек 1, 2020

 — УССРдин Львов обл-н-дагы шаар, Карпат тоосунун этегиндө. Тысменица д-нын жээгинде. Калкы 56 миң (1970). Темир ж-а автомобиль жол тоому. Нефть ж-а жыгач иштетүү, машина куруу, жеңил ж-а тамак-аш ө. ж. өнүккөн. Согуштан кийин газ аппаратураларын, сүт, ликёр-арак, жемиш консерваларын чыгаруучу з-ддор, нан, эт комбинат-тары курулду. Пед. ин-т, Львов политех, ин-тунун жалпы тех. ф-тети, 2 техникум (нефть, механикалык), муз. окуу жайы, драма театры ж-а край таануу музейи бар.

от 2020