ДРАМА

от2020

Дек 1, 2020

(гр. drama—аракет)—1. Ад-т-тын бир теги (эпос ж-а лирика м-н катар). Д. театрга да, адабиятка да орток. Д. сөздү ымдоо, жаңдоо м-н айкалыштырып оюн көрсөткөн ар-тисттердин өнөрүнөн келип чыгып, театр өнөрүнүн өнүгүшү м-н бирге ад-ттын бир теги катары калыптанган. Анын өзгөчөлүгү—сюжеттүүлүк, б. а. окуялардын ж-а кыймыл-аракеттин драмалык түрдө курч өнүгүшү, анын сахналык эпизоддорго бөлүнүшү, каармандардын диалогдорунун туташтыгы, баяндоонун жоктугу же көмөкчү абалда болушу. Д. курч кон-фликттүү болот, анын түпкү негизин социалдык-тарыхый же «түбөлүктүү» жалпы адамзат карама-каршылыкта-рына дуушар болгон кишилердин ой- пикирлери, кагылыштары, сөз тай-маштары түзөт. Драматизм иск-вонун бардык түрлөрүндө жолукса да, Д-да закон ченемдүү түрдө басымдуулук кылат. Д. өз ичине көп жанрды камтыйт. Трагедия м-н комедия — Д-да жашап келген түбөлүктүү жанрлар. О. кылымда мистерия, моралите, көчө Д-лары, о. эле мелодрама, фарс, водевиль кеңири тараган. Азыр чет элдик Д-да трагикомедия маанилүү орунда. Европа Д-сынын башатында байыркы грек драматургдары Эсхил, Софокл, Еврипид, Аристофан турат. Байыркы Рим Д-сынын өкүлдөрү — Плавт, Теренций. Чыгышта Д. кийинчерээк өнүккөн. Индияда Д. жанры-нын гүлдөгөн доору б. з. 1-миң жылдыгына (Калидаса, 4—5-к., Шуд-раки, 5-к. ж. б.) туура келет. Европа Д-сынын «алтын доорун» Англияда-гы ж-а Испаниядагы Кайра жаралуу доору м-н Барокко мезгилиндеги Д. түзөт. Шекспирдин Д-ларында трагедиялуулук ж-а комедиялуулук, реалдуулук ж-а фантастика чыныгы элдик Д-лык формада сүрөттөлгөн. 19-к-дагы орус драматургиясы дүйн. Д-нын тарыхына зор салым кошкон. A. С. Грибоедов, А. С. Пушкин, Н. В. Гоголь, А. Н. Островский, Л. Н. Толстой, А. П. Чехов — чыныгы реалисттик Д-ны жаратуучулар. Сов. драматургия М. Горькийдин драмалык чыг-ларынан башталат. B. Вишневский, И. Погодин, К. Тренёв, В. Маяковский, Л. Леонов, А. Корнейчук, А. Арбузов сыяктуу драматургдардын чыг-лары сов. драма-тургиянын алтын казынасына кирди. Кыргыз ад-тында Д. 20-жылдардан пайда болуп, анын өнүгүшүнө М. То-кобаев, К. Жантөшев, Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов, Т. Аб-думомунов ж. б-лар өз салымдарын кошушту. 2. Д.— трагедия ж-а комедия м-н бирге драматургиянын негизги жанрларынын (түрлөрүнүн) бири. Д., комедия сыяктуу, адамдардын жекече турмушун сүрөттөйт, бирок анын максаты — адамдардын мүнөзүн ж-а кылык-жоругун шылдыңдоо эмес, алардын коом м-н болгон драмалык мамилесин ачуу. Д., трагедия сыяктуу, каармандардын духовный калыптануу процессин же нравалык өзгөрүүлөр үн сүрөттөйт,, бирок анда көрсөтүлгөн мүнөздөрдө трагедиялык каармандарга таандык бөтөнчөлүк жок. Д. курч карама-каршылыктарды ж-а коллизияларды түзүүгө умтулат. Д-нын белгилери античный^ (мис, Евршшдде) ж-а айрыкча Кайра жаралуу доорундагы драматургияда эле болгон. Бирок өзүнчө жанр катары Д. 18-к-да гана калыптанган. Азыркы учурдагы драматургиянын кеңири тараган формасы — реалисттик психологиялык Д.

Ад.:   Белинский В. Г., О драме и театре, Избр. статьи и высказывания, М.—Л., 1948; Аристотель, Об искусстве поэзии, М., 1957; Гегель Г. В. Ф., Драматическая поэзия, Соч., т. 14, М., 1958; В о ль к е н ш т е й н В., Драматургия, М., 1969; Борбугулов М., Пути развития киргизской советской драматургии, Фр., 1958.

от 2020