-амер. негр кул Дред Скоттун сот иши. Скотт 4 жыл бою (1834—38) кожоюну ж-а кул ээлиги болбогон Иллинойс ж-а Висконсин штаттарында жашагандыктан өзүн эркин адам катары эсептөө үчүн сотко кайрылган. 1857-ж. АКШ жог. соту аны кул б-ча калат деп чечим чыгарган. Кул ээлеринин таламын жактаган бул чечим кул кайсы штатта жашабасын, кожоюну-нун жеке менчиги болордугун аныктаган. Д. С. и. АКШда көп нааразылык туудуруп, аболиционизмдин өөрчүшүнө түрткү болгон.

от 2020